Кызыл алма

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чакан аңгемесинин негизинде белгилүү режиссер Төлөмүш Океев 1975-жылы тарткан, “Кыргызфильмдеги” эң лирикалуу, эң романтикалуу көркөм фильм. Бул жөнүндө режиссердун кызы “Төлөмүш Океев” атындагы фонддун жетекчиси Азиза Океева менен маекти сунуштайбыз.

– Атаңыз “Кызыл алманы” тарткан кез эсиңизде барбы?
– Мен анда он алтыда элем. Режиссерлор да геологдордой да. Кино тартабыз деп талаалап кетип, үйлөрүнө көптө кайтышкандыктан, үй-бүлөсү менен өткөрчү сейрек учурларды абдан баалашат. Мүмкүн болушунча аз убакыт болсо да бирге болгонго аракеттенишет. Атам Төлөмүш Океев да, буга чейинки татаал, кыйынчылык менен тартылган оор тасмаларынан кийин, лирикалык чегинүү катары жеңил, романтикалык “Кызыл алманы” тартаарда, бизди көл жээгине чогуу ала кетти. Апам, мен, сиңдим, иним сүйүнүп, бирге жөнөсөк да, ал иштээрин, ага эч кимибиз жолтоо болбошубуз керектигин билчүбүз.

– Кеме үстүндөгү той көлдүн кай жеринде өттү?
– Тосордон кийинки айылда кемелер токтогон жээк бар экен Караколго, Тоңго, Түпкө жүк ташыган. Ошол жердеги эң чоң жүк ташуучу кемени жалдашып, ага желектерди байлашып, той өтчү эпизодго даярдашты. Жүк ташыган кеме экени жакындаганда байкалса да, алыстан көп билинбейт. Азыр көргөн кээ бир жаштар, таң калып сурашат. “Байкатпай боеп койсо болбойт беле? Же, ошо кезде кемеде тойлошчу беле?” – дешип. Ал кезде кемеде той өткөрүү адамдардын түшүнө да кирчү эмес. Азыр деле аябай бай бирөө-жарым өткөрбөсө, жокко эсе. Бу режиссердун ой-кыялынан жаралган фантазиясы болгон. Көлдүн ортосуна деле эч ким сүзүп барчу эмес. Азыр деле эч ким барбайт. Кинотоп гана бир ай көлдүн ортосунда сүзүп, иштеп да, эс алып да жүрүп тартышкан. Теребел укмуш кооз эле, көл үстү миң кубулуп, миң түрлөнүп сонун болчу. Бейиште жүргөнсүйсүң тимеле. Күнүгө тойдун эпизоду кичинеден күн баткыча тартылат. Күнүгө дублдар кайталанат, күндө той, биз үчүн чыныгы майрам болгон. Той чындап болбосо дагы, музыка, шампандар чыныгы эле. Актерлор да, кинотоптогулар да баары жап-жаш, тап-татынакай, баары өз орду менен, баары керектүү, баары чын дилден иштегендер болчу.

– Атаңыз романтикага жакын беле?
– Атам жаратылышты, табиятты, сулуулукту абдан сүйчү. Бошой калса эле, үй-бүлөсүн алып, досторун, кесиптештерин чакырып, тоого чыгууну уюштура салчу.

Бул фильмди тарткан кезде атам жаш эле. Фильмде ошол жаш режиссердун жан-дүйнөсүнүн лирикалык жагы толугу менен ачылып, романтикага, кыялга бай ички дүйнөсү чагылдырылган. “Кызыл алма” өзү кичинекей эле аңгеме да. Ал кезде Чыңгыз Айтматовду кезек менен улам бирөө тартып, “базары жүрүп турган” убак. Ошо кезде, Чыңгыз Айтматов атама “Сен деле тартып көрбөйсүңбү?” деп сунуш кылыптыр. Кичинекей аңгемени тартыш чоң мейкиндикти берет да режиссерго. Кандай фантазияласаң да жакшы кетет. Кыялыңды, болгон романтикалык ой-дүйнө, ички мүмкүнчүлүгүңдү ачып алсаң болот.

– Сиз эпизоддорго да тартылган жоксузбу?
– Жок. Тою болуп аткан жаш кыздын ролуна кичүү сиңдим Алиманы тартайын деп ойлогон, бирок ал дал келбей калды. Оператордун кызы Анара Маткадырованы тартты. Азыр ал Москвада жашайт. Профессор, илимдин доктору. Алима атамдай дипломат болду, Түркияда. Мен “Төлөмүш Океев” атындагы фондду жетектеп атам. Быйыл он сегизинчи декабрда атамдын өлгөнүнө он жыл болот.

– Актерлор эсиңизде барбы?
– Бир эпизоддо Геннадий Базаров тартылган, жаш болчу. Бактын арасында сүрөтчү балдар топтошуп, мушташа кетишкен жерде. Таттыбүбүнү, ошо кездеги “мода” боюнча баары “Таня” дешчү. Абдан олуттуу, салмактуу жүрчү. Чокморов анда бир топ жашта эле. Каармандын жаш кезин ойногондо, ага Япониядан атайы узун парик заказ кылышкан, жаш көрсөтүш үчүн. Ал кезде, мындайды биздикилер билишчү эмес. Таттыбүбү экөө ат үстүндө жорго минип баратканын тартканда, аларга бир курс ат үстүндө камерага бери карап жүрүү ыкмасын үйрөтүштү. Муну режиссер өзү ойлоп таап тартты. Гүлсара Ажыбекова Сүймөнкул Чокморов менен күйөөсү-аялы болуп, мамилелерин териштирген кадрда, көл жээктеп баскан эпизод бар, ошо жерде актриса тап-такыр ыйлай албай кыйналды. Улам бир дубль тартышып, жарабай калып, кайра токтошот. Күн өтүп, кеч кирип кетип, эртесине калат. Ошентип убаралана бергенде, атам жанына басып барып түшүндүрүп атып, күтүүсүздөн жаакка берип калды. Ызаланган актриса шолоктоп ыйлап жиберди. Ал ыйлаар менен атам “Баштадык!” деген команда берип тартып кирди. Тартып бүткөн соң кечирим сурады. Актриса да түшүнүп, таарынбады. Бир жолу, кечинде пансионатка кайтаар мезгил болду. Карасак, бизди пансионатка жеткирчү шоопур бутуна туралбайт. Эмне кыларды билбей туруп калдык. Чокморов абдан сылык-сыпаа адам эле “Мен айдап көрөйүнбү?” деди. Кинодо эле кичине айдап тартылып, билчү эмес. Баары айла жок, болуптур дешти. Жол жаман, өңгүл-дөңгүл. Ал акырындан кыбыратып этият айдап, эптеп жеткирди. Ошондон кийин айдап көнүп кетти, үйрөнүп.

– Фильмдин бүгүнкү тагдыры кандай?
– Мен бул фильмди Францияга, Германияга алпарып көрсөттүм. Алардын көздөрү бакырайып, аябай таң калышты. “Ошо, 75-жылдары ушундай жакшы жашачу белеңер? Ушундай жарашыктуу, модалуу кийинчү белеңер?” деп. Парадды көргөндө тимеле кусалык пайда болот, ошо кезге. Эң сонун убак өтүп кетиптир. Жакында Караколдо болгон “Оймо” фестивалында фильмди элге койсом, музыкасына элдин баары чыгып бийледи, аянтта, көрүп атып.

– Музыкасын Шандор Каллош укмуш жазган да?
– Шандор Каллош мыкты композитор. Ал атамды абдан жакшы көрчү. Эски бир англия акынынын ырын таап ошого обон чыгарып, жаздырып келген. Той болгон жерде, кемеде Жамал Сейдакматова чындан эле өзү ырдап аткандай туюлат. Ал кинотоп менен көл үстүндө бир ай жүрүп, кино тартылып бүткүчө Кыргызстанга, анда жашаган кыргыздардын табигый, жөнөкөй жашоосуна ушунчалык берилип, жакшы көрүп калыптыр. Атамдан ушу кыргыз жеринде калып, тоодо чабан болуп жашагысы келерин айтып жалынып сураныптыр. Атам болгон кадырын салып атып, ага Бөкөнбаевдеги Ленин колхозунун башкармасы Тойчубаев дегенден, тоодо кой багып жашаганга руксат алып берет. Ал кой бөлдүрүп алып тоодо жашап, жакшы чыгармаларды жаратайын деп ойлосо керек. Анын кой жайып коюп, өзү кыялданып башка иш менен алек экенин көргөн, чыгармачыл адамдын жан-дүйнөсүн түшүнбөгөн тегерегиндеги кээ бир түркөй адамдар ага башкача мамиле жасай башташат. Композитордун койлорду өзү кайтарып, чоочундарды, ууру-бөрүнү жолотпогон итине көз артышып итин сатып алууну каалашат. Сатпай койсо, уурдаганга аракеттенишет. Уурдай албай калганда ууландырганга чейин барышат. Абдан көңүлү калган композитор-“чабан” жарым жылга жетпей, атам менен коштошконго жарабай, таарынган бойдон ал жерден качып кетиптир. Аны аябай таарынтышыптыр. Ал азыр Москвада жашайт. Өткөн жылы “Төлөмүш Океев фонду” атамдын фильмдеринин музыкалары боюнча “Музыкалык кече-концерт” уюштуралы десек, музыканттар ойноп аткарганга ноталарын таппай калдык. Баарын өрттөп салышыптыр.

Алтынай ТЕМИРОВА, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.