“Алыкулдун ак боз аты” жайдак турат

Залкар акын Алыкул Осмоновдун дүйнө салганына алтымыш жыл толду.

Анын талантын кадырлаган акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана окурмандар Алыкул акындан Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейит башына, киндик каны тамган Каптал-Арыктагы адабий музейине барып эскеришти.

Улуу акынга таазим
Чүй өрөөнү аркылуу күн батышты карай кеткен кан жолдун 75-чакырымында жайгашкан Каптал-Арык айылынын кире беришинин оң тарабында кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун музейи жайгашкан. Биз жекшемби күнү ал жерге барганыбызда айылдын тургундары, мектеп окуучулары майрамдагыдай кийинишип, жайдары тосуп алышты.

Окуучулар кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун ырларын жатка айтышып, акынга арнап өздөрү чыгарышкан ырларын да окуп беришти.

Чалдовар айылындагы №3 орто мектептин 7-классынын окуучусу Бегайым Асаналиева «Акын атама таазим» деген ырын туу туткан акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракесине арнап чыгарыптыр.
-Өлкөбүздө акындар көп чыгаан, чыгаан,
Арасында Алыкулдай алп акын бар.
Аз жашады,көп ырларды жазып кетти,
Унутулбайт, эл журту бар эстеп тураар.

Туулуп өскөн айылы Каптал-Арык,
Таазим кылам музейине кээде барып.
Далай-далай ырларды жазмак эле,
Албаганда шум ажал ичи тарып.

Акын ата унутулбайт эмгегиң,
Жүрөгүңдө Ата Журтту мээримдедиң.
«Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт»,-деп,
Желбиреттиң кыргызымдын сен желегин.

Өзүң жоксуң, ырларың бар артыңда,
Түбөлүккө калат сенин элесиң.
Жаткан жериң жайлуу болсун акын ата,
Жаштарга сен осуятсың керексиң.

Музейде Алыкул Осмоновдун бала кезиндеги жана өткөн доордун 40-50-жылдары кыргыздын атагын алыска чыгарган адамдар менен чогуу түшкөн сейрек сүрөттөрү, кол жазмалары, алгачкы чыгармалары, китептери, жазган каттары, колдонгон буюмдары коюлган.

Кыргыз маданиятына, адабиятына зор эмгек сиңирген адамдардын катарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, СССРдин эл артисттери Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу таланттардын да сүрөттөрү коюлган.

Панфилов районуна Алыкул Осмоновдун наамы берилеби?
Улуу акындын өмүр баянын, чыгармачылыгын камтыган айыл жеринде жайгашкан сейрек экспонаттарга бай бул музей оңдоп-түзөө иштерине муктаж экендигин, Алыкул Осмоновдун жээни, Музейдин директору Даражан Сыдыгалиева белгиледи.
-Экспонаттарды жыйноо иштери кыйын болуп турат. Себеби ошол маалдагы буюмдарды издөө, акындын ошол убактагы кол жазмаларын издөө жагы кыйынчылык туудурууда. Ошондой эле Алыкулду жакшы билген, анын өмүрүндөгү бизге белгисиз жактарын көргөн-уккан адамдарды издөө, алардан маалымат алуу жагынан да аксап турабыз.

Каптал-Арыктагы Алыкул Осмоновдун музейи акындын 75-жылдык мааракесине карата 1990-жылы ачылган.

Орто-Арык айылынан ардагер Кадырбек Жумагулов музейде жалаң эле акындын чыгармалары, сүрөттөрү эле эмес, ал жашап өткөн доордун, замандаштарынын да таржымалы камтылып, келечек муундарга мурас болуп калаарын айтты.
– Бул музей биз үчүн, карыялар үчүн эмес, бизден кийинки муундар үчүн, балдарыбыз үчүн из болуп калышы керек.

12-декабрда каза болгондугуна байланыштуу Каптал-Арыктагы музейде Алыкул Осмоновду эскерүү иш-чарасына катышкандар, анын 95 жылдык мааракеси быйыл мамлекеттик деңгээлде белгиленбей калганын белгилешип, беш жылдан кийин 100 жылдыгын өткөрүү керек деген чечимге келишти.

Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй музейи да оңдоп түзөө иштерине, экспонаттарга муктаж экендигин билдирген “Алыкул” корунун жетекчиси Памирбек Казыбаев музейге мэрия, маданият министрлиги тарабынан көңүл бурбай келатканын белгиледи.

Коомдук ишмер Айылчы Сарыбаев болсо музейди оңдоп-түзөө, Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү маселесин мамлекетке таңуулай бербей коомчулукка коюп, элдин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен өткөрүү керектигин, уюштуруу иштерин базар шартына ылайык жүргүзүү керектигин айтты.
– Бул иш чараны өткөрүү үчүн мамлекеттен акча бер деп доолаган болбойт. Бул жерде Алыкулдун чыгармаларын сүйгөндөр, ошонун ышкыбоздору өздөрү уюштуруп, демөөрчүлөрдү тартуу зарыл.

Каптал-Арык айылынан ардагер Кеңешбек Көкөев өткөн жума күнү (10-декабрь) Панфилов райондук кеңешинин депутаттары районго улуу акын Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алганын, жакында бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке кайрылышарын билдирди.
– Эгемендүү болгондон кийин эми иш башташ керек да. Кудай урган турбайбы, мына Вознисеновка, Алексеевка, Ново Николаевка, Петровка, Ивановка, Семеновка деп эле ушинтип жүрө беребизби. Булар ким бизге. А өзүбүздүн алп акындарыбыздын аты-жөнү унутулуп баратат.

Маалыматтарга караганда, азыркы Панфилов району Совет бийлиги орногондон кийин Оңол Байыр, андан кийин Ойрон району болуп түзүлгөн. Улуу Ата мекендик согуштун жеңишине байланыштуу 1945-жылы районго Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор И.В. Панфиловдун ысымы берилген.

Ардагер Кеңешбек Көкөев ошондой эле тегеректеги айылдар эле эмес, Жайыл районунда үйлөнгөн жаштар, алыстан келген коноктор Каптал-Арыктагы Алыкул Осмоновдун музейине келишип, эстелигине таазим кылышып гүл чамбар коюп турушарын, музей аймактагы бирден бир маданий борборго айланганын кошумчалады.

“Жолборс терисин жамынган баатыр” кайра басылат
Улуу акындын 95 жылдык мааркесин өткөрүү боюнча демилгелүү топтун жетекчиси, белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын айтымында, 28-декабрда Улуттук филармонияда Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааркесин өткөрүүгө камылга көрүлүп, жакында “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастаны китеп болуп чыгат.

Кыргыз адабиятынын классиги, улуу акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ымыракай кезинде ата-энесинен ажырап, томолой жетим калып, беш жашынан баштап Пишпектеги жана Токмоктогу балдар үйүндө (1920-1929) тарбияланган.

1929-жылы Фрунзе педтехникумуна окууга кирип, бирок ден-соолугуна байланыштуу окуусун улантууга мүмкүнүчүлүгү болбой “Чабуул” журналы менен “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында иштейт. Анын алгачкы “Таңдагы ырлар” деген чыгармалар жыйнагы 1935-жылы китеп болуп басылган.

Алыкул Осмонов грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын, А.С.Пушкиндин ыр менен жазылган “Евгений Онегин” романын, ырларын, жомокторун, В.Шекспирдин “Отелло”, “Он экинчи түн” драмаларын, Крыловдун тамсилдерин жана башка көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон таланттуу котормочу да болгон.

Анын 1945-жылы басмадан чыккан “Махабат” жыйнагы жана өмүрүнүн акыркы беш жылында жарык көргөн төрт ырлар жыйнагы чыгармачылыгынын эң урунттуу учуру катары эсептелип, кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн делип жогору баа берилип келет.

Алыкул Осмонов кургак учук дартына чалдыгып, узак мезгил оору менен алп урушуп, деми токтоп калганча калемин колдон түшүрбөй, 35 жаш курагында, 1935-жылы 12-декабрда жарык дүйнө менен коштошуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 13.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.