Ж.Касаболотов. МЕЗГИЛ
Ай-жылдар аздан-аздан чубап келди.
Аралап чачтарыма бубак келди.
Кыздарга ыр арнаган мезгил бүтүп,
Кыздарды ыр жаздырган убак келди.
Ордунан доор алмашып, агым өттү.
Ортосун кең турмуштун жарып өттү.
Ойлонуп алды-артымды байкаганча
Ошентип орто өмүрдүн жарымы өттү.
Качандыр сайган чырпык жемиш берээр.
Кайратым караан болсо жеңиш келээр.
Каруусу катып калган канатымдын
Кабарын кайдан билсин, периштелер?..
11.11.2013-ж.
Соц тармактар: