Мухтар Шаханов: “Космополитизм – кыргыз, казактын шору”

Ноябрь айынын башында кыргыз эл акыны, коомдук ишмер Мухтар Шаханов Бишкек шаарында болду. Заман жөнүндө ой жүгүрткөн адам катары сыр чечишип маектешкен элек. Эмесе ошол дилмаекти сиздерге сунуштоону эп көрдүк.

Мухтар: Бул кез казак үчүн да кыргыз эли үчүн да өтө маанилүү учур. Мунун да жөндүү себеби бар, айталык казак калкынын алтымыш пайызга жакыны космополитке айланып кетти. Алар өз тилинде окуп да жаза да алышпайт. Ар кимдин ата-бабасы бар. Дал ошол ата-жотодон келе жаткан, көзгө көрүнбөгөн өзүнчө байланыш болот. Кимде-ким эне тилинде ойлогонду, сүйлөгөндү токтоткон кезинде бабадан келе жаткан байланыш чорт үзүлөт. Натыйжада, ошол адамдын тагдырына доо кетет экен. Мына биздин казакта не деген керемет адамдар болушту. Аларды атай кетсем, Мухтар Ауэзов, Сабит Муканов, Габит Мусирепов, Габиден Мустафин, Ильяс Есенберлиндер сыяктуу калем чеберлери. Мына ушул чыгаан адамдарыбыз ушул маселеге да жеткилең баа берише албады жана түшүнө алышпады. Ушул себептен балдарына баштан-аяк орусча тарбия беришти. Бул учурга булардын дээңгээли башка жолго түшө албай калышты. Мисалы, алар бул учурда аталары, чоң аталарына куран окутушпайт. Жогоруда мен сөзгө алган эне тилинде сүйлөбөө менен ойлонбогондуктун эң чоң кесепетин көп адамдар али түшүнө алыша элек. Аны түшүндүрүүгө жогоруда аттары аталган жазуучулардын да чама-чаркы жетпеди. Мына ушул учурда эне тилинде сүйлөбөө менен ойлобоонун чоң кесепети бар экенине байланыштуу бир жагдайга назар таштайлы. Казактын тээ көп кылымдардан келе жаткан тарыхында өз эне тилине, өз улутуна каршы чыккан казактар болушкан. Дал ошолордун баарынын кийинки тагдыры чоң кайгы менен бүткөн. Көрсө андай адамдарды кудайдын өзү катыгын берет экен. Куран Каримде улут да, анын эне тили да Кудайдын кудурети менен жаралганы айтылат. Бул учурда кимде ким улутка, тилге каршы болсо ал кудайга каршы деп айтсак болот. Андай адамдар эртедир-кечтир жазасын албай койбойт экен. Муну көп жолу далилдесек болот.

Кезинде казактын Алибий Жангелдин деген революционери болгон. Ал казактын тилине, рухуна, улуттук сый-урматка каршы чыккан. Ал өзү христян динине өтүп аны менен эле кошо фамилиясын да Степанов деп алган. Ушул адамдын тагдыры кийин чоң кайгы менен аяктады. Ошондон соң казактардын эле ичинен улутка, тилге каршы чыгышкан адамдар болушту. Алардын баардыгынын тагдыры оор кайгы менен аяктады. Эгер кимде ким өзүнүн улутун, тилин урматтабаса аларды милдеттүү түрдө кудай жазалайт экен. Мына ушуга биздин көзүбүз толук жетти. Ошондой эле кыргыздардын ичинен да эне тилине, рух дүйнөсүнө кайдыгер карашкандар да кыйла арбын. Ал гана турсун кыргыз тилине каршы чыгышкандар да бар.

О. Тенти: Муну эң тура айтасыз. Мына ушу эне тилин чаңганы, танганы үчүн кыргыз мамлекетинин эки президенти тактыдан кулатылды. Мен бул оюмду тереңдетип отурбайын, анын ал жайын менден кем билбейсиз. Бул оору казктардын эле оорусу эмес, өзүңүзгө белгилүү дүйнөдө “Манас” сындуу теңдешсиз чыгарма менен Айтматов сыяктуу улуу уулду берген кыргыздын тилинин тагдыры жыргап кетти деп айтууга оозум барбайт. Жогоруда өзүңүз космополитизм оорусунан айыкмак турсун тереңдеп бара жатабыз. Бул чындык, “ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” деген кыргыз сөзүн жакшы билесиз го?

Ш. Мухтар: Азыркы учурда демократтардан баш адашат. Мисалы, Казакстанда канчалаган партиялар менен демократиялык уюмдар бар, ошолордун дээрлик көпчүлүгү орусташып кетишкендер. Ошондой топтор кыргыздарда жетишээрлик бар. Ошондуктан кимде ким, ал канчалык даражадагы адам болсун, канча даражада демократ болсун эгер ал өзүн, азыр келечекке карай бет алган кыргыз тилине, улуттук рухуна жаны ачып аны коргоп, болушуп турбаса алардын баардыгы демократ эмес ага каршы деп айтаар элем. Ушул себептен мен алдыма төмөнкүдөй максат койдум. Күндөрдүн биринде бир жигит ырын алып келип калды. Карап окуп, баамымды чуркатсам жазгандары жакшы. Ырлары махабат, достук сыяктуу темеларга арналган экен. Кыскасы көңүлгө толду. Мен ара-чолодо ошол жигитке төмөнкүдөй суроо узаттым:

– Айланайын иним, казак элин билесиңби? Бул жөнүндө түшүнүгүң кандай? -десем:

– Мен саясатка байланышпайм, -деди. Анын бул жообунан соң жигитке:

– Анда сенин акындыгыңан калкка бир тыйын пайда жок. Эгер сен улутуңдун бул күндөгү көйгөлөрүнө кабатыр болбосоң, өзүң акынмын деп ыр жазып жатып жоюлуу коркунучунда турган тилиңе күйүп-бышпасаң акындыгындын бир тыйын да кереги жок. Негизинен саясаттан алысмын дешкендердин көпчүлүгү, өз улутуна күйбөгөн адамдар. Ушул себептен ким кандай партияда, ким кандай уюмдашууда болсун ал милдеттүү түрдө кыргыз тилинин, кыргыз улутунун бул күндөрдөгү чоң-чоң көйгөлөрүн чечүү иштерине барбаса анын акындыгынын да, жазуучулугунун да, эң мыкты ишмердигинин да тырмактай пайдасы жок. Ушул себептен улутка, элине жанын кейитпеген демократтын болгонунан болбогону артык.

О. Тенти: Сиз жогоруда Ч. Айтматовдун тили менен айтканда казактардын 60 пайыздан ашыгы маңкурт жагына айланып бара жатат деп айдан ачык, күндөн жарык билдирдиңиз. Бул оору бизде, кыргызда да андан ашса ашык кем эмес экендигин да жаап-жашырбай белгилеп өттүңүз. Деги ушул оорудан кутулуунун жолу барбы, же деги эле мүмкүн болбой бара жатабы? Айталык баарыбыз эле балдарыбызды орус мектептерден окутчу болдук. Менимче, негизги оорунун, кеселдин башаты ушунда келип жатат деген ойго канчалык даражада кошулаар элеңиз?

Ш. Мухтар: Бул оюңузга кошулбай коюуга болбойт, бүгүнкү күндө Казакстандагы бийлик башында негизинен казактар. Ошол казактардын 70-80 пайызы айрым жерлерде 90 пайызы космополит казактар. Демек, өзүнүн эне тилине күйбөйт, өз эне тилине кайдыгер. Бирок калган казактарга бийлик жүргүзүп келишет. Кыргызстанда да дал ошонун эле өзү. Бийликте отурушкандардын көпчүлүгү эне тилине үстүртөн мамиле кылышат. Мына ушунун өзү улуттук трагедиябыз деп гана бааласак болот. Канча жылдар совет доорунда орусташтыруу саясаты жүрдү. Ошол эле учурда тоталитардык бийлик өз бийлигин жасады. Азыр биз эгемен мамлекеттенбиз го? Ушундай шарт өзүнөн-өзү түзүлүп тургандан кийин эмне себептен улуттук тилибизди, улуттук рухубузду ордуна койбой келебиз? Мына ушуга кедергисин тийгизип жатышкандар башка улуттардын өкүлдөрү эмес, өзүбүздүн ичибизден чыгышкан космополиттер. Ал эми космополитизм деген эмне? Ал – аалам азаматы деген ойду туюндурат. Ал аалам азаматы кайдан чыкты? Мен ушул казактарды төрт түргө бөлөм. Биринчи топ өзүнүн элдик, улуттук мүдөөсүнө тамырын терең жибергендер. Булар өзүнүн тилине, рух байлыктырына чоң урмат менен карашкан адамдар. Бирок бийлик буларды душмандары катарында көрөт, экинчи топтогулардын жарымы казак, жарымы орус. Андай казактар эне тилин жакшы билишпейт, бирок бийлик тарабынан дурус көз караш болсо өзүнүн улуттук мүдөөсүнө бурула тургандар. Ал эми тескерисинче көз караш болсо анда ары орус болуп кете берет. Ал эми үчүнчү топ башынан багелегине чейин орус болуп калышкандар. Бул өтө кооптуу топ, алардын өң келбети гана казактар же өң-келбети гана кыргыздар! Булар жогоруда белгилегендей өтө кооптуу болгондуктан аларды казак же кыргызга буруу өтө кыйын иш. Жедеп кан-жаны менен берилип космополиттиктин чегине жетишкендер. Эми төртүнчү топтогулар казакча да, орусча да сайрап турушкандар. Булар өзүнүн улутун өзгөлөргө жыгып берүү, курман чалуу аркылуу аброй чогултушкандар. Мына мен азыркы учурда казак калкынын жарандарын төрткө болдум. Мына ушул сыяктуу көйгөй силерде да бар.

О. Тенти: Мен айтаар элем, эч кандай айырмасы жок. Ал гана турсун дагы бир аз тереңирээк го деп айтсам да болот.

Ш. Муктар: Айырма жок. Ошондуктан азыркы учурда өз улутуна бурулбаган адамдардын баардыгынан коркуубуз керек. Эгер алар демократ болушса, бийлик башына барышса ого бетер кооптуулукту туудурушу мүмкүн. Ушул себептен мүмкүнчүлүктүн болушунча өз улутунун көйгөйүнө, ар-намысына, рух дөөлөтүнө карай буруу керек.

О. Тенти: Мука, мына сиз менен болгонума эки-үч саатча өтүп калды. Мүмкүн буга чейин деле байкаган чыгарсыз, борборубуз дагы көрнөк-жарнактардын баардыгы эки тилде, орус, кыргыз тилдеринде жазылып турат. Мисалы: нан-хлеб, магазин-дүкөн деген жазууларды окуган сайын бир чети күлүп бул эмне кыргызча-орусча сөздүкпү деген ойго кетем. Биз өзүңүз сөз кылгандай Кыргыз Республикасы деген эгемен мамлекет, БУУнун мүчөсүбүз. Биз эмнеден коркуп, эмнеге минтип жагынуучулуктан башыбыз арылбай келгендигине таңым бар. Казак менен кыргызга караганда мен билгенден бул жагынаң өзбектер кыйла алдыга кетти. Алар миллионго жакын кыргызды да өзбек кылып жазып алышканынан азыноолак маалыматым бар. Мына ушул суроону да тереңдете кетсеңиз?

Ш. Мухтар: Сиз эң туура айтасыз, казак менен кыргыздарга караганда өзүлөрүнүн улуттук мүдөөлөрүн сактоо жагынан өзбектер алга чыгышты. Муну моюнга албай коюуга аргабыз жок. Өзбекстанда тек гана өзбек тили салтанат курат. Мисалы, Россияда кимде ким мамлекеттик тилде сүйлөбөсө кызматка алынбайт. Ал гана турсун үй-кызматчылыгына да орношо албайт. Ал эми Казакстан менен Кыргызстанда болсо мамлекеттик тилди билбесе да жогорулап чоң-чоң кызматтарга көтөрүлө берет. Ушул жагынан Казакстандын да, Кыргызстандын да жагдайы төмөн. Бул жагынан башка элдерге караганда космополитке көбүрөөк ооп кетүүдөбүз.

О. Тенти: Бул эмне себептен деген ойдосуз?

Ш. Мухтар: Мисалы, тамыры жок даракты кой, кичинекей чөптү да айта алабызбы? Бардык тириликтин тамыры бар, ошондой эле адамдарда да көзгө көрүнбөй турган тамырлар аркылуу жалгашкан. Ушул себептен ар ким өзүнүн тамырын унутпоосу керек. Демек, дагы-дагы айткым келет, өз тилинде сүйлөбөө, өз тилинде ойлобоонун өзү тамырды үзүлгөнгө, тамырсыздыкка барабар. Мисалы, жапондордо мына мындай жагдай өкүм сүрөт. Бала он эки жашка чыккыча тек гана эне тилинде тарбияланат. Он үч жашка чыккандан кийин гана башка тилдерди үйрөнүү башталат. Ал эми Казакстанда эки жашар балага үч тилди үйрөтүү аракетин көрүп казак, орус жана англис тилдери. Мында эки жашар баланын мээси айлангандан башка пайда берери чоң күмөн. Мына ушунун өзү космополитикке түздөн-түз жасалган кадам. Ушунун өзү педагогиканын эч кандай мыйзамына тура келбеген зордук гана!

Мына ушул жөнүндө айтып да жазып да келүүдөбүз. Бирок булардын баары кулагынын сыртынан гана кетүүдө. Дал ушундай саясат сиздерде да кеңири кулач жаюуда. Ошондуктан казак менен кыргыз башка улуттарга караганда кудукка карай тереңдеп баруудабыз. Ушундан улам казак менен кыргыздардын чоң тобу космополитке айланып кетип космополит башчылар көбөйүштү. Демек , коомубуздун ар бир тармагында иш жүргүзүп келишкен бийлик адамдары бар, дал ошолор жумурай-журтка дал ушундай саясат жүргүзүп келишүүдө. Ошондуктан азыркы кездеги эң биринчи жана башкы маселе өз улутунун тили менен рухуна терендеп тамырлабаса жана ага күйүп-бышпаса андай адамдар мыкты уул-кыздар, ошол улуттун өкүлдөрү эмес саткындар деп гана атообуз керек.

О. Тенти: Мука, сиздин эң сонун сөзүңүздөн улам, оюңузду бекемдей турган бир мисал келтирейин. Кыргызда Кусейин Карасаев деген тилчи окумуштууну сиз да жакшы билесиз. Ошол киши менен маегимдин биринде Кусейин атанын мындайча айтканы бар.

– Мени атам тилчи кылган. Көрсө эки-үч жашыман болбосо да беш- алты жашыман баштап кай жакка мейманга барса кошо ээрчитип жүрүптүр. “Мына бул сөздү, мына бул кепти ук, мындай отуруп баланча кишинин айткан-дегендерине кулак сал,” -деп кайда жүрсө ээрчитип жүрүп 15-17 жашыма чейин бышырып салыптыр. Менин кыргыз тил боюнча устатым университеттин мугалими эмес, өз атам болуптур, -деп айткан эң сонун эстеп отурам. Мына бул сыяктуу турмуштук окуяларды илгери көп жерден кезиктирээр элек. Деги эле жогоруда өзүңүз айткан үч тилди кантип өздөштүрөт? Бул жагын алганда мүмкүнчүлүк деле жок да!?

Ш. Мухтар: Казакстандагы бийлик башындагылардын бир да бири уулун, кызын ал гана турсун небересин казак тилиндеги бала бакчаларга беришпейт. Ошондой эле казак тилдүү мектепке да беришпейт. Өткөн жылы бийлик иш кагаздарын казак тилине өткөрмөкчү болду. Болгондо да чукул убактын ичинде жүзөгө ашырышмакчы. Бул ишке мен баш болуп каршы чыктык. Ал гана турсун бул ишке байланыштуу ачкачылык жарыяламакчы болдук. Менин ушундай демилгемди акындар, жазуучулар жана башка тармактын өкүлдөрү колдошту. Натыйжада, баш-аягы төрт миң адам бизге кошулуп ачкачылык жарыялоого чыгышмак. Бул иш бийликтин үрөйүн учуруп, натыйжада биз жеңишке жеттик. Ушинтип эл биримдиги деген доктринадан Казакстандык улут дегенди толугу менен алдырып салдык. Акырында Казакстандын ар бир атуулу милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүсү керек дегенди киргиздик. Буга менимче президенттин өзү да колун койду. Ошондой болсо да аны башка жагынан айландырып ушуга да каршылык көрсөтүп жатышкан күчтөр четтен чыкты. Алар кимдер деген суроо туулушу мүмкүн? Алар деле болсо ошол эле президенттин айланасындагылардын көпчүлүгү элдик, улуттук ушул сыяктуу көйгөйгө каршы жумуш жасап жатышкандар. Бул күндөрдө мен Казакстандагы демократиялык козголоңду жетектейм. Бул козголушка элүүдөн ашык коомдук уюмдар, партиялар киришет. Ошол козголуш аркылуу биз Казакстандагы көп маселелерге түздөн-түз каршылык көрсөтүп жатабыз. Ушунун өзү бизге да пайдалуу. Эгер мен унчукпай койсом, өзүмө көп эле жакшылык болоорун билем. Бирок, антип отура берсек биз анда улутту, улут байлыгы тилди кантип сактап калабыз? Ушунун өзү андан башка да көптөгөн көгөйлөргө жол ачкан болобуз. Биз бүгүн ушундай суроолордун терегинде байланышып келүүдөбүз.

О. Тенти: Кыргызстанда беш жылда эки төңкөрүш болуп өттү. Мунун таасири албетте сиздерде жок эмес. Ушуга карата деги эле жеке атуулдарбы, жазуучулар болобу кандай абалда, кандай көз карашта?

Ш. Мухтар: Кудайга шүгүр, Кыргызстанда чындык дешкен адамдар бар. Мен бүтүндөй калкты экиге болуп карайм, биринчиси чындыкты жоготушпагандар, экинчиси чындыкты жоготушкандар деп. Ал эми Казакстанга кайрадан кайрыла турган болсом, элдин көпчүлүгү материалдык байлыктын артынан түшүп кетти, карын мүдөөсүнө ооп кетишти. Бул жагына келгенде мен кыргыз калкына, чындык үчүн болгон күрөшүнө чоң урмат менен караймын. Бирок, дагы да кайталып айткым келет, демократиялык күчтөрдүн баардыгы кыргыз улутунун мүдөөсүн жана кыргыз тилин биринчи орунга коюшу керек. Мунун жөндүү себеби азыркы учурда кыргыз тилинин абалы өтө оор. Анткени ушул мүүдөгө аралашып келе жаткан адамдардын биримин. Баардыгына белгилүү Кыргыз Республикасынын эл акынымын. Ушул себептен кыргыз тилине өзгөчө урмат менен карайм. Эгер биз кыргыз тилин ордуна коё албасак, кайра ордуна алып келүү өтө кыйын. Ушул себептен, азыркы учурдагы бирден бир башкы маселе кыргыз элинин рухун сактап калуу -зарылдын зарылы. Демек, аны менен катар кыргыз тилин сактап калуу керек. Ушундан улам баардык демократтык күчтөр ушунун айланасында топтолуу жана кызмат кылуулары шарт. Керек болсо материалдык (кекиртек, дүйнө) байлыктарын экинчи, үчүнчү эле эмес отузунчу, кыркынчы катарга артка сүрүшүбүз керек?! Карын мүдөөсүн бул күндөрдө биринчи катарга чыгарышыбыз бул катанын катасы. Эртедир- кечтир буга биз жооп берерибизди ойлошубуз керек. Мындан бир нече жыл илгээри Чыңгыз Айтматов экөөбүз Джорж Сорос менен жолукканбыз. Ошондо үчөөбүздүн ортобузда ушул туурасында чоң-чоң пикирлешүү болгон. Бул кезде байлар көбөйдү. Бул күндөрдө Казакстандын баардык байлыгын 30-40 адам бөлүп алышты. Кыргызстанда да ушуга жакын күч өз ишин жасап жатат. Ооба, капитализм өзүнүн кыйшык жактарын ушинтип көрсөтүп жатат. Бул жөнүндө ойлонууга туура келет.

Мен орустун улуу окумуштуусу, Нобель сыйлыгынын ээси Андрей Сахаров менен көп-көп сырдашкан адаммын. Ал Желтоксон көтөрүлүшү жөнүндө менин жазган чыгармаларыма чоң баа берген адам. Ошол Сахаров менен маектерибиздин биринде ал: “Биз капитализмдин жакшы жактарын пайдаланалы жана социализмдин да баалуу жактарын иштеп чыгалы” -деген. Бирок Сахаровдун бул сыяктуу сөзүн ал кезде күлкүгө айландырышып, чогулган депутаттар жерди тээп каршылык көрсөтүшкөн эле. Бул да болсо атайын тапшырма менен уюштурулган нерсенин бири болгон. Ошондуктан Сахаровдун мындай пикири бул күндө өзүнүн күчүнөн тайган жок. Сөзсүз социализмдин да, капитализмдин да жакшы жактарын алуубуз керек! Мисалы, социлизмде калкты бекер окутуу, бекер медициналык жардамдар көрсөтүү сыяктуу толгон- токой жакшы жактарын ким тана алат!? Ал эми капитализмде да пайдаланчу жактары жок эмес. Ушуларды алып мамлекеттик жаңы ыңгайга көчүү керек. Бул күндөрдө биз кечирип жаткан капиталисттик багытыбыз көп-көп көйгөйлөрдү жаратууда.

Тенти Орокчиев, «Кыргыз-руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.