Дастан Сарыгулов: “Тогоол – бир гана кыргыз элине таандык!”

Кыргыз элинин улуулугун салты, үрп-адаты, нарк-насили менен баалап жүрөбүз. Дегеле, кыргыз элинин билимдүүлүгү, олуялыгы турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдарынан баштап, жыл сүрүү, ай-күн санагы менен далилденип келет.

Эмесе, окурмандарыбыздын суроо-талабын орундатуу максатында Тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды Улуу Эл деп даңазалап, тарых барактары менен тастыктаган Сарыгулов Дастан Исламович менен болгон маекти тартуулайбыз.

– Дастан агай, алгач “тогоол” деген сөздүн маанисин чечмелеп бересизби?
– Кыргыз элинин улуулугун, олуялыгын, дегеле баа жеткис мурастарын далилдөөчү, жазсаң түгөнбөгөн кен бар. Алардын бири – тогоол календары. Тогошуу-Үркөр топ жылдыз, Ай, Жер бир сызыкка туура келгени. Демек, муну тогоол деп атайбыз. Тогоол күндөрү аба ырайы өзгөрүлүп, адамдар, жаныбарлар үчүн өтө жагымсыз күн болот. Илгери тогоол күнүндө ата-бабабыз мергенчиликке чыгышкан эмес, себеби, бул маалда кийик-аркарлар оттобой, ыктоо жерлерде дымып жатышкан. Жада калса балыктар да суунун тереңинде тынып же таштын коңулунан чыкпай калат. Бул күндөрү кыргыз эли көчкөн эмес, кыз берип, келин алган эмес. Тогоол – үч күнгө созулат, азыркы аталыш менен магниттик куюн деп жүрүшөт.

– Демек, магниттик куюнду кыргыз эли мурда эле изилдеп койгон экен да?
– Ооба, дал ушул жөнүндө Саймалуу-Ташка чегип түшүргөнү – кыргыз элинин улуулугун даңазалаган сыймык экенин ар бир кыргыз уулу, кыргыз кызы билиши шарт. Дагы бир айта кетчү нерсе, бир гана кыргыз элинде мындай так календарь оозмо-ооз өтүп, жашап, сакталып калган. Бул туурасында тарых барактарында далилдүү бир канча изилдөө иштери бар. Анын бири – сенин колуңдагы В.Е.Ларичевдин эмгеги.

– Ооба, агай, мында чынында эле биз сыймыктанар далилдер бар экен. Эми, ушул туурасында кеп козгосок. Кыргыз элинин астрологиялык билими тууралуу, дегеле тоголдор календарын кайсы негизге таяп эсептешкени тууралуу айтып берсеңиз?
– Негизи, бул ай санактын башкы эсептөөчүлөрү аялзаты болгон. Аялзаты качан төрөөрүн билүү үчүн ай жаңырган, ай толгон күндөрдү эсептеп, ар бир он төртүнчү күнү ай толорун байкашкан. Бара-бара бул илим тереңдеп отуруп, мал чарбачылыгында, дегеле кыргыздын турмуш-тиричилигинде колдонулган.

– Юлиан, Григориан календарына караганда Омар Хаямдын календары 7 секундга так дешет эмеспи. Тогоол календарынын тактыгы канчалык?
– Ырас, астрологдор ушу кезге чейин өтө так календарь ойлоп таба элек, 100 жылдык мөөнөттө санактан 10-15 күн айрымачылык чыга берет. Анткени, бул санактарды күнгө жана жылдызга таяп эсептешкен. Ал эми Тогоол календары айдын толушу, жаңырышы менен эсептелинет, демек, ал дайыма так болорун айтышыбыз керек. Дагы бир эскерте кетчү нерсе тогоол календары – аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу, жаздын качан келери тууралуу эч качан жаңылбаган календарь.

– Бул календарды эл арасына жайылтуу идеясы качан пайда болду?
– Мен чоң атамдын колунда чоңойгондуктан, кичинемен “ай толду, ай жаңырды, ай арасы болуп калды”- деген сөздөр кулагыма сиңип чоңойдум. Бара-бара бул эсеп биздин турмуш-тиричилигибиздин негизи экенин сезип, издене баштагам. Анан Кара-Көл шаарынан Торон Жумаев деген аксакал тогоол календарынын санагын толук варианты менен сактап жүргөн экен. Издегеним көктөн табылып, ал киши менен бирдикте бул календарды 2002-жылдан бери чыгарып келе жатабыз. Негизи, синоптиктер бир айдын ичиндеги аба ырайын айта алышат, ал эми тогоол календары бир жылдык аба ырайын так эсептеп жатпайбы. Мына, былтыркы эсеп менен жазды 20 күн кечигип келет деп айттым эле, туура жыйырма күн кечигип келди. Ал эми, январь айынын суук болорун айттым эле, мына 10-15 градус сууктан түшпөй койду. Эми, бул календарь он-он беш жылдык изилдөөнү талап кылган, ар бир күндүн градусун жазып, санаган эмгектин жыйынтыгы да.

– А быйыл кандай өзгөчөлүктөр болот?
– Негизи, бул жылы жаз эрте да, кеч да келбей, өз убагында эле келет. Байыртан кыргыз элин “беш тогоол болбой, бел чечпейт” дешкен. Эсептесек, беш тогоол – бул март айы. Элибиз жылуукерчиликке кирип алдык деп, бел чечип, жеңилденгенин билсек болот.

– Рахмат, Дастан агай, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.