“Ала-Тоонун кулундары жабырап,/Ала калбай болсун баары лауреат” (Акбар Рыскулов)

Жолборс жылы жоболоңдуу башталганы менен аягында айрыкча маданият тармагынын маңдай тери бааланбай жүргөн адистери үчүн ийгиликтүү бүткөнсүдү. Чындыгында өткөн жылдын соңунда мамлекеттик сыйлык берүү жөрөлгөсү буга чейинкиден өзгөчө нукта өтүп, аркы жээк менен берки жээк аралашып, өмүр бою бийликке оппозиция болуп келген, дагы деле сатып алганга болбой турган принципиалдуу журналисттер, кошомат кылганды билбегени үчүн буга чейин эмгеги бааланбай келген сахна ээлеринин көпчүлүгү мамлекеттин сыйына арзыды.

Эсептей келсек, 2010-жылда маданият тармагынан эл акыны, эл артисти наамын алгандар он жети киши болсо, беш адам эмгек сиңирген артист, отуз беш адам маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Элүүгө жакын атуул КР Ардак громатасына татыктуу болгон. (Сыйлык берүү тартиби боюнча алгач КР Ардак грамотасын, андан туура беш жыл өткөн соң эмгек сиңирген ишмер же эмгек сиңирген артистигин алып, дагы беш жылдан соң гана эл акыны, эл жазуучусу, эл артистигин аласың.) Мындан сырткары, “Даңк” медалынын, “Манас” орденинин ээси болгондор да бар. Башка тармактын адистери да эмгегине жараша өз сыйлыгын алганын кошсок, анда өткөн жыл эмгегинен баар тапкандардын жылы болду десек жарашат. Бирок бул маселе кээ бир саясатчылар тарабынан тескери бааланып туру. Мисалы, “Ата журт” фракциясынын депутаты Марат Султанов, биз сыйлаган аграрчы академик Жамин Акималиев КТРКнын “Жумакайрык” көрсөтүүсүнөн мамлекеттик сыйлыктарды көп таратуу анын баркын кетирип, өлкөнүн бюджетине зыян келтирерин айтышты. Бирок сыйлангандарды гана көрө калган депутат менен академик канча пайда келтирип жатканы белгисиз 120 депутаттын, 14төн 18ге жеткен министрликтердин кармалышына канча бюджет кетип жатканын билишсе да негедир айткылары келбейт.

Ырасында наам ыйгаруу жөрөлгөсү социализм доорунан бери келаткан идеологиялык зор рычаг. Ал ириде жамы журтка эмгеги сиңген инсандарды моралдык, эң негизгиси материалдык жактан колдоого багытталган. Маселен, азыркы учурда эмгек сиңирген ишмерлердин айлык акысы 50%га жогоруласа, эл артисттерине, эл акындарына, эл жазуучуларына, эл сүрөтчүлөрүнө 100% кошулат. Мындан сырткары, эл … наамын алгандар каза тапканда коштошуу салтанаты мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп, ага кеткен чыгымды өкмөт көтөрөт. Жакын адамдары макулдугун берсе, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Буга чейин маданият кызматкерлеринин арасында акыркы 20 жылда сыйлык – наам адилет берилбей келди. Акаев, Бакиев экөө тең чыгармачыл адамдарды кошомат кылар-кылбасына жараша наам, орден-медаль менен сыйлап келгени кимге жашыруун? Алардан ашса анан өз жакындарына, тууган-уругуна да берип келишкен. Акаевдин тушунда сыйлыктар балдызынын колунан өтөөрү, Бакиевдин тушунда Исхак Масалиевдин аялынын колунан өтөөрү, көп эле учурда ар бир наам, сыйлыктын өз “ставкасы” болорун, ал берилбесе эч нерседен үмүт кылып кереги жоктугун чыгармачыл адамдар чекеден санап берет.

29-декабрда президент Р.Отунбаева эл эмгектерин эчак баалап койгон маданий тармактын биртоп өкүлдөрүнө жогорудагыдай ардак наамдарды ыйгарды. Биз кыргыз журналистикасынын аксакалдары, устаттарыбыз Алым Токтомушевди, Баратбай Аракеевди, Үсөн Касыбековду маданиятка эмгек сиңирген ишмер наам алышы менен, КР эл акыны Шайлообек Дүйшеевди “Манас” ордендүү болушу, Сагын Акматбекованы эл акыны болушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Эң эле кубанычтуусу, айтылуу ооз комузчу Сүйдүм Төлөкова апанын сексен беш жашка чыкканда маданиятка эмгек сиңирген ишмер болушу менен куттук айтабыз. Бу киши илгери Сталиндин колунан грамота алган экен. Андан кийинки бийликтер анын эмгегин баалабаптыр. А кыргыз радиосунун алтын корундагы чыгармалардын жазылышында Сүйдүм Төлөкованын эмгеги ат көтөргүс. Бу жерде айталы дегенибиз, мамлекеттик сыйлык, наамдар бийликте турган бир адамдын каш-кабагына эмес, жалпы элге сиңген эмгегине жараша адилет жана убагында бааланса. Жогоруда аталгандардын алды сексен беште болсо, эң жашы алтымыш экиде экен. Убагында баалабай, өлүп калгандан кийин калп эле алаканды шакылдаткан заман өттү го дейбиз.

Антсе деле таарынычтар болбой койбойт. Өзгөчө чыгармачыл дүйнө таарынчак келет. Эң кызыгы, угушубузга караганда Маданият жана маалымат министрлигине жылына наам сурап 500гө чукул документ түшөт экен. Аталган министрлик жазуучу, сүрөтчү, артист, журналист жана башка маданият кызматкерлерине “устукан” бөлүштүрөт. Ал эми башка министрликтер жылына 15-20 гана документти карайт. Эми өзүңүз ой жоруп көрүңүз, эмнеге кара жанын карч уруп чындап коомго пайда келтире турган тармакта иштеп жаткандар (мугалим, дарыгер, ишкер, куруучу ж.б.) эмес, ырдап-чоордоп жүргөндөр наам алууга кызыгат? Жылына беш жүз өнөр адамынын наам сурап кайрылып жатканы биздин өлкө үчүн көп.

Ошентсе да эки бийликтен бери эмгеги бааланбай келаткандардын эмгегин баалоо Роза Отунбаевага туш келген экен. Эми мындан ары мындай күр сыйлоо токтоп, сыйлоо иштери өз убагында, өз нугунда жүрмөкчү. Айтмакчы, азыр башка өлкөлөрдүн өз атуулдарын кандай, эмне менен, кантип сыйлай тургандыктары изилденип жатат. Анын да жакшы жагын Кыргызстан пайдаланса утат гана болуш керек.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы агым” (“кыргыз гезиттер айылы”), 07.01.2011-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.