Таза абалга алып чыгар күч керек

Уйку да жаш куракка жараша болот тура. Эрте ойгоном. Балконго чыгам. Мечит тараптан азан чакырык. Жолдун аркы четинде жаңы эле көчөгө чыга баштаган алагүү, болгондо да кыргыз балдардын, кыргыз кыздардын оозго алынгыз богооз сөздөрдү оозанып орусчалап сөгүшкөн, жакалашкан ызы-чуусу. Көбүнчө жума, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма ушундай. Жаштарга делинген жайларда түнү бою жан дүйнөсү уулуккан уул-кыздарыбыз келечекте өңү кыргыз бойдон калганы менен адеп, ыйман-ызаат жагынан кыргыз деп айтарлык касиети болор бекен?

2000-жылдын баш чагы. Ататүрк сейил багында бири токтогон жеринен экинчиси улап, жаш манасчыларга арналган иш-чара өткөрүлүп атты. Ал жердин бир жагы тор менен тосулуп коюлуптур. Ошонун жанында жоон топ кыргыз балдар, кыздар тактай үстүндө ойнолчу кол топ ойноп атышты. Биз, жүзгө жакын кыргыздар кумарланып манасчыларды угуп аттык, а тигилер нөл.

Кылымдар бою элибиздин элдигинин сакталышына өзөк, негиз, “падыша бийлигинен салт күчтүү” болуп келген ата мурас нарк-дөөлөттөр, азыркы абал маселелери туурасында жер-жерлердеги калайык-калк менен жолугушууларды уюштуралы, айталы, ой бөлүшөлү деп Дастан Сарыгуловдун демилгеси менен башталган иштер боюнча облустарды кыдырып, 2003-жыл болсо керек эле, тоо арасындагы алыскы айылдардын биринде жата конок болуп калдык. Кошунасында үйлөнүү үлпөт той болуп аткан экен, түнү бою батыштын дүкүлдөгөн музыкасы жаңырып турду.

Бишкек шаарыбыздагы жүргүнчүлөр унаа каттамдарында өз ара кыргызча эмес, орус тилинде сүйлөшүп бараткан жаштарыбыздын катары азайган жок, бул көрүнүш күчөгөндөн күчөп баратат. Коомдук жайларда да ошондой. Мамлекеттик кызматкерлер чөйрөсүндө да ошондой. Теле-радиодо эки сөздүн бири орусчаланат. Орусча ойлонуп, ал ойлорун кыргызча шыдыр айта албай кыйналгандар четтен чыгат.

Чүй облусундагы тоо тараптагы айылдардын бириндеги мектепке барып калдым, иш боюнча, бир топ жыл мурда. Мектепке кирип баратсам, танапис болуп, эшикти көздөй чыгып баратышкан балдардын бири дагы кыргызча эмес “Здрасьте” деп орусча салам айтып өтүп атышты. Деректерине кирип, бу кандай десем, “Эмне кылам, элдин көбү сырттан көчүп келгендер, балдарын орус класстарга берип ташташкан. Түтүнмө-түтүн кыдырып, айтып жүрүп, бир-эки гана кыргыз класстарын уюштурдук. Мугалимдерибиздин далайы жумушсуз калды” деп атпайбы.

Кыргыз коомчулугу ойлоно турган, ардана турган маселелер абдан көп. Түбөлүктү күнүмдүккө тебелетип, эл, коом келечекке түздөлбөй, улуттук ар-намыс жукарса, элибиздин элдигинен кут качар. Эл арасындагы түшүнүктөрдүн өзүндө маселенин бардык жагын камтыган бир бүтүндүк болбосо, анын өзү – руханий чачырандылык. Жан дүйнөнү жабыркаткан, айла-амалкөйлүк ашынган, пейил тарып, ниет бузулган абал күч алса адамдар анын туткуну болуп калат. Мындай учурда абалды жиреп өтүп, коомду тазалык абалга алып чыгар күч керек. Ар кандай ички, тышкы зыяндуу таасирлерден, ыпластыктардан, тескериликтерден өтө өтүшүп кете элегинде тазалана алсак, эл келечеги эбине келет да.

Кылымдардын кыйырында апаат, бүлгүн, кыйроолордон аман чыгып, үзүлсө кайра уланып, бөксөрсө кайра толуп такшалган тарыхый эл экендигибизди даңазалаган касиеттүү Манас дастаныбыз баш болгон жан азык байлыктарыбыз, миң-миңдеген жылдар бою муундан муунга мурасталган элдик нарк-дөөлөттөрүбүз бар. Баа жеткис бул баалуулуктар азыркы XXI кылым кыргыздарынын аң-сезиминде канчалык терең түнөк тапкан болсо, кыргыздын кыргыз келечеги ошончолук түптүү, күчтүү болмок да. Тилекке каршы, ушул эң талуу жерибизге кастарын тигип каршы турган батышчыл күчтөр коомубуздун бардык булуң-бурчтарына кирип алышып, алардын кээ-бирөөлөрү түшүнүп-түшүнбөй, кээ бирөөлөрү атайылап бурмалап, митайым, тымызын аракеттерин жасап атышат. Кыргыздар өзүнүн өсөр өзөгүнөн, тамырынан, тегинен канчалык ажыраса, ошол арам ниеттүүлөрдүн ошончолук көңүлү ток. Айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттарында андайларга жол берилбеш керек эле. Кыргыз болуп төрөлүп, анан тилинен, дилинен, элдик каада-салт, нарк-дөөлөттөрүнөн ажырап, өңү калып өзөгү өзгөрүп, башка баалуулуктарга телингендер өзү менен өзү болуп тынып калбайт, чөйрө күтөт, коомдук пикирге таасир этет. Ошонусу менен алар зыяндуу.

Мектеп окуучулары тарабынан Манас дүйнөсү чечмеленген, “Сөздүн көркөмү” делип, кыргыздын сөз өнөрүнүн табити, табияты айтылган, кылымдардан бери уланып келаткан залкар комуз күүлөрү, “Улутман”, “Сармерден”, “Эл наркы” делип элибиздин элдиги даңазаланган теле-радио берүүлөр, “ Ак шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси, “Тынчтык борбору” коомдук фонду, анын “Кыргыз өзөгү” долбоору тарабынан атына заты айкалыша аткарылып аткан иштер, “Көөнөрбөс кыргыз дөөлөтү” делип жети дубан эл аралап, агартуучулук иш жүргүзүлүп аткандыгы, 25 уюм, кыймыл, улуткөй атуулдар “Кыргыз таануу” Коомдук Уюмдар Тилектештиги деп биригип, элдик нарк-дөөлөт мурастарды уул-кыз урпактарыбызда улантуу максатын көздөп иш баштаганы, өткөн жылдан бери кыргыз элдик макал-лакаптарды чечмелөөгө кароо-сынактар уюштурулуп, жер-жерлерден нечен жүздөгөн дил баяндар келип, алардын далайы байгелүү орундарга татыгандыгы, “Манас жаңырыгы” телестудиясы аркылуу жүргүзүлүп аткан бүт иш-аракеттер, “Улуттун уюткусу – билгилер” деп “Бакдөөлөт” коомдук фондунун таамай иштери, эң башкысы “Манас” айтуучулардын, төкмө акындык жана комуз өнөр дүйнөсүнүн жылдан жылга бийиктеп бараткандыгы, “Көк асаба” баш болгон далай гезит беттеринде элибиздин элдигин, түпкүлүгүн көздөгөн ой-толгоолордун жарык көрүп аткандыгы, мына ушул асыл иштердин ар-биринен жана бардыгынан үзүр болбой койбойт. Ал үзүр көзгө көрүнбөйт, салмакталып ченелбейт. Түшүнүктөрдү түптөйт. Жан дүйнөгө жан азык болуп жайгашат.

Кыргыз тили өзүнүн тарыхый ордун ээлеп, кыргыз тили улут өкүлдөрү аралык тил болушу керек экендигинин мамлекеттик башчыдан баштап, коомчулукта айтыла баштагандыгы – эл-журтка жакшы дем, үмүт жаратар жарык шоола.

Республикабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Баары өзөктөн жанат, өзөктөн! Өзөгү күчтүү болсо өсөрү, түбү түптүү болсо, түпкүлүгү күчтүү болбой койбойт. Тегибиз терең, эң байыркы элдерден экендигибиз – дүйнөлүк тарыхый чындык. Аны билүү, түшүнүү – азыркы эл турмушундагы эң башкы зарылчылыктардын бири. Түшүнбөгөндөр, түшүнгүсү келбегендер, башка жактардын баалуулуктарына ооп алгандар, кыргыздын кыргыз бойдон өнүгүшүнө кастарын тиккендер барган сайын ачыктала бергидей абал түзүлүш керек. Ошондо алар сездейт, жазганат, болбосо жек көрүмчү болуп, эл катарынан чыгып калышат.

Кенжалы Сарымсаков,
КРнын Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, журналист,
“Көк асаба”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.