“Буюрса элдин капчыгына күч келбейт”

“Тунгуч” театрынын артисттеринин тамаша, сатираларын эл буга чейин күтүп көрүп келишкен. Үч-төрт жылдан бери үзгүлтүккө учураган театрдын иши кайрадан жанданып, жаңы жылдын башында концерт бергени турушат. Актерлор менен маектешкени барганыбызда кызуу даярдык көрүп жатышкан экен. Театрдын жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Асылбек ӨЗҮБЕКОВду кепке тарттык.

“Тунгуч” театры көп убакытка тыныгуу алып калгандай?
Тыныгуу жагын моюнга алабыз. Мындан үч-төрт жыл мурда сөзсүз жаңы жылдын январь айында бир жумалап концерт берген күндөр эсиңерде болсо керек. Ошол концерт менен бир жыл бою региондорду кыдырчубуз. Андан бери ар ким өз иши менен алек болуп, кээ бирибиз теледе иштеп калдык. Айрымдар өз турмушубуз менен алек болдук дегендей… Анүстүнө өлкөдөгү окуялар таасирин тийгизди. Эми буюрса, жаңы дем менен адамдардын маанайын көтөрөлү деп концертке даярданып жатабыз. Элди бир аз да болсо күлдүрүп, тамашага, ыр дүйнөсүнө чөмүлтүп эс алдырсакпы деген эле жакшы тилек.

Концертте кандай өзгөчө-лүктөр, жаңылыктар болот?
– Бизден эл дайыма тамаша, күлкү күтөт. Элди күлдүргөндөн оор нерсе жок. Ошон үчүн сахнада сүйлөй турган ар бир сөзүбүздү салмактап, таразалап отурган кезибиз. Эл ушул номерге күлөт бекен деген суроо башыбызды катырууда. Тамашадан сырткары, жаңы ырлар бар. Жаш таланттар да катышат. Жашыбыз өйдөлөгөн сайын сахнада мурдакыдай секирип, бийлеген кыйыныраак болуп калат экен. Ушундан улам муун алмашсын деп, буюрса ушул концерттен жаштардын тушоосун кесебиз. Бизден көп ырчылар өсүп чыкты. Венера Сатылганова, Роза Шакирова, Жылдыз Тутуева, Курал Чокоев деген мыкты ырчыларды биздин театр таптаган. Ошолордун жолун жолдой турган жаштардан азыр да уучубуз куру эмес. Концертте жогоруда мен атаган ырчылардын ырына “жандуу клип” тарттырабыз. Тактап айтканда, ырчы ырдап жатса артында актерлор ырдын маанисине жараша окуяларды чагылдырып турат. Мындан сырткары, сахнанын жасалгасына да басым жасайбыз.

Канча убакыттан бери даярдык көрүп жатасыздар?
Концерттин планы биртоп убакыт мурда эле түзүлгөн. Бирок катуу даярдыкты бир айдан бери көрүп жатабыз. Азыр концерт бериш кыйын. Ар бир баскан сайын кымбатчылык кыйнап турган учур. Афишалар, жарнамалардын баасы мурдакыга караганда биртоп эле кымбаттаптыр. Концертибиз акталабы-жокпу, азыр ал чоң суроо. Анткени биздин концерт карапайым элге ылайыкталган. Акчалуулар, байлар келбейт, алар саунага же бильярдга барат. Ошондон улам элдин чөнтөгүн эске алып билет баасын да өтө кымбат кылган жокпуз. Алдыңкы орундар 250, арткысын 200 сом кылдык. Эл эрте билет алсын деп баарын мурдатан кассага өткөрүп бергенбиз. Анткени шоу-бизнесте мындай бир чуулгандуу иш бар экен. Мисалы, билет саткан адамдарды биз “барзисттер” деп коебуз. Алар алдыңкы орундарды алдын ала сатып алып, концерт башталаарда бааны эки эсе көтөрүп ийишет экен.

Аларды тизгиндөө мүмкүн эмеспи?
Ошого эч ким чара колдонбой жатат. Бир ооз айтсаң, “кечирип коюңуз, биз сиздин билетти өз баасында сатып алдык. Күйсөк биз күйөбүз, пайда көрсөк өзүбүз көрөбүз, сиз концертиңизди бере бериңиз. Мен элүү билет сатып алып жалгыз киремби же башкага беремби, ал менин ишим” деп коюшту. Ошо менен мен да унчуга албай калдым. Орто жолдон элди кыйнашат, эл болсо артисттерди жаман көрүшөт. Биз бааны коердо баарын эсептеп, элдин абалын карайбыз. Анан эле кассага келгенде орто жолдон алыпсатарлар тытып кетип жатышпайбы.

Төрт күн концерт берүү көптүк кылбайбы?
Төрт-беш жыл мурда бир жумалап концерт койчубуз. Аншлаг болуп эл тыгылып батпай, эшик-терезе сынган күндөр болгон. Азыр эми заман башка, концертти дагы узарталы дегенбиз, бирок филармониянын ижара акысына чач-кирпигибиз чак келчүдөй эмес. Айла жок, төрт күнгө кыскарттык.

Гүлмира ТУРСУНБАЕВА, актриса: “Тизем титиреп кетет”
– Чоң концертке катышпаганыма төрт жыл болуптур. Сагынып да, буулугуп да калыптырбыз, болушунча даярдык көрүп жатабыз. Эл да бизди сагынды, алардын ишенимин акташыбыз керек. Афишаларыбыз илингенден тартып телефон чалып сурагандар көп болду. Ошол да адамга дем берип, шыгыңа шык кошот экен. Мен башынан эле ушундай адатым бар, канча мыкты даярдансам да элдин алдына чыгаарда тизелерим титиреп толкундана берем.

Мурат МАМБЕТОВ, актер: “Экөөбүз тең сахнаны сагындык”
– Венера азыр бала багып репетицияга келе албай калды. Шартка байланыштуу көп даярдыктардан артта калды. Ошентсе да концертте бизден кем калышпай катышат. Үч-төрт жылдан бери экөөбүз тең чоң сахнага чыкпай сагыныптырбыз. Буюрса, эл бизди унутса эсине салабыз, сагынса сагынычын жазабыз деп чамынып турган кезибиз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, “Жаңы агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 07.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.