Жалтанбас сынчы, кайраттуу калемгер

Сынчы, прозаик, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө 18-майда Улуттук китепканада ачылып, “Тандалган чыгармаларынын” 3 томдугунун бет ачары болду.

Жыйындагы эскерүүдө Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Бобуловдун мамлекеттик тилди көтөрүүдөгү эмгектери баса белгиленди.

“Эне тил барда мен бармын,
Эне тил менен Камбармын”
, – деп көзүнүн тирүүсүндө Камбаралы Бобулов айтып кеткендей, анын замандаштары Бобуловдун мамлекеттик тилге байланыштуу маселелерди күйүп-бышып көтөргөндөрдүн ана башында тургандыгын белгилешип, жалтанбас сынчы, кайратман калемгер болгонун эскеришти.

“Камбар бардык жагынан, өзгөчө улуттун тилин биринчи орунга коюп, анын көйгөйлөрүн көтөргөн чыныгы кыраан эле. Кээ бир маңыроолонгон чаар баштарга кыргыйдай эле тийчү”, –  деп кезегинде Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов баа берген.

Камбаралы Бобулов менен Улуттук университетте чогуу окуган, студент кезден берки курдашы, Эл жазуучусу Сейит Жетимишов Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки кыргыз тилинде окуган муун орус тилинен абдан кыйналышып, эне тилине муктаж болгондугун белгиледи.

Анын айтымында, ошол совет доорундагы муундун эне тилге болгон жүрөк түпкүрүгүндөгү муңду Камбаралы Бобулов биринчилерден болуп коомго ачык айтып, жар салып чыккан.
– Атаңдын көрү, эмне үчүн өзүбүздүн жан тилинде сүйлөй албайбыз? Эмне үчүн өзүбүздүн эне тилибизде документтерди жаза албайбыз? Эмне үчүн биз орус тилин мыкты билген бирөөнүн көзүн карап отура беребиз?-деп ушунчалык жаныбыз күйгөн. Ошондуктан бул формалдуу нерсе эмес. Бул чыныгы, тээ тияктан келген жандын кыйкырыгы болчу. Ошондуктан Камбар күйдү. Ошол Камбардын күйүтүндө бардыгыбыздын күйүтүбүз бар.

Сейит Жетимишов белгилегендей Камбаралы Бобуловдун дагы бир өзгөчөлүгү, анын акыйкатчылыгында эле.
– Камбаралынын эң чоң өзгөчөлүгү – ал абдан акыйкат болчу. Анан ал оюнда турган чындыкты эч нерсеге карабай айтып таштачу. Ошонун азабын да тартты. Мына ошонун урматы менен анын мааракелери белгиленип жатат. Эгерде ал кошоматчы же мындай бир жүргөн киши болсо белгиленбейт болчу.

Анан анын чынчылдыгы бүгүнкү күндөгү номур биринчи маселе болуп айтылып жатат. Ырында да, сынында да, баскан турганында да. Ошондуктан дүйнөдө чындыктан башка эч нерсе жок окшойт деп ойлойм. Албетте чындыктын жолу өтө оор, кыйын. Бирок чындыктан өтөөр эч нерсе жок.

Эгемендик алган жылдардан кийин уюшулган “Кыргыз тили” коомунун алгачкы президенти, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев да “Камбар аке коомдун ишин кескин жандандырып Жогорку Кеңеште “кыргыз тили” деп кыйкырып турган. Анын кыргыз эли, мамлекеттин тили үчүн жан үрөгөн эмгеги ошол депутат болуп жүргөндө калкка айрыкча даана билинди”, – дейт.

Ал эми Камбаралы Бобуловдун шакирттеринин бири, сынчы-адабиятчы Кадыркул Даутов устатынын иштермандыгын, эл-жердин кызыкчылыгы үчүн эч нерседен тартынбаган көк жалдыгын эскерип, ушул тапта андай жигиттер жокко эсе экендигин айтат.
– Мен азыр Камбаралы Бобуловдай жигитти көрө элекмин. Анын айрыкча депутат болуп жүргөндө кыргыз тилин сүйлөтөм деп жүргөнүн көрдүңөр. Кандай гана сөздөрдү укпады, кандай гана жемелерге туш келбеди. Бирок бардыгын көтөрүп, жасайм деген ишин жасачу.

Сынчы, акын, прозачы Камбаралы Бобулов эгерде тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Буга байланыштуу Улуттук китепканада анын чыгармаларынын көргөзмөсү ачылып, “Тандалган чыгармаларынын” 3 томдугунун бет ачары болду.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 18.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.