Светлана Суслова

1949-жылы жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин бүтүргөн. “Литературный Кыргызстан” журналында эмгектенет. 1965-жылы биринчи ыры жарыяланган. Орус тилине А.Токомбаев, М.Абылкасымова, Р.Шукурбеков, А.Осмонов, Б.Карагулова, О.Хайямдын ырларын которгон. Ырлары англис, испан, кыргыз, кытай, немец, француз тилдерине которулган.

СССР жазуучулар союзунун (1978), Кыргызстан жазуучулар союзунун (1992) мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун ардак грамоталары менен (1978, 1980, 1982, 1985), Бүткүлсоюздук Ленин комсомолунун премиясы менен (1982) сыйланган, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995). «Данакер» (Кыргызстан, 2003), Дружба (Россия, 2002), Екатерина Великая (Россия, 2007) ордендеринин ээси.

Китептери:

  • «Моей Азии». – Фрунзе, 1978.
  • «Пятое время года». – Фрунзе, 1980.
  • «Сад моего детства». – М., 1980.
  • «Концерт для скрипки с оркестром». – М., 1980.
  • «Несговорчивый соловей». – Фрунзе, 1982.
  • «Охота на эхо». – Фрунзе: Киргизстан, 1986.
  • «Аз-бука». – Бишкек: Лит. Кыргызстан, 1992.
  • «Возвращение к себе». – Бишкек: Лит. Киргизстан, 1997.
  • «Избранное». – Фрунзе, 2000.
  • «Лестница лет». – Алматы: Жибек Жолы, 2002 (совместно с Ш.Токомбаевым).
  • «Молчание рыб». – Бишкек, 2006.
  • «Акварели осеннего неба». – Б.: 2009. – 260 стр.

 

Ырлар

КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨК

Мөңгүдөн сууга чейин айгайлаган –
Тянь-Шаным чексизикке берет айбат.
Жоондугу үч кулачтай карагайлар
Жүрөккө кичинекей кантип батат?

Унутпай кантип сактайт Тянь-Шанымдын
Жаздагы жыпар жыттуу ар-бир саатын,
Ар бирин бүктөмдөрдүн, бырыштардын,
Ным жыттуу алакандай жалбырактын?

Кантип ал жетише алат байкаганы
Уктабас гүлдөрүмдүн көз жаштарын,
Асмандын жайкы таңда агарганын,
Шедеврин көзирмемдик булуттардын?

Тянь-Шаным, миң кубулган сыйкырчысың,
Тойго жөн чакырбадың жүрөктөрдү:
Муштумдай жүрөк – аалам уч кыйырсыз,
Жүз жолу батыра алат бүт дүйнөнү.

 

ЖОМОКТУН АЯГЫ

Бакыт деген жомоктун аяк жагын
Таба элекмин али да, унуткарып.
Эрий элек көк муздан хан сарайың,
Сүйүү дагы кете элек муңга салып.

Кумга сиңип жок болоор дарыядай,
Мунарыктап алыстайт келечегиң…
“Укта гой…” деп шыбырап кулагыма
Жылуу шалын жабасың энекемдин.

Бирок да мен көк муздан коргонумда
Шекке батып изденем, өжөрлөнөм:
Канткенимде бул жашоо уланчудай
Бир башталган жомоктой, эч бүтпөгөн.

 

* * *

Берчи мага кең талаа,
Берчи мага күлүгүң,
Шамал калсын аркамда,
Жетпегенге күйүнсүн,
Ат жалынан мыкчысын,
Муздак ичке манжалар…
Тээ алыста калышсын
Закымдашып куюндар.
Шүүдүрүмдүү ак таңда,
Атып чыгам короодон, –
Калсын биздин армандар
Аткарылбай сөз бойдон.
Качкым келет безилдеп
Сенден алыс белеске,
Калса деймин эсимде
Жаркын гана элестер.
Ушунчалык кыйынбы?
Мен үчүн да, мен үчүн!?,
Жаным, бактым, ыйыгым,
Берчи мага күлүгүң.

Которгон Марат Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.