“Кыял” бирикмесинде баары кыялдагыдайбы?

Бишкектеги “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинде кыңыр иштер орун алып жатканын бир катар белдүү маданий ишмерлер тобу коомчулукка жарыялады.

Ошол эле кезде бирикменин жетекчилиги ага куру дооматтар коюлуп жатканын билдирди. “Кыял” бирикмеси негизинен улуттук кол өнөрчүлүктүн товарларын чыгарып сатуу ордосу катары таанылган.

“Кыялдын” тегерегин соодагерлер курчап турат
“Кыял” улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесине жана анын жетекчиси Султан Макашовго арналган басма сөз жыйынында жерди ижара берүү жана каржы маселелери боюнча көптөгөн дооматтар айтылды.

Бирикме жетекчисинин мурдагы орун басары Таалай Мусабаев бирикмеге таандык жер тилкеси соодагерлерге ижарага берилип, андан түшкөн каражат ишканага жумшалбай жатат деп эсептейт.
– Базарда чынында үч миңге чейин соодагер отурат. Салык инспекциясына 700 деп көрсөтүлөт. Ижарадан түшкөн каражаттар бирикмеге жумшалбайт.

Улуттук сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев да “Кыялдын” жетекчисине өз дооматтары бар:
– “Даңк” медалы, Эмгек сиңирген мугалим дегенге төш белгинин баарын мамлекет “Кыялга” заказ кылат. Себеби Ленинграддагы “Монетный дворго” заказ берсе абдан кымбатка турат. Мына бүгүнкү күнгө чейин тендер уюштурулбай Султан Макашов өзүнүн жолу менен чыгып, өзүнчө чоңдор менен сүйлөшүп алып бүгүнкү күнгө чейин чыгарып келатат. Сапаты абдан начар. Кыялдын эсебинен мамлекеттен чоң заказды алып, 18-20 миллион сомду алып, ошонун баарын жасап жатат. Бюджетке, салыкка бир тыйын да түшпөйт. Эмне үчүн биздин кол өнөрчүлөр өспөйт, эмне үчүн ошолорго жардам бербейт? Эмне үчүн имараттын шыбактары түшүп калган? Баарын ижарага берип салган.

Ал эми “Кыял” бирикмесинин коммерциялык иштер боюнча мурдагы менеджери Мирбек Абдылдаев “Кыял” улуттук бирикмесин Макашов жеке менчигине алгысы келип жатканын билдирди.
– Атайын чыгымдан башы чыкпаган ишкана деп алып, профкому президентке кат жазып атпайбы, “биз “Кыял” бирикмесинин жамааты бирикмени эл өнөрчүлөр союзуна берилүүсүн өтүнөбүз”,-деп. Имараттын баарын менчиктештирип алгысы келип жатат. Бул боюнча “Кыял” ишканасынын жамааты билбейт.

Кол өнөрчү Жылкычы Шаршембиев “Кыял” бирикмеси улуттук буюм-теримдерди жасоо ордуна кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын алып сатарлык менен шугулданып калганын белгиледи.
– Бул өзүнөн жогоркуларга, бийликке таянып алып, кол өнөрчүлөрдүн көз майы эмгеги менен жасалган буюмдарды колдонуп, аларды сатып, анан кайра аларга кысым көрсөтүп жатат.

“Кыял” улуттук кол өнөрчүлөр биримдигинин жетекчиси Султан Макашов өз дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп эсептейт. Анын жүйөөсү боюнча, жакында эле өкмөттүк комиссия келип текшерип, бир дагы мыйзам бузуу фактысын тапкан эмес.
Салык инспекциясы, финполиция, ИИМ, прокуратура жана Эсеп палатасынын өкүлдөрүнөн турган чоң комиссия келип тешерип кеткен. Эгерде булар айтып жаткан дооматтар чындыгында бар болгон болсо анда ошол текшерүүчүлөрдүн документинде чагылдырылат болчу. Ошон үчүн мен булардын алдында актанып отургум келбейт. Мен таза, ак иштеген кишимин.

“Кыял” бирикмеси совет доорунда улуттук буюм-тайымдарды чыгаруу боюнча мамлекеттик ишкана катары ачылган. Кыйла жылдар бою кол өнөчүлук тармагында монополист болуп келген. Ал Кыргызстан баш калаасынын чок ордосунда калкы жыш Ош базарына жамаатташ жайгашкан. Ал эми Кыргыз эл сүрөтчүсү Султан Макашов 1994-жылдан бери жетектеп келатат.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 16.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.