Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору

Аталган макаланын өзөгүн Алматыда 2011-жылы өткөн конференцияда “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан даярдалып, окулган доклад түздү. Ушуга байланыштуу айрым маалыматтар эскирип калышы мүмкүн. Бирок жалпысынан, макаладагы айтылган нерселер кыргыз тилдүү интернетке али да мүнөздүү көрүнүш.

Бир аз тарыхка кайрылуу

Кыргызстанда алгачкы компьютердик тармак (сеть) 1991-жылы уюштурулган болчу. Ал Алматыдагы RICC түйүнү аркылуу 20 абонентти тейлей алган. 1992-жылы майда RELKOM тармагынын түйүнү катары “ИМФИКО” фирмасы иштей баштаган. 1994-жылы учурдагы ири интернет-провайдерлердин катарына кирген «Элкат» менен «Азия Инфо» компаниялары негизделген. Ал эми 2009-жылы Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин саны 40ка жеткен.

Кыргызстан ЖМКларынын арасынан алгачкылардан болуп Интернет майданын “Кабар” маалымат агенттиги өздөштүрө баштады. Ал 1997-жылы өзүнүн сайтын ачкан. Айрым, карама-каршылыктуу маалыматтарга таянсак, учурда “KG” зонасында 3 миңден 6 миңге чейин веб-сайттар катталган. Бул жерде белгилей кетиш керек, иш жүзүндө Кыргызстандык жарандар, уюмдар, ЖМКлар ачкан сайттар бир кыйла көп. Бир гана алар веб-баракчаларын башка домендик зоналарда ачышкан.

Кыргызстандыктардын Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү

2010-жылы “Интернет саясат жана жарандык демилге” (ГИИП) коомдук фондусу тараткан маалыматка таянсак (сүрөттөрдү карагыла), Кыргызстандагы интернет-колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашкан, бул калкыбыздын дээрлик 40% дүйнөлүк желеге кире алат дегенди билдирет. Акыркы жылдары уюлдук телефон операторлору 3G форматындагы байланыштарды киргизүүсү менен интернет колдонуучулардын саны дагы бир кыйла өстү десек болот. Анткени эми ар-бир адам уюлдук телефону аркылуу Интернетке жеңил-желпи кире алат. Бул зым аркылуу Интернет али да жете элек аймактарда жашагандарга эң ыңгайлуу.

Кыргыз тилдүү сайттар

Биринчи кыргыз тилдүү сайт 2000-жылдын ноябрында ачылган. Кыргыз интернетинин башында турган Жаныбек Жанызак “Аалам” гезитинин интернеттеги баракчасын ачып берген эле. “Zaman-Кыргызстан” гезити кийинкиден болду. Аталган гезит 2003-жылдын мартында өз интернет-өкүлчүлүгүн ачкан. Бирок тилекке каршы, аталган эки гезиттин сайттарын учурда табууга болбойт – ар-түрдүү себептерден алар жабылып калган.

Кандайдыр бир деңгээлде учурдага абалга баа берүүгө “Net.kg” сайтындагы маалыматтарды иликтөө мүмкүнчүлүк берет (бул сайт учурда Кыргызстандагы жападан-жалгыз рейтинг системасы болуп эсептелет). 2011-жылдын 20-июнундагы маалыматтарга таянсак, ошол убакка системада 346 сайт катталган. Алардын 26сы гана кыргыз тилдүү же кыргызча баракчасы бар сайттар болгон, же болбосо 1/13.

Кыргыз тилдүү сайттарды негиздөөчүлөрү боюнча 3 топко бөлсө болот:

–          Кыргызстанда ачылгандар

–          Чет жерде жүргөн кыргызстандыктар ачкандар

–          Кытайлык кыргыздар ачкан сайттар (алар негизинен араб графикасында)

Ал эми бул сайттардын арасынан кыргыздар кандай сайттарга басым кылаарын аныкташ үчүн “Кыргыз маданият борбору” блогундагы маалыматтарды колдондум. Аталган блогдо дүйнө желесинде табылган бардык кыргыз тилдүү сайттарга шилтемелерди чогултуу аракети кылынган. 2011-жылдын июнь айына анда 97 кыргыз тилдүү сайттарга шилтемелер топтолгон. Аларды төмөнкүдөй кылып болүштүрсөк болот:

  • Оюн-зоок сайттар жана форумдар                                      – 19
  • Блогдор                                                                     – 18
  • Адистештирилген сайттар                                                  – 15
  • Маалыматтык сайттар                                                      – 13
  • Салттуу ЖМКлардын веб-баракчалары                                  – 12
  • Расмий органдардын сайттары                                           – 11
  • Корпоративдик сайттар                                                     – 9
  • БААРДЫГЫ                                                                – 97

Бул жерде белгилей кете турган нерсе, эң бир популярдуу кыргыз тилдүү сайттардын катарына кирген “Кыргыз гезиттер айылы” (бул сайтты да Жаныбек Жанызак ачкан жана учурда алып барат) өз кезегинде 24 кыргыз тилдүү гезитке “жай” берип келет. Ар бир гезит 200 сом берүүсү менен бир санынын материалдарын бул жерге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Февралдын башында бул сайт дизайн жагынан бир кыйла жаңыланды.

Тыянак

Жогоруда келтирилген маалыматтардын негизинде, кыргыз тилдүү сайттарына мүнөздү нерселер тууралуу төмөнкү тыянактарга келсек болот:

–         Эң чоң кызыгуу оюн-зоок сайттарга (музыкалдуу, видео и ж.б.)

–   Кыргыз тилдүү салтуу ЖМКлар (ТВ, радио, гезит) өз веб-баракчаларын ачууга көп умутулушпайт (Кыргызстанда 1500кө жакын ЖМКлар катталган, алардын 200-300кө жакыны иштеп келет, өз кезегинде алардын дээрлик 90% – кыргыз тилдүү ЖМКлар)

–         Өз веб-баракчалары бар уюмдардын бардыгы эле кыргыз тилдинде баракчаларын ачууга умтула бербейт

–   Расмий органдар да мамлекеттик тилдеги баракчанын болушуна көңүл кош мамиле кылышат (министерликтердин саны гана учурда – 12)

–     Акыркы кезде Кыргызстанда маалыматтык сайттарга кызыгуу күчөдү (бул негизинен шайлоолорго байланыштуу болду)

Маалыматтык веб-сайттарга өзүнчө токтоло кетсек, өзгөчө маалыматтык агенттиктерге. Учурда Кыргызстанда 6 сайт өзүн маалыматтык агент катары билдиришет. Алар: “Кабар”, “АКИpress”, “24.kg”, “K.news”, “КыргызИнформБюро” жана “КирТАГ”. Аталган маалымат агенттиктеринин экөөсүндө гана “Кабарда” жана “КыргызИнформБюродо” толук кандуу кыргыз тилдүү баракчалары бар. “АКИpress” кыргыз тилдүү “Баракелде” сайтын ачкан. Бирок бул сайт үчүн негизги маалымат булактары катары, жумасына негизинен бир жолу чыккан, өздүк жаңылыктары аз кыргыз тилдүү гезиттер колдонулат.

Гезитибиздин эмки санында кыргыз тилдүү интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселерге, анын өнүгүү жолдоруна кеңири токтолобуз.

Journalist news, 11.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.