Баскан жолго кылчайып… же Чыңгызды жоктоо

Бир куйруктуу жылдыз жүз жылда бир көрүнөт. Кош куйруктуу жылдыз миң жылда бир көрүнөт. Чыңгыз миң жылда бир көрүнүүчү кош куйруктуу жылдыз эмеспи.

1969-жылдын жай айлары. Отпуска алып диссертация бүтүп калды эле, бүткөн вариантын жазып, коргоо үчүн Академияга тапшырганы Фрунзеге келдим. Илимий жетекчиме дагы бир жолу көрсөтүп, анан машинкага бергем. Өзүм илгерки Байтик баатырдын чарындагы өкмөттүк дачага орношком.

Бир күнү, жаан аябай төгүп жаап турат. Ашканада (стекляшка) жалгыз тамактанып отурсам, Чыңгыз шопуру менен келип, өз орундарына отуруп калды. Чыңгыз койчулардын баш жапкычы бар палатка плащын кийип алыптыр. Чыңгыз Айтматович (анда Төрөкулович дечү эмеспиз), бирге бир столдон даамдашалы деп үч киши биригип тамактанып калдык.

Ал-жай сурашып аңгеме-лешип көп отурдук. Чыңгыз ага: “Мага чет мамлекеттен көптөгөн меймандар келет, аларды тосуп алышка бул ашкананын залы тардык кылат, ошондуктан ушул чардын ичинен өкмөттүн атайын чечими менен дача курайын деп жер бөлдүрүп алдым эле, азыр ошояктан куруучулар менен бир топ иштерибизди бүткөрүп, ошонун камылгасында жүрөм”, – деп түшүндүрдү. Менин келген жайымды сурады эле, максатымды айтып бердим. Изилдеген проблемам кыргыздын каада-салттары десем, ал кыргыздын каада-салттарын кандайча түшүнөт, бир сааттан ашык айтып берди. Чыңгыздын кругозорунун тереңдигине, кеңдигине таңдануу менен ар-бир сөзүн көкүрөгүмө түйдүм. Кечинде таң атканча Чыкенин айткандарын ийне-жибине чейин бир да сөзүн коротпой 25 бетке жазып чыктым. Эртеси жетекчиме Чыңгыз менен жолугушканымды жана анын салтты кандайча түшүнөрүн жазып койгондугумду айтып, жазгандарымды көрсөттүм. Ал: “Чыңгыз деген жазуучу, ал жогорку көркөмдүктө айта берет, ал эми сеники болсо элди тажаткан эле очерк. Чыңгыздыкы жарабайт” десе болобу. Анда эмесе менин жазгандарымды бир сыйра карап чыкчы деп, өзүм бильярд ойногону кетип калдым. Бир мезгилде келсем, ал кызыл карандаш менен менин жазгандарымды сыза бериптир. Бирок “чын эле бир нерсе бар экен, аны сен диссертацияга кошуп койсоң болот” деп, колума жети бетти карматып: “бирок шилтеме жасаба, тияктагы (Академиядагы) “каттакандар” жазуучуга кайрылыптыр деген шылтоо кылбасын, алардыкы журналисттик почерк дешпесин”- деди. Бирок диссертацияма жети бетти кийирдим да Чыңгыз Айтматовго шилтеме жасап койдум. Бул менин Чыңгыз ага менен көзмө-көз биринчи жолугушуум эле. Кийин диссертацияны коргогондо (Улуттук академияда) бул маселе боюнча мага эч кимдер эскертүү деле беришкен жок.

Ал эми Чыңгыз Айтматов ошол эле жылы “Известия” газетасына “Золотые ворота” деген көлөмдүү макаласын жарыялады. Ал макалада жаңы салт, үрп-адат жөнүндө сөз козгоп, кайсы гана шаарга барбагын, аякта деле Фрунзедеги курулуп жаткан тамдар, турак жайлар жасалгасы, архитектурасы, конфигурациясы эч өзгөчөлөнүшпөйт, бир проект боюнча коендой окшош бир-эки гана курулуш болуш керек, ар бир шаардын өзгөчөлөнгөн алтын дарбазасы болсун деп жыйынтыктаптыр.

***
Ошол мезгилде Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасы боюнча кинотасма көрүүчүлөргө тартууланды. Кино сүйүүчүлөр бул тасманы жагымсыз сезим менен кабыл алышты. Айрыкча кыргыздын каада-салттарын изилдөөчү тарыхчылар, философтор, этнографтар бул тасманы эки, үч иреттен көрүшүп, андагы кыргыздын элдик үрп-адаттарга шайкеш келбеген карама-каршы 63 аракетти (эпизодду) таап чыгышты. Мисалы, ал тасмада кыргыз эли деградацияланган, жалкоо, жок болуп бара жаткан байкуш калк катарында көрсөтүлгөн. Анысы аз келгенсип терс каармандардын ролунда, кыргыздын таланттуу актерлору ойноптур. Мисалы калтырап-титиреп, көзүнөн шоросу аккан шордуу, шар аккан сууга барып даарат ушаткан макоо, Манас операсында Толтойдун ролун өлтүрө ойногон ченемсиз таланттуу Карымшаковго аткартып койгон. Ошондогу Карымшаковдун образы, ушул күнгө чейин жадымда сакталуу. Качан кыргыздар аккан сууга даарат ушатчу эле. Же майытты короодогу көңдүн үстүнө койдуруп тегеректетип өкүртүп койгон. Мына ушундай аракеттер адис окумуштууларды эле эмес жөнөкөй калкты жерге түкүрткөн. Ошондуктан киного терс рецензиялар жаады. Карыбыздан жашыбызга чейин эле бул кино тасманы сындап жатып калдык. Көкүрөктө жагымсыз бир тоголок уюду.

Идеологиялык ишкерлердин кошмо бир жыйынында, идеологияны тейлеген секретарларды залда калтырып, Советтер Союзунун Батыш Германияга маданий байланышты түзүү боюнча бара турган биринчи делегациясына бизден бир кишинин кандидатурасын тандап бергиле деп сунуштады. Кимди жиберебиз, силер чечкиле деп Обкомдун секретарлары отургандарга кайрылды. Залдагылар бир добуштан менин кандидатурамды көрсөтүшүп, ошол жерден колго салып бекитишти.

Бир жумача Батыш Германиядагы саясий абал, тарыхы, административдик бөлүнүшү жөнүндө атактуу окумуштуулар лекция окушту. Ансыз деле үйдө жетишерлик убакыт болгондуктан, Батыш Германия жөнүндөгү китептерди алдырып көңүл коюп таанышып баргандыктан, тигилердин лекцияларындагы маалыматтар кошулуп дегендей түшүнүгүм бир топ эле болуп калды.

***
1969-жылдары кансыз согуштун кесепетинен кутулуш керек, башка түзүлүштөгү өлкөлөр менен маданий байланышта эриш-аркак жашоого мезгил жетти деген зирек пикирлер жеңгендей болду. Алыскы чет мамлекеттер менен алака-мамилелер түзүлүп, делегаттар алмашыла баштады. Жалгыз Америка, Англия – деп жүрүп дүйнөнүн жартысын түзгөн СССРден четте калдык, СССР менен мамилелешпей жашай албайбыз деп, бул маселени СССРде туткунда жүргөн немистер көтөрүшкөн экен.

Советтер Союзунун Батыш Германияга биринчи делегациясынын курамында май айы бүт Батыш Германияны кыдырып, кооз жайлары, тарыхый эстеликтери, жогорку окуу жайлары менен таанышып жүрдүк. Биринчи биз токтогон Келн шаары болду, биз “Регент” деген отелде жайгаштык. Ал Карл Маркс штрассе 19 деген көчөдө экен. Мында эскере турган бир нерсе, Карл Марксты келишпес идеялык душманы катарында жек көрүшсө да аны философ эмес (философ деп Гегелди, Кантты эсептешет) тарыхчы катарында баалашып ысмын даңгыраган чоң көчөгө ыйгарышкан, ал тургай Маркс окуган университетте анын студенттик столу сакталганын айтып беришти. Заматта, бизде Улуу Октябрь көңтөрүшү болгондо, чыныгы пролетардык маданиятты курабыз деген шылтоо менен нечен тарыхый мурас болгон, көркөм маданият, теңдешсиз, баасы жок чиркөөлөр, мечиттер талкаланып, талоонго учураган. Падышалардын кутуна – статуяларын сүйрөп жыгып, падыша айым Елизавета IIнин мрамордон чегилген кутуна шедеврлери талкаланып тыптыйпыл болгону дароо эске кылт этет. Ал эмес Л.Толстойдун китептерин, жазгандарын, ал граф болбоду беле, өрттөп жок кылыш керек деп чамынып чыгышкан. Театрларда “Жоголсун уят” (“Долой стыд”), башын өйдө көтөрө албаган күнкорлуктан арылыш керек деп эркек менен аялдын жалгашканын кадыресе көрсөтүп калышканын эстейсиң. Биякта болсо Ленин жашаган Мюнхендеги квартирасындагы мемориал тактасы тазаланып, кароодо сакталып калганын айтпайсыңбы.

Нюрнберг шаарына барганда (Фашисттик төбөлдөрдү – эл аралык сот процессине катышкан Советтер Союзунун журналисттери, жазуучулар, сүрөтчүлөр токтогон мейманканага (отелге) жайгашып калдык. Отелдин кире бериш оң тарабында эстелик тактасы илинип турат. Ал отел “Элдик сот үйүнүн” (Дом народных судей) оропарасында жайгашкан. Дүйнөгө Гитлерди, фашизмди берген немис калкы Дюрер, Гегель, Гейне, Бетховен ж.б. улуу генийлерди берди. Дюрердин картиналарынын музейи Мюнхенде өзүнчө бир ажайып имаратты жана аймакты ээлейт. Дюрердин туулган жана жаштыгы өткөн үй Нюрнбергде, “Элдик сот үйүнөн” көп алыс эмес, секиче жерде жайгашкан. Күнөөкөрлөрдүн башын кыя чапчу балохончон палач – желдет ошол үйдөн өзүнчө көпүрө коридор менен элдик соттун короосуна түшчү экен, өз милдетин аткаргандан кийин кайра ошол коридор аркылуу көтөрүлүп кетчү. Лантагдын депутаттары менен жолугушуу уюштурулду. Ыңгайсыз суроолорду берип мен өтө эле активдүүлүгүмдү көрсөтүп жиберсем керек, менин бет маңдайымда отурган депутаттар “улутуң ким?” деп суроо салды эле, мен: “кыргызмын” деп жооп бердим. Алар жалпы жонубуздан эле: “Руссиш” деп коюшат экен. Ошондой дагы улут барбы деп тигилер кайра менден сурашат. – Чыңгыз Айтматовду билесиңерби? деп сурасам: – Ооба, билебиз, жакшы билебиз, 1968-жылы Мюнхендеги өткөн эл аралык кинофестивалында “Большой хрустальный пальмовый ветвь” баш байгесин жеңип кетти дешет. “Мына ошол Чыңгыз Айтматов – өзү кыргыз, мен дагы кыргызмын”- деп сыймыктануу менен жооп бердим. Андан башка мамлекеттерде болгондо деле Чыңгызды айтмайынча кыргыз деген улутту түшүндүрө алганым жок. Чыңгыздын ким экенин, анын салмагын, ырааккы чет мамлекеттерде кеңири тараган жана дүнүйөгө белгилүү улуу инсан экенине көзүң жетет. Чын-чынына келгенде, алыскы чет өлкөлөргө кыргызды Чыңгыз эле таанытпадыбы. Мындай жолугушуулардан кийин Чыңгыз жөнүндө сын сөз айтканым өтө ылайыксыз экенин жакшы түшүндүм. Экинчи ооз ачпай калдым, жолдошторум менен аңгеме-дүкөн куруп калганыбызда, Чыңгыздын атына чаң жугузмак турсун, кайра аны пропагандалап калдым. Ошол барышта маданий байланышка жол ачылды. Кансыз согуштун кесепетинен арылууга жол ачылды. Москвага келгенибизде ар-бирибиз өз алдынча отчет жаздык. Айрымдары бир-эки күндө эле, эки-үч барак жазып тапшырып коюп жөнөп кетишти. Мен алты күн бою тыкандык менен түшкү тыныгуусуз жаздым, сунуштарым эле 20 бетке толду.

Арадан отуз жылча убакыт өткөндө Чыңгыз ага катуу ооруп калганда аны Нюрнберг шаарына, белгилүү дарыгердин көзөмөлүнө жеткиришти. Оорусу жөнүкпөй калганда жакын туушкандарын, бала-чакасын, ошол качандыр бир мезгилде, СССРдин делегациясы токтогон отелге жайгаштырышты. Сыналгы аркылуу Чыңгыздын ал-абалын көрсөтүп турганда, кадимкидей биз жүргөн жерлер эске түшүп турду. Дүнүйө эли менен бирге мен да, 8-июнда өз үйүмдө Чыңгызды жоктоп турдум. Бишкекте филармониянын чоң залында, Чыңгызды акыркы сапарга узатуу аземинде, илгери партиялык кызматта бирге иштешкен жолдошум Сагындыков менен ардактуу күзөттө турдук. Бул менин Чыңгыз менен үчүнчү, акыркы жолу жолугушуум элем.

Чыңгыз миң жылда бир көрүнчү кош куйруктуу жылдыздай жарк этип учуп кетти. Жылдыздын өчпөй турган миң жылдык изи калды.

Бирлик Солтонбеков, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.