Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»

(аңгеме)

Бекзаттын бир адаты бар. Колу бош боло калса эле ар түрдүү  нерселерден    үй сала баштайт. Үй салат да, «Мына бул менин үйүм» – деп жанындагыларга  жарыя айта баштайт.

Бүгүн чай ичип отурсак, чакмак канттарды тизип алып тасмалдын четине үй куруп кирди.

– Ата, – деп мага көрсөттү ал, – көрдүңүзбү, булар – кирпичтер… Аппак кирпичтер бекен…

– Ооба…

– А булар болсо-шийпырлары…тактайлары…

Ошентип ал чакмак кант менен печеньелерден бат эле эки бөлмөлүү апакай там салып койду.

– Ата, мына бүттүм. Бул – менин үйүм…

– А-ий, Бекзат, сенин канттан салган үйүң жакшы үй болот го э? Канттай эле таттуу болот го… э? – дедим аны кубаттап.

– Ооба, – деди ал ойлонбой эле, –менин үйүм таттуу үй болот…

«Айтканың келсин, – дедим ичимден, Бекзатты саамайынан  сылап, – сен да чоңоюп, өзүңө үй курасың. Үйүң таттуу үй болсун!».

Бекзат чакмак канттардан дагы да топтоп алып, баягы эки бөлмө үйүн чоңойто баштады…

 

s_rysbaev111mС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.