“Күз” сынагы: Азамат Кыязов

Күз күүгүм

Сур булуттан көйнөк кийип сумсайып,
Суук жыттанып суроо салат коңур күз.
Суроолору гаризонтто мунарык,
Суроолору закымданат тунарып.
Жооп бере албайм…
Жоопторум жөө туман,
Жүдөп-какап жолдо жаткан чубалып.

Каркыралар кыйкуулары угулбайт,
Карга гана «карк-курк» этет калдактап.
Кара карга каркылдагы музыка,
Кара карга каркылдагы муң, ыза.
Сенек жандар…
Сезимден кур денелер,
Себелеген жамгырың да бук, куса.

Үргүлөгөн күүгүм кирпик салган чак,
Үшүп турам, кеч күздүн бир кечинде,
Үшүткөндөр – аяз миздүү үмүттөр,
Үшүткөндөр – муз каптаган жүрөктөр.
«Күңк-мыңк» этип
Күкүк сааттын жебеси,
Күтүү сурайт, күрткү баскан мүнөттөр…

Азамат Кыязов,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

One thought on ““Күз” сынагы: Азамат Кыязов

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.