Алтайлык Боронтой тууган, Наталья кудагый жана эки элдин көпүрөсү

Кечээ жакында Россия федерациясындагы Алтай Республикасынын өкмөттүк деңгээлдеги өкүлдөрү “Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмесинин жана Талас облустук мамлекеттик администрациясынын чакыруусу менен Кыргызстанга келип кетишти. Бул расмий делегациянын жүрүшү боюнча “Алтай – Манас – Талас” коомунун төрагасы, жазуучу Кушубек Исан уулун кепке тарттык.

– Кушубек мырза, “Алтай-Манас-Талас” коому жөнүндө келген меймандар менен тааныштырып, алардын максаты тууралуу алгач сөздү баштасаңыз.
Кептин башында Алтай менен Таластын өзөктүү байланышы боюнча айтсам, тээ Манас ата Алтайда төрөлүп ал жердеги кыргыз урууларынын башын кошуп, бир эл кылып Ала-Тоого көчүрүп келип, азыркы Манас ордону ордо кылып, кийин сөөгү касиеттүү Талас жергесинде орун алган эмеспи. Эми ошол Манас атанын төрөлгөн жери Алтай менен Таластын эзелки байланышын жаңыртуу озуйпасы бүгүнкү күндөргө туура келип отурат. Манастан кийин да көчмөн кыргыз бабалар алты айлап (“Алтай”- алты айлык жол дегендей) Алтайдан Ала-Тоого, Ала-Тоодон Алтайга көчүп-конуп келишкен. 1995-жылы алтайлык туугандар “Манас-1000” тоюнда Манастын бешиги деп кыргыз элине бешик тартуулап келишкени маалым. Ошондон бери Алтай республикасы менен эч кандай байланыш болбой калган. Бирок Алтай Республикасы менен Талас облусунун ортосунда достук байланышты улантуу боюнча сөздөр болгон. Атургай Россиянын ошол кездеги президенти В.Путинге, жердешибиз Чыңгыз Айтматовго да бул максаттар тууралуу каттар жөнөтүлүптүр. Бирок Талас облусунда улам бийлик алмаша бергенден уламбы же башка себептерденби көздөгөн жакшы максаттар ишке ашпай, кагаз түрүндө эле калып келген. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу үчүн 2010-жылдын башында “Манас-Манаш” коому да түзүлүп, төрагалыгына ошол кездеги депутат Б.Абдразаков шайланып, бирок иш жүрбөй коом жоюлуп кеткен. Ал ортодо А.Оморов баштаган Алтайдан 40 жылкы минип келүү долбоору да чыгып, ал жакка 40 чоро барып келишкендиги көпчүлүккө маалым. Ошол эле учурда, тактап айтсак 28-июлда биздин улуттук жазуучулар союзунда демилгелүү топтун жыйыны болуп, “Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмеси уюштурулуп, юридикалык жактан каттоодон өтүп иш башталды. Бул коомдук бирикмени түзүүнүн демилгечилери жазуучу Абдымамбет Сариев, жеке ишкер Абасбек Исанов, окумуштуу Тилек Мамбеталиев болушканын белгилей кетейин.

Сиздер өз ишиңерди кантип баштадыңар?
Биз алгач ишти Талас облустук мамлекеттик администрация башчылары Койсун Курманалиева, анын орунбасары менен сүйлөшүп, биздин коом менен бирдикте Алтай Республикасынын жетекчилерине кат жөнөттүк. Максат – мурдагы эки жактын жетекчилеринин өз ара кат алышкан ниеттерин ишке ашыруу, эки элдин ортосундагы достук байланыштарды мамлекеттик деңгээлде чечүү маселелери турду. Натыйжада ондогон жылдар, дегеле кылымдар бою ишке ашпаган тарыхый кырдаалды биздин коом жарым жылда жүзөгө ашырып, түпкү мекенибизден, тили бир алтайлык кыргыздардын өкүлдөрү расмий түрдө келип отурушат. Меймандар үч күн Манас ордого зыярат кылышып, Ч.Айтматовдун мекени Шекер айылында, Талас университетинде, дыйкан чарбаларда болушуп, көптөгөн эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Эки элдин ортосундагы достук мамилелерди, атап айтсак экономикалык, маданий, илимий, миграция маселелерин камтыган үч тараптуу (Алтай Республикасы, Талас облусу жана “Алтай-Манас-Талас” коому) алдын алуу протоколуна расмий түрдө колдор коюлуп, Алтай Республикасынын өкмөт башчысына кайрылуу жолдонду. Дагы бир жагдай, Манас атанын атчан айкелин анын төрөлгөн жери Алтайга орнотуу, Тоолуу-Алтай шаарына кыргыз-алтай “Достук” үйүн ачуу боюнча долбоор да белгиленди.

Сөзүңүзгө аралжы, сиздердин коом А.Оморовдун Алтайдан 40 байталды минип келүү долбоору менен биргеби?
Жок, биздин максат жогорудагы бүгүнкү күндүн орчундуу маселелерин мамлекеттик деңгээлде, мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу үчүн Талас облусу менен Алтай Республикасынын ортосундагы көпүрө сыяктуу данакерлик иш жүргүзөт. Бирок 40 жылкыны Алтайдан алып келүү боюнча (бул идея да ойлоно турган нерсе) реалдуу маселелер болсо, мамлекеттер аралык деңгээлде чечкенге көмөк көрсөткөнгө даярбыз. Эми сөздү көп узартпай меймандар менен тааныштырайын. Бизге бул жолу Алтай Республикасынын экономика жана инвестиция министринин милдетин аткаруучу, экономика илиминин кандидаты Сырга Буйдышева делегация башчысы катары келсе, аны коштоп Алтай Республикасынын өкмөт башчысынын тышкы иштер боюнча орунбасары Дмитрий Шепель, Маданият министринин орунбасары Наталья Саймина, Россия Федерациясынын жазуучулар союзунун секретары, Алтай Республикасынын жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү акын Боронтой Бедюров келди.

Сырга БУЙДЫШЕВА: “Алдыда көп пландар бар”
Сырга Владимировна, Кыргызстан жана Алтай Республикалары экономикалык жактан кантип кызматташат?
Биздин республикада 270 миң калк жашайт, анын 60 миңи түпкүлүктүү алтайлык кыргыздар. Борбор шаарыбыз Тоолуу-Алтай, калкы 50 миң. Аймагыбыз кооз, абасы таза, тоолуу, токойлуу, миңдеген көлдөрү бар. Бизде өзгөчө туризм өнүккөн, жылына миллиондогон туристтер келип кетишет. Экономикабыз негизинен жыгач иштетүү, мал чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жайлардан турат. Мен сиздердин каржы министриңер Ч.Имашев менен эки республиканын экономикалык маселелери боюнча, миграция багытында алдын ала маектештим. Буюрса алдыда көп пландар бар.

Боронтой БЕДЮРОВ: “Менин уруум төрдөш, ал кытай уруусуна кирет”
Боронтой Янгович, сиз бул сапар тууралуу эмне айтат элеңиз?
Мен Кыргызстанга көп ирет келгем, бажам Бишкекте турат. Көптөгөн жазуучу досторум бар биякта. Бирок расмий түрдө биринчи жолу келдим. Алгачкы жолу Таласка барышым. Манас атанын, (бизде “Алп Манаш” дейт) мен көп жолу баарлашкан улуу Чыңгыз аганын туулган айылы Шекерде болуп, ыйык Манас чокусуна зыярат кылып таазим этип көзүмө жаш тегеренди. Менин уруум төрдөш болот, көрсө кыргыздын кытай уруусунда да төрдөш уругу бар экен. Жалпы кыргыз менин туугандарымсыңар. Биздин тегибиз бир, тилибиз бир, мына мен кыргызча эле сүйлөп жатпайымбы. Ошол Манас доорунда биз Алтайда кала берген кыргыздарданбыз. Алтайда Чүй, Каракол деген аймактар жана башка кыргызча аталыштагы көптөгөн жер-суунун аттары бар. “Коңур түктүү атым калды, Коңгурайда (Энисейде) журтум калды” деп ала-тоолук кыргыз бабалар айтса керек. Эми биздин тарыхый байланышыбызды жаңыртуу үчүн алтай-кыргыз жазуучуларынын тарыхый, көркөм чыгармаларын эки республикада которууну колго алуу зарыл. Айта кетсек, биз тараптан келип-кетип жүргөн Сергей Ким (Акай Кине) болобу же сиздер тараптан барган ар кандай адамдар болобу бир гана реалдуу чындыкка баш ийип, акыл-эстүү, олуттуу иштерге гана көңүл бурсак демекчимин.

Ал эми Таласта Манас ордону, Бердике, Бүргө баатырлардын эстеликтерин көрүп Талас тарыхы боюнча көптөгөн баяндарды уктук.

Дмитрий ШЕПЕЛЬ: “Сиздердин медакадемия КМШда биринчи”
– Мен Алтай өкмөтүнүн тышкы байланыштары боюнча иштегендиктен жогоруда коомдун төрагасы айткан он жылдан бери Талас менен биздин республиканын ортосундагы достук мамилелерди түзүү боюнча кат алышуулар болгонун билем. Биз, Сырга Владимировна жана коомдун төрагасы менен сиздердин Тышкы иштер министринин орунбасарынын кабыл алуусунда болуп, көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде миграция жаатында алдын ала пикир алыштык. Андан кийин Саламаттык сактоо министри, бизге белгилүү ортопед С.Жумабековдо болуп, бизде мединститут жок болгондуктан, жылына сиздердин медакадемияга 5-10дон студенттерди кабыл алуу боюнча алдын ала макулдаштык. Себеби сиздердин медициналык жогорку окуу жайыңар КМШ боюнча эң күчтүү окуу жай катары белгилүү. Бүгүнкү күндө Алтайда сиздердин үч кыргыз мыкты врачы эмгектенишет. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окушкан биздин алтайлык студенттер менен жолугушуубуз өтө таасирдүү болду деп эсептейм. Кыскасы, “Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмеси алдын ала белгилеген программалардын ичинен убакыттын тардыгына байланыштуу бир гана Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, белгилүү академик-тарыхчы В.М. Плоских менен жолугуша албай калдык.

Наталья САЙМИНА: “Эски актерлор аз калыптыр”
– Менин кызым оштук Баатыр деген кыргыз жигитке турмушка чыккан. Азыр эки неберем бар. Андыктан силер менин куда-кудагыйым болосуңар. Баатыр биздин республикада мамлекеттик кызматта эмгектенет. Ошентип биз эки жакта калган кыргыздардын ортосунда сөөк жаңыртканбыз. Мен кыпчак кызымын. Маданият тармагында иштегендиктен мурдагы Фрунзе шаарына 2-3 ирет гастролду жетектеп келгем. Сиздерден маркум Арсен Өмүралиев, Искендер Рыскулов менен жакшы достор элек. Союз убагында сиздердин өнөр адамдары бизге байма-бай келип концерт-спектаклдерди коюшчу эле. Оо, канча жыл болду, биз сиздердин өнөр адамдардын койгон драмаларын, ырларын сагындык. Эми эски каада-салтты жаңыртсак. Мен сиздердин драмтеатрыңарда болдум. Эски актерлор аз калыптыр. Кинорежиссерлор Б.Карагулов, Н.Борбиев менен телефон аркылуу гана сүйлөшкөнгө үлгүрдүм. Сиздердин маданият министриңер жаңы эле кызматка отуруптур, кенен сүйлөшө албадык.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 07.01.2011-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.