Замир Эралиев, кинорежиссер: “Бакен эженин көөнөргөн, күрөң пальтосу эсимден кетпейт”

Ар бир адамдын акыркы күнү бар. Тирүүлүгүнүн соңу. Бирок кайсы күн акыркы күн болуп калаарын эч ким билбейт. Адам өлөөрүнө канча бир саналуу сааттар калганда өзгөчө сулуу болуп кетет дешет. Боюн түзөйт дешет. Бирок ажал аңдып турганын эч ким билбейт. Атактуулардын, дөө-шаалардын да акыркы күнү болгон. Тагдырларынан түркүн боектуу тамчылар тамган. Белгилүү кино режиссер Замир Эралиев “Төкөлдөштүн төрт кызы” деп элге таанылып, кыргыздын театр, кино өнөрүнүн түптөлүп, өсүш жолунда азыркыга чейин айтылып, жазылып да бүтпөй, биздин уламышка айланган Бакен Кыдыкееванын тагдыр тамчыларына кайрылып, көргөн-билгендерин айтып берди.

Тагдырга сайылган бычак
– Бакен эженин трагедиялуу тагдырына коом күнөөлүү. Бакен эженин трагедиялуу тагдыры, бизге эгемендүүлүк келген жылдарга туура келип калды. Коммунисттер менен комсомолдордун көпчүлүгү өздөрүн, өз жолдорун таап кетишти. Бул союздун ыдыроосу, талкалануусу менен көптөр өздөрүн жоготту. Алардын арасында Бакен Кыдыкеева эже да бар эле. Эжени штат кыскартуу деген шылтоо менен киностудиядан чыгарып салышты. Кыргыз кино, театрын курган адам заматта унутта калды. Же театрга, же киного чакырышпады. Күндөп-түндөп киностудия, театр, теле-радио деп чуркап жүргөн актрисага бул оор тийди. Ушундан кийин баары бүткөнсүдү. Баары токтогонсуду. Бир нече күн, бир нече саат жүрүп келген поезд токтоп калгансып, жымжырттык өкүм сүрдү… Бул жымжырттык Бакен эженин тагдырына сайылган бычак болду. Өзүн-өзү жоготуп койду. Таштап койду. Арак иче баштады.

Бакен эже менен кездешүү
– 1990-жылдары эжеге көчөдөн кезигип калдым. Күрөң көөнөргөн эски пальто кийип жүрүптүр. Эженин кебетесин көрүп жаман болуп кеттим. “Ой эже, сиз кайда жүрөсүз? Сизди киного тартыш керек. Буюрса чакырам”, – дедим. Эже абдан кубанды. Ошол кезигүүдө эжеге үйүнө азык-түлүк алып бергим келди. Бирок туугандары бардыр. Мен мындай кылсам эже уялып калабы деп ойлонуп, коштошуп кете бердим. Көрсө, ошол учурда эженин тамакка, кийимге муктаж убагы экен.

Тоолук жигитти жактырып калганы
– Бакен эже түз жүргөн, түз сүйлөгөн, бетке айткан эже эле. Ички сезимин деле жашырчу эмес экен. Союз убагы актер, актрисалар чогулуп эл аралап, гастролдоп жүрүшөт. Эженин отуз жаштардагы келишкен кези экен. Бир айылга барышканда келишкен кыргыз чабан жигитке көпчүлүк көз салып калат. Ал жигит көк-бөрүчү, сөзмөр, жигиттин гүлү болот. Бакен эже дагы ал жигитти жактырып калып, эч кимден тартынбай эле “Эй жигит, сен мага жагып калдың”, – дейт. Эженин махабаты сөз болуп эле айтылып калбай, ал түндү чабан жигит менен чогуу өткөрөт.

Орус аялдын сазайын берген
– 1955-жылы тартылган “Салтанат” деген фильмде Бакен эже башкы каармандардын бирин ойногон. Ошол фильмде образ жараткандыгы аркылуу делегация менен Москвага чакырылган. Кийими андай деле кычырабаган жупуну эле болот. Ошондо бир көпкөн орус аял “бул айылдык кыргыз каякка барат?” деп Бакен эжени мазактайт. Мен сага айылдык кыргызды көрсөтөм деп Бакен эже сотко чейин кайрылат. Акырында ал аял “Бакен, кечирип кой, мен туура эмес сүйлөптүрмүн” деп кечирим сураптыр.

Дүйнөлүк сулуу Ани Жерардого теңейм
– Бакен Кыдыкеева сулуулугу боюнча дүйнөлүк эталонго кирген аял. Анын сулуулугун, талантын башка эч бир актриса кайталай албайт. Мен аны дүйнөлүк сулуу Француз актрисасы Ани Жерардого теңейм. Бакен эже кыргыз сахнасына пайда болгондон тартып фанатизм пайда болгон. Бакен эжени сүйгөндөр, спектакль аяктагандан кийин фаэтонго олтургузуп, кучак-кучак гүлгө ороп, үйүнө жеткиришчү экен. Азыр кайсы актрисаны же ырчыны таксинин акчасын төлөп үйүнө жеткиришип жатат.

Моргдон медсестра тааныптыр
– Ошондой баркталган актриса 90-жылдары эле эч кимге кереги жок болуп калды. Өмүрлүк жардан, күйүмдүү баладан дагы айтпаптыр. Бакен эже ичип, ошентип жүрүп-жүрүп эле бир күнү дайынсыз, жок болуп кетет. Аны эч ким ойлобойт. Эч ким издебейт. Ошол бойдон, дайынсыз бойдон көмүлүп калмак. Дагы жакшы, бир медсестра кыз моргдон таанып калат. Ошол абийир болуп, акыркы сапарга узатуу үчүн комиссия түзүлүп, некрологдор жазылып, коштошуу аземи өткөрүлөт. Бакен эже ушундай трагедиялуу тагдыр менен акыркы күндөрүн өткөрүп, арабыздан узаган.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.