Даанышман акын

Эсенгул Ибраев публицист, трибун акын эле. Ал өзүнүн “жан дүйнө жаңырыгы”, “Ойлон кыргыз” жана “Улут болсом – тилим менен улутмун” деген поэмаларын эл алдында жыйындарда кагаз кармабай жатка айтчу. Элди өзүнө тартып, ыр толкуну менен кыялга батыра турган.

Эсекемдин философиялык ой жүгүртүүлөрү коомубуздагы социалдык чындыкты чагылдырып, саясий лириканын үлгүлөрүн камтыйт.

“Кылымдарды кырчып келген,
Кылыч болуп курчуп келген,
Бирде жоодон ыдык көрсө,
Бирде жоосун былчып келген.
Бирде албуут, дайра болуп,
Бирде үптөй тынчы келген.
Зомбулуктан кутулам деп,
Согончогун жыртып келген,
Соо келе албай сылтып келген,
Боору кыргыз,
Боорум кыргыз” – дейт “Ойлон кыргыз” поэмасында.

Чыгарма таланттуу болсо акындын өмүрү да түбөлүк. Улуттун жашоосу канчалык узак болсо, акын да ошончо жашаары бышык. Державин, Пушкин, Лермонтов, Есенин, Цветаевалардын аттары ооздон түшпөй, чыгармалары улам жаңырып чыгып, көптөгөн улуттардын сүймөнчүлүгүнө айланып кеткен.

Чоң акындар чоң кызматтарда да болушуп, калемдери колдорунан түшкөн эмес. Державин – министр, сенатор, губернатор болгон. Гёте – айыл чарба министри, элчи болуп иштеген.

Эсекем мамлекеттик жана коомдук ишмер эле. Республикага белгилүү сатиралык “Чалкан” журналынын башкы редактору болуп иштеп, анын айлык нускасын 150 миңге жеткирген. Министрлер, обкомдун жана райкомдун катчылары, аткаруу комитеттеринин төрагалары “Чалканга” илинсе партиядан чыгарылып, кызматтарынан кол үзүшчү. Бирок “Чалканда” жети өлчөп бир кесип, чындыкты чыгара турган.

Эсекем чечен да болчу. Жыйындарда же отуруштарда элдин боорун эзип, тамаша менен чындыкты аралаштыра ура турган. Илгери Калык атанын жүз жылдыгында сүйлөгөндө элдин боору эзилип, ага катышып олтурган кадырман мейман Турдакун Усубалиевич Усубалиев көзүнөн жаш чыкканча күлгөнү эсимде.

“Биз бул таланттуу жигитке назар салбай калган экенбиз» деп өкүнө айтканы эсимде.

Бирок, Эсекем өкмөткө кайрылып, даттанып сыйлык же наам сураган жан эмес. Ал андай дөөлөткө элдин колдоосу менен жеткен. Ал Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Түркия мамлекетинин Ата Түрк маданий борбору менен илим, тарых боюнча Улуу Кеңешинин Академиги, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик коомунун Алтын медалынын ээси, КМУнун, БГУнун, М.Кашгари атындагы Чыгыш Университетинин профессору. 30дан ашуун ырлар, сатиралар жана поэмалар жыйнактарынын автору. Жакын жылдарда эле Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, зайыбы Саткын Абдрахманова түзгөн он томдук элге тарап кетти.

Эсекемдин жүздөн ашуун ырларына обондор чыгарылып, ар күн сайын радиодон жана теледен унутулбай берилип турат. Алардын обонун элге таанымал көрүнүктүү обончулар менен композиторлор жазышкан.

Эсекемди эскерип жатканыбыздын жөнү бар. Ал 1933-жылы 16-мартта Нарын облусунун Чет-Нура айылында жарык дүйнөгө келген. Асман тиреген аска-тоолордун этегинде, күпүлдөгөн Нарын дарыясынын боюнда анын балалык күндөрү өткөн.

«Поэзиянын алпы табигый таланттан көрүнөт», — деген экен атактуу сынчы Б.Г.Белинский, — биз үчүн поэзиянын жаркыраган таңы аткандай көрүнөт.

Өзүнүн ырларындай Эсекемдин өмүрү да түбөлүк, анын ысмы ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алган.

Билим Карагулов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Эркин тоо», 15.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.