Тил үйрөтүүдө обондуу ырлар чоң жардам берет

Махамаджан Мадаминов көп жылдан бери  Жалал-Абад облусундагы М.Хакимов – “Дома-Ата” атындагы өзбек орто мектебинде музыка мугалими болуп иштейт. 1993-жылдан тарта облуста алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин, 2008-жылдан тарта мамлекеттик тил гимнин мектептерде үйрөтүү жана үгүттөө иштеринин демилгечиси болуп келет. Төмөндө усулчу мугалимдин мамлекеттик тил гимнин мектептерде окутуу ыкмалары тууралуу пикирине назарыңыздарды бурабыз.

Үч жыл мурун КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын 2006-жылы республика боюнча жандуу ырдоо боюнча сунушталган сөзү Сейит Алтымышовдуку жана музыкасы Бакыт Алишеровго таандык болгон КРнын мамлекеттик тил гимнинин сөзү жана музыкасы жазылган атайын баракчасы колума тийип калган. Ошол күндөн баштап окуу­чуларыма алгачкы ишти гимндин үч куплетинин сөздөрүн алардын аң-сезимине жеткирүү максатында жаттатып, музыкасы менен ырдатып келүүдөмүн. Мектебибиздин педагогикалык жамааты да толугу менен ырдашат.

Райондогу музыка мугалимдеринин секция жетекчиси болгонуман улам мамлекеттик тил гимнин жандуу ырдоо маселесин үгүттөө жана практикалык жактан аларга үйрөтүү иштерин колуман келишинче жүргүзүп жатамын. Сунушталган тил гимнин атайын баракчасынын негизинде, предметтик каналарда илиниши керек болгон өлчөмүндө үч куплети жана төрт такт нотасы менен болгон үлгүсүн, музыка адистигине ыңгайлаштырылган ноталык тексттерин ксерионускада  даярдап, бардык музыка мугалимдерине таркатканмын.

Ошондой эле 2009-жылы облус­тук кыргыз тили комиссиясына облустагы мектептер жана ишканаларга таратуу үчүн тил гимнинин 50 даана нускасын тапшыргам. Өзүм иштеген мектепте болсо бардык предметтин мугалимдери өздөрүнүн эсебинен КРнын мамлекеттик тил гимнинин тактайчасын (планшетин) 2011-жылдын август айында каналарына илишкен. Кыскасы, Жалал-Абад облусунда тил гимнин жандуу ырдоо маселеси эрежелештирилген. Районубуздун мектептеринде болсо бул иштер аягына чыгып калды.

Аталган комиссия 2006-жылы сунуштаган тил гимнинин сөзү, нотасы жазылган баракчалардын негизинде хор тарабынан жандуу ырдалган диск микрокассеталары республикабыз боюнча таратылгандыгына карабастан кээ бир мектеп жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тил гимнин билбегендиктери мени таң калтырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында да мамлекеттик тил гимнин элибизге жайылтууда олуттуу кемчиликтер бар. Себеби тил гимнинин чыкканына алты жыл болсо да тил боюнча адистердин, илимпоздордун катышуусунда атайын берүүлөр боло элек. Тил гимни телерадио берүүлөрдө айтылып, берилип турса сөзсүз элибиздин мамилеси өзгөрөөр эле. Тил гимни уктурулбаганынын натыйжасында мамлекеттик тил боюнча алып барылып жаткан иш-чаралардын таасири жетишсиз болуп жатканы сезилүүдө.

1. Көргөзмөлүү үгүт иштери

КРнын мамлекеттик тил гимнинин сөзү Сейит Алтымышовдуку, музыкасы Бакыт Алишеровго таандык. Бул гимндин төрт такт ноталык жазуусунан кийин үч куплет жана кайырмасы жазылган 1 метр 06х76 өлчөмүндөгү компьютердик же сүрөтчү тарабынан жазылган көркөм көргөзмөлүү тактайча республикадагы бардык мекемелерде, аскердик бөлүктөрдө, мамлекеттик административдик ишканаларда жана окуу жайларда илинип туруусу керек. Ошондой эле тил гимнинин сөзү, нотасы жазылган атайын баракчалар, жылнаамалар даярдалып, өлкөдө соодага чыгарылышы максатка ылайык болот.

2. Үндүү-добушту үгүттөө иштери

Эгемендүүлүк күнүнөн баштап республикалык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу (теле радио, гезит) мамлекеттик тил гимни жарыяланып туруусу зарыл. Ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик тил гимнине арналган жайылтуучу, даңазалоочу көрсөтүүлөр берилип туруусу тийиш.

3. Жандуу-үндүү үгүттөө иштери

2012-жылдын сентябрь айынан баштап бардык ишкана-мекемелерде мамлекеттик тил гимнинин жандуу ырдалышын эрежелештирүү – күндүн орчундуу маселеси.

а) Билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил гимнин жандуу билүү жана ырдоо маселесин чечүү.

б) Мектептерде жандуу ырдоо маселесин музыкалык адистиги боюнча болгон атайын мугалим чечет. Республика боюнча бир топ мектептерде музыка мугалими болсо да, аларга 5-класстан баштап саат беришет. Ал эми башталгыч класстардын музыка сабагы болсо музыкалык аспап каражаттарында ойноону такыр билбеген, вокал-хордук жана теориялык ыкмаларын жакшы өздөштүрбөгөн башталгыч класс мугалимдерине тиричилик үчүн берилет. Алар музыка сабактарын толук өтүшпөстөн ордуна башка предметтерди өтүп келишет. Андыктан музыка сабактары 1-класстан баштап 7-класска чейин толугу менен музыка адистиги бар мугалимге берилиши керек. Ошондо гана мамлекеттик гимн жана тил гимнин үйрөтүлүшү, ырдалышы окуучулар аркылуу алга карай жылат.

Мектептерде кайсыл предмет окутулуп жаткандыгына карабай ар күнү мамлекеттик гимнди жана тил гимнин ырдап туруу керек. Гимндерди ырдаган учурда ыр-доочулар ордунан туруп, оң колду жүрөк үстүнө коюп, чын дили менен эгемен мамлекетибиздин жана тилибиздин кадыр-баркын даңазалап ырдоосу зарыл. Мамлекеттик тилди бат жана сапаттуу алга карай өнүктүрүү үчүн мамлекеттик тил гимнин жандуу түрдө ар бир жаран ырдамайынча тил боюнча иш-чаралардын таасири жетишсиз болот.

Мамлекеттик тил гимнине жазылган сөзү жана музыкасы бири-бирине шайкеш келип, талапка жакшы жооп берет. Тил гимнинин авторлору тилибизди жана байыркы мурастарыбызды жакшы билгендиктен, өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги улуттук сезимдеринин сөзү жана обону аркылуу элибиздин мүдөөсүн чыгармачылык менен чагылдырышкан. Ошондуктан тил гимнинин авторлору да мамлекеттик деңгээлде эмгектери бааланса болмок. Учурдан пайдаланып, мектебибиздин педагогикалык жамааты жана окуучулары тарабынан авторлорго өзүбүздүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жогорудагы тил гимнине болгон сунуштар колго алынып, иш жүзүнө ашырылса, тил гимнибизди көп улуттуу Кыргызстаныбыздын бардык жарандары ырдайт жана үйрөнөт. Ошону менен бирге тил бонча аткарылып жаткан иш-чаралар натыйжалуу болот. Элибиздин тилге болгон атуулдук сезими өсүп-өнүгөт.

Махамаджан Мадаминов,
КРнын билим берүүсүнүн отличниги,
КРнын маданиятынын мыкты кызматкери,
«Кыргыз Туусу», 19.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.