Үлбүрөгөн, жел тийбеген, сөз тийбеген, таш тийбеген…

– Түке, бири кем дүйнөнүн кыянаттыгы ушулбу, Түгөлбай 60ка чыгыптыр деп эле айтып атышат, жазып атышат, карап туруп кээде ишенбей кетет экенсиң, Түгөлбай Казаков 60ка чыкты дегенге?
– Бул эми Шайлообек Дүйшеев 60ка чыгыптыр дегендей эле кеп да…

– Эми карабайсыңбы, мени кууп келип 60ка чыгып атканыңарды, чыкпай эле койсоңор болбойт беле, эмне мынча карылыкка шаштыңар?
– Калбайм мен артыңардан.

– Бул эми тамаша. “Жамгыр” деген ыр ошол кездеги доордун жүрөгүндө калган ыр болду эле. Уккан сайын кимдер гана жамгырда калып, кимдер гана сүйгөн кыздарына сүйүүлөрүн арнаган жок эле деп эстей берем. Бул ыр менен өзүнчө бир муун тарбияланып, бул ыр менен өзүнчө бир муун туңгуч сүйүүлөрүн бири-бирине билдирген. Чаңкап тургандагы чөлгө жааган жамгырдай болгон бир мезгил өттү да кетти. Ошол кезге кайрадан бир кайтып көрбөйлүбү, эмне үчүн ошондогудай ырлар бүгүн жок?
– Эми ар бир чыгармачыл адамга мурунку муун, ага чейинкилер таасир этет экен да. Мисалы, биздин алдыбызда ал кезде Жумамүдүн Шералиевден баштап, көзү тирүүлөрдөн Ашыралы Айталиев, Ырысбай Абдыкадыров, Султан Мамбетбаев, Сардарбек Жумалиев, Мукан Рыскулбеков, Үсөн Сыдыков, Аксуубай Атабаев өңдүү эмне деген керемет обондорду чыгаргандар турду. Анан ар бир чыгармачыл адам ойлойт экен да, чыгармачылыкка аралашам десем, анда кур дегенде ушулардын катарында жүрө тургандай чыгарма жазышым керек деп. Болбосо ошол кезде деле тантыраган обон чыгаргандар бар болчу, бирок алар тигилердин чаңында дайын-оту жок кетпедиби.

– А кезде да ыйман бар экен э, ошол тантыраган обондору, ырлары ырдалбаган бойдон кала берсе дагы “жылдызмын” деп чуу салбаган?
– Алар бактысыздар да. Мына азыр болгондо жаркылдап сахнадан түшпөй жүрмөк. Жылдыз болмок.

– Сахна “самопал жылдыздарга” толуп кетти го?
– Толуп кетти. Анан жана “Жамгырды” айтып атпайсыңбы. “Жамгыр” деле байкуш төрөлөрү менен эле шыпылдап басып, эл аралап кеткен жок. Бул ыр жаңы чыккан кезде мынабул Шубин атындагы музыкалык мектепте талкуу болуп калып, Борбордук Комитеттин Умтул Орозова баштаган кишилери, Токтосартов Акун акебиз келип, талкууда азыркы Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков жасалма гүлдөй жаркылдап, “жамгырда да сүйүү болчу беле, бул эмне деген тантыраган ыр?” деп чыккан.

– Кудай уур, ии…
– Анан мен залда олтурсам, филармониянын деректири, маркум Амангелди Керимбаев айтып калды, “Эй, жооп бербейсиңби?” деп. Анан мен “Ушундай суроого да жооп берчү беле” десем, Жалил Садыков агабыз чыгып алып: “Ай, Асан, айланайын, жамгыр эмес карда да сүйүү болот” деп айтты. Ошентип, бул ыр адегенде эле чалынып жыгылып, ар кимге урунуп, ар кимден жаакка жеп олтуруп, тушоосу кесилбеген бойдон жолго чыкты. 70-жылдары көз жарган ыр 80-жылдарга чейин кабыл алынган жок. Алгачкы чыгарган ырларымдын баары эле эл арасында ырдалып жүргөн менен он жыл бою кабыл алынбай келди.

– Кызык, ал кезде кабыл алынбаган ырлар расмий концерттерде дегеле ырдатылчу эмес эле да.
– Атайын чечим менен тыюу салынчу эмес, тыюу салынган бир эле “Элегия” болду. Ыр 75-жылдары республикалык репертуардан алынып салынды. Мен ошондо Ысык-Көлдө – Чолпон-Атада иштечүмүн. Колубузга “Элегия” репертуардан алынсын” деген кат келди.

– Себеп?
– Себебин билбейм, мен аппаратура алайын деп темселеп борборго келсем, бул жерден Борбордук Комитет чакыртып алып акемди окутту да, “сен деген обон чыгарардан мурда текстин карабайсыңбы?” деп эзди.

– Сөзү Омор Султановдуку эмес беле.
– Ооба. Анан эмне балакет болуп кетти дедим. Көрсө, азыр өзүң иштеп аткан “Азаттык” бул ырдын кайырмасын угузуптур: Анда “сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын, боз жоргодой таңашчу жайдакталдым” деген саптар бар эмеспи. Борбордук Комитет ошол саптарга жабышыптыр: “мына Кыргызстан орустардын колониясында, сүйүүгө эркиндик жок, ушинтип көрүнгөн жерде олтуруп алып боздоп атат” деп. Анан мени тепкилеп жатып калышты, “чыгармаларыңды карабайсыңбы?” деп. Мен айттым: “мен ырды китептен алгам, кокус саясий катасы болсо, китеп чыгып атканда карашпайбы?” деп. Ал эми сөзүнүн автору Омор Султановду эмне кылышканын билбейм, мен болсо ошентип тепки жеп алып кеткем.

– Эми а киши деле ошентип кутулуп кетсе керек, анын үстүнө компартияда жок эмес беле. Бирок эмне себептен ошол кезде ошондой “ашкере кыраакылык” болгон? Обондуу ырларды жалаң композиторлордон турган комиссия кабыл алчу эле да, же чыгарган ырлары эл арасында анча ырдала бербеген композиторлордун ич күйдүлүгү беле?
– Эми композиторлордун арасында деле Алтынбек Жаныбековдун “Түндөсү”, Калый Молдобасановдун “Жайлоодосу” же “Селкигеси”, же Насыр Давлесовдун “Жылкычы бозойгосу” эл аралап эле жүрбөдүбү. Жакшы чыгармаларды жазгандар болду. Бирок ошол эле обон кабыл алынган жерде биздин ырлар он жылдап өтпөй келсе, кимдир бирөөлөрдүн чыгармалары ай сайын эле кабыл алынып жатчу.

– Ал кездин чен-өлчөмү менен арбын акча төлөнчү эмес беле.
– Ооба, бирок дагы бир себеби бар болчу. Мисалы, комиссияга келип эле лирикалык бир ыр ырдайсың да. Анан айтышат: “Ай, дагы “секетпайбы?, эмне үчүн Партия, Ленин, Родина жөнүндө ырлар жок?” деп. Эми табиятында жалаң патриоттуулук темада жазгандар же Рысбай сыяктуу жалаң лирикалык темада жазгандар болот да.

– Ал учур эми ошондой эмес беле. Бизди деле Партия, Ленин жөнүндө ырыбыз болбосо, китебибизди чыгарбай, Жазуучулар союзуна мүчөлүккө албай келишкен.
– Менин ыр жыйнагым деле 6 жыл чыкпай жатты да, партия, Ленин тууралуу ырым жоктугунан. Анан айтышты “ай, кур дегенде бир ыр жазып койчу, Ленин же партия жөнүндө” деп. Анан мен шоркелдей ырларды угутка салып, ичимден кайнатып жүрүп чыгарып көнгөн жаным алты жыл жүрбөдүмбү. Анан айлалары кеткенде “Ай балдар үчүн жазчы кур дегенде, таза кудай урган эме экенсиң го” дешти… Анан балдар үчүн обондуу ыр жазып келип, ошонун аркасы менен эптеп чыгып кеткем.

– Жанагы татынакай “Ак гүлдөрбү?”
– “Ак гүлдөр, көк гүлдөр”…

– Балалык демекчи. “Алтын балалык” деген ыр эмне деген керемет ыр. Биз баарыбыз учурунда ошол ырдагыдай “жар бооруна там куруп, чал-кемпир” болуп ойногон элек. Ал эми азыркы жаштардын сүйүүсү “СМС сүйүү”, “Компьютер сүйүү” болуп калды, “Базар балалык” болуп калды. Биз ырдаган алтын балалыкты кайдан табабыз эми?
– Шаке, өзүң жакшы билесиң да. Чыгармачыл адамга романтикалуу жандүйнө керектигин, ал эми романтикалуу жандүйнөнү Ош базарындагы тачка бербейт да. Бул жашоо балдардын балалыгын көр дүйнөгө сүйрөп кетип, көр дүйнөнүн кулу кылып салып атпайбы. Биз жайлоодо чоңойдук. Жайлоо өзү эле романтикага толуп-ташып турчу эле го, таңдын атып келатканы, күндүн чыгып келатканы, капкашка суу, таптаза аба, анан апачык асман заматта аласалып, тоо боорунда оонап, жылып келаткан туман… Мына ошолордун баары биздин кинотеатрыбыз болуп, чалкабыздан түшүп алып булуттарды тоолорго, дөөлөргө, төөлөргө окшотуп эле шумдук болуп атчу элек го. Андай романтикалык дүйнөдөн шаардын балдары куржалак калбадыбы. Азыркы интернетти, сотканы тиктеп олтурган балдарда каяктагы романтика, каяктагы балалык? Эки башка дүйнө болуп кетти баары. Мен азыркы балдарды карап алып аябай кейийм, булар чыгармачыл адам болбогон менен сөзсүз бир тыйындын кулу болот. Анткени турмуш ушуга алып келди. Бечералар же мектепте окубаса, көргөн-өскөнү эле ушул тачка түртмөй, көргөн-өскөнү эле бирөөнүн баштыгын көтөрүп барып машинеге салмай… Башкача айтканда, бирөөгө жүгүрүп кызмат кылган, бирөөнүн оту менен кирип, күлү менен чыккан статусту алат да калат, бу турмуштан башка эмнени алмак эле?

– Түгөлбай, экөөбүздүн деле балалыгыбыз жетимдикте өткөн, бирок бүгүнкү жетимдерге окшоп экөөбүздүн балалык бир тыйындын аркасынан кубалаган жок эле, биз Күндүн чыкканы менен батканын кубалап өспөдүкпү.
– Кыргыздар илгертен эле руханий дүйнөнү биринчи орунга койгон. Артык баш дүнүйө жыйнаган эмес. Андан кийинки компартия доору баарыбызды мекен, мамлекет жөнүндө ойлогонго түрттү, өзүнүн жеке кызыкчылыктары агезде экинчи, үчүнчү планда калчу. Ал эми союз кулагандан кийинки турмуш керт баштын кызыкчылыгын биринчи орунга алып чыкты. Ошентип азыр керт башың да, мекениң да кайсы бир чөнтөгү калыңдын бере турган беш сомунан өйдө турбай калды. Ошон үчүн биздин балдар балалагын жоготту.

– Дагы бир сурайын дегеним, сенде бардык сапаттар бар. Баарына акылың жетет. Мисалы, мен сени менен алыс сапарга аттансам анча-мынча акылымды үйүмө таштап салып деле ээрчип кете берет элем. Анткени сенин акылың турганда, меникинин кереги деле тиймек эмес. Кудай сага, баарын… обончулукка кошуп чечендикти да, акындыкты да берген. Бир кезде сен бизге: “сезим акылга оой баштаганда мурдагыдай ыр, обон чыкпай калат экен, мен эми обон жазууну токтоттум, башка бир нерсеге өттүм” деген элең, ошол тууралуу айтсаң?
– Туура, акыл адамга керек дечи, бирок талант акылга анча муктаж болбойт экен, талантка оргуштаган эле сезим керек экен, анан ошол сезимдин ээ-жаа бербей кайнап, төгүлүп-чачылып турган кезин жыйнап ала тургандай эле акыл керек экен. Мен эми чоң акылдуу деле болуп кеткен жокмун. Бирок ошол көкүрөгүңдөгү өнөрүңө тете кенедей эле акыл, жүрө-жүрө обончулугуңду токтотуп салып атпайбы. Токтоткону ушул, ичиңе бир кыжыйган, кежигеси кер тартып, кеп-сөзгө келбеген редакторду олтургузуп коет экен.

– “Токтот Түгөлбай! Мунуң болбойт” деп желкелеп турат дечи?
– Болбойт деп гана кашайып турат да. Анан айла жок токтотосуң да. Бу чыгармачыл адам деген көндүм болуп калган алкагынан чыгып, өзүн сырттан карап, жандүйнөсүн бир сыйра чачып алып, керексизин ыргытып, керектүүсүн майлап-сайлап, кайра жыйнап турушу керек экен. Ал эми бизди кандай тарбиялашты, “түз жүр, кыйшайсаң өлдүң, шыйрагыңды чагабыз” деп олтуруп, такыр эле какчыйып бүтүп калыппыз да. Мен да башында эч ким жолумду бууй албагандай, эч ким басым-кысымга алалбагандай эркин элем да.

– Анан сага дагы ооздукту катты?
– Ооба. Анан калыпка салды. Мен да жанталаштым, жакшы киши болоюн деп. Бирок бу да өзүнчө азап экен.

– Азап болгон менен, өзүнүн чама-чаркын таразалай алыштын өзү да эрдик го дейм. Баса, кыргыздын керемет обончулары Рысбай менен Асанкалый акыркы жылдары өздөрүн өздөрү кайталап калганын билишти беле? Менимче, билбей калып өттү го дейм?
– Менин жеке принцибим ушундай болчу. Эң башкысы өзүңдү кайталагандан качуу деген. Анткени өзүңдү кайталагандан баштап чыгармачылык токтойт. Анын үстүнө башкалардан да сабак алуу керек, биртоп жерге баргандан кийин өзүн-өзү кайталагандар болду, жетерине жетпей эле өзүн кайталап калгандар болду, бир-эки обон чыгарып алып ошонун алкагынан чыкпай калгандар да бар. Акыры анын баары кемчилик катары эл арасында сөз болот экен. Аны өзүң да угасың, анан ушундай кейипке түшпөйүн дейт экенсиң да. Бул, биринчиден, экинчиден, музыка таза жандүйнөнү, наристе жандүйнөнү жакшы көрөт, адамдын ичинде наристе кайрыктар жүргөндү жакшы көрөт. Ал кайрык үлбүрөгөн, күнөөсүз, жел тийбеген, таш тийбеген, муштум тийбеген, сөз тийбеген болуш керек. Анан адам жаш өткөн сайын кирдей баштайт. Көкүрөгү кирдейт, көңүлү калат, бирөө алдайт, бирөө сындырат. Бирөөлөр болсо аңкилдек атып келип эле ичиңде үлбүрөп, тартылып турган жибиңди тиши менен чарт үзүп алат. Аның андан кийин жарака кеткен жериң бүтөбү, бүтпөйбү, ал да Кудайдын колундагы иш. Анан ошентип жүрүп олтуруп, бир күнү баягы кайрыктардын күчкө салынып, атайылап жасалып жатканын сезе баштайсың. Өзүн-өзү кайталоонун алдыңкы этабы ушул. Күчкө салып жаза баштаганда кайрык өзү келбей, адам далбастап, көрүнгөн жактан ар нерселерди издей баштайт. Кыялы да кыска болот алыска чабыттай албай, анан өзүн-өзү “күрөктөп” казып кирет. Казактын бир жакшы ыры бар го “Аяз кысса чарк айланып казыкта, буура сымал өз тизесин кемирген” деген. Баягы көрөңгө түгөнө баштаганда өзүнүн тизесин өзү кемирип баштагандай кеп да. Анан мен да төрт тизем аман калсын деп обончулукту токтотуп койгонум ошол болду.

– Бул чыгармачыл адамдардын баарына сабак боло турган нерсе го дейм?
– Мен баарына айтат элем: “Эй, түгөнбөгөн эч нерсе жок, түгөнөт, баягы деңгээл болбойт. Бир бийиктикке чыктың, кокус ошондон ары кете турган болсоң жаз, кайра шелпейип артка келе турган болсоң токтотуп кой, “жакшы ит өлүгүн көргөзбөйт” дейт.

– Түкө, эмне үчүн биздин “жылдыздар” акыркы кездери жакындап, жерге түшө баштады? Дегеним, мурдагы жүрөк сүйгөн, “эски” ырларга кайрылып келишүүдө?
– Жаштар деле ырдаган жеринде укпаганды укту да. Кыргыз эле болсо кантип айтпай калсын. Айтты да, эмне үчүн уга турган ырларды ырдабайсыңар деп. Анан тойго келгенде эле кайсы ырды ырдаш керек экендигин ойлонот да булар. Сахна деген, балким, башкадыр. Бирок сахнадан ойлонбогонду тойдон сөзсүз ойлонот. Ушул себеп болду го дейм.

– Сахнага айталбаганын кыргыз тойдо сөзсүз айтат.
– Тойдо айтат. Анан жага турган жакшы ыр издеп, кайра мурдагы ырларга кайтып келип атпайбы. Обондуу ырлардын керемети 30-жылдардан баштап 60-70-жылдарда калды да. Менин агайым айтты эле: “Баштыгыңда дан болбосо эгин себем деп талаага келбе, шатысы жок тамдын башынан секирбе, паравоздун алдына түшүп алып чуркаба” деп. Бул деген чыгармачыл жаштар үчүн үч экмет. Биринчиден, бизден башка элдердин музыкасы кандай, дүйнөлүк музыканын фонунда кыргыздын орду кандай деп ойлонуш үчүн да биртке билим керек да, ал эми мынабул компьютер аркылуу агып кирип аткан массалык маданияттын үлгүсү менен тарбияланган адам жанагы тачкадан башы чыкпагандай эле кеп да. Улуттук уңгуга кайтып келиш үчүн балдардын көкүрөгүндө улуттук аң-сезим болуш керек. Консерваторияны бүтпөсө дагы кирди-чыкты билими болуш керек, нотаны билүүгө тийиш. Эми буларга миң сом кошуп берсең дагы нотаны тааныбай жатпайбы. Нотаны билбеген ырчы бул жол таппай карайлаган сокурга тете. Эгер такыр эле билими жок болсо, анда булардын көкүрөгүндө туулганда эле теңир менен кошо бүткөн Атай менен Мусаныкындай шумдуктай нукура көрөңгө болушу кажет. Кокус бул экөө тең болбосо, анда ошолордун ырын жаттап алып, тойго барып ырдай бер, башка не дейбиз.

– Эми кудай буюрса, ушул айдын 19 менен 20сында Токтогул атындагы Кыргыз филармониясында 60 жылдыгыңа арналган кечең өткөнү турат. Концертиңде кимдер ырдайт? Өзүң ырдайсыңбы?
– Азыр ырларымды учурунда кимдер ырдаган деп териштирип көрдүк. Бир эле “Жамгырды” 14 киши ырдайт экен. Анан аны эки күндүк концертке кантип батырарыбызды билбей башыбыз катып турат. Экинчиден, симфониялык оркестрде да, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде да 20дай ырым, аны ырдачулар да бар. Ошол эки оркестрдин солисттери жана жеке аткаруучулар менен өтөт. А мен болсом “Түгөлбай баягыдай эмес, баягыдай болсо аягыдай эмес” деген макалга аябай төп келип турам.

– Баягыдай болбосоң дагы баары бир өзүң чыгышың керек го… Антпесең элиң ыраазы болбос?
– Жок, чыгам го, эптеп-септеп… Бирок сахнада жалгыз өзүм 2 саат 4 мүнөт ырдап турган 80-жылдардагы күч-кубат жок азыр.

– Анда эмне 60ка чыктың, кое турбай?
– Үн деген да жыл өткөн сайын сынынан кеткен буюмга окшоп, кемелинен кетип, эскире берчү нерсе экен. Анын үстүнө үндү багыш үчүн, такай театрда иштеш керек. Анан биздин бир жылда эки жерден “ой!” деп кыйкырып койгон үнүбүз кантип сынын бузбай сакталсын. Ошол эле “Насыйкатка” азыр “үнүм” жетпей калды.

– Тамекиники да.
– Тамекиники да, арактыкы да, замандыкы да, алты… мыштыкы да болду окшойт.

– Эмне дейбиз эми, ушуну менен аңгемебизге чекит кое туралы. Дагы жолуга турган жолдор бүтпөсүн, тоюң жакшы өтсүн. Тойдо элибиз менен биз да болорбуз.

Маектешкен Шайлообек Дүйшеев, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.