Олег Бондаренко: Кыргызстанда 2010-жылдын китеби “Манас” эпосу болду («24.kg» МАга берген интервьюсунан, кыскартылып которулуп берилүүдө)

Советтер Союзу учуруда «Китеп – билим булагы” деген сөз көп айтылат эле. Бактыбызга, азыркы заманда да Кыргызсанда китеп жазып, китеп окугандар да аз эмес. Буга кирнеттеги китепке байланыштуу форумадарда кызуу талаш-тартыштарды окуп күбө болосуң. Ал жакта дүйнөлүк жана ата-мекендик жаңы китептер гана эмес, классикалык чыгармалар да жандуу талкууга алынып турат. Бул кубандырбай койбойт. Анткени китеп – бул рухий байлыктын да булагы.

Жаңы 2011-жылдын башында «24.kg» МА “Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепкананын башкы редактору жана ошол эле кезде Китеп чыгарууучулар менен таркатуучулар ассоциациясынын аткаруучу деректору Олег Бондаренко менен маек курган эле, ошону сиздерге сунуштайбыз.

– 2010-жылы электрондук китепкана жана Китеп чыгарууучулар менен таркатуучулар ассоциациясы мамлекеттик органдар менен тыгыз иштеше баштады эле. Анын жыйынтыктары кандай болду?
– Китеп чыгаруудагы маселелерге Президенттин көңүлүн бура алдык… Акаев менен Бакиев бийликте турганда өлкөбүзөгү китеп таркатуу тармагы толугу менен талкаланды десек болот (Бишкектен сырткары башка аймактарда бир дагы китеп дүкөнү калган эмес!), мамлекеттик басылмалар жабылып, алардын полиграфиялык жабдыктары сатылып, эл китеп окуганды унута баштаган… Кыргызстанда Орусияга салыштырмалуу адам башына китеп 38 эсе аз чыгарылып турган.

2010-жылдын аягында кризистен чыгуу жолдору көрүнө баштады десек болот… Китепке мамиле жакшы жакка өзгөрө баштады. Бул китеп тармагынын негизги маселелери чечилди дегендик эмес, жок, бирок бийлик бизге көңүл бура баштады…

Биз Президент Роза Отунбаева менен кезигип, тармактын кризистен чыгуу планын белгиледик. Биз учурда китеп өндүрүүчүлөр үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер каралган мыйзам долбоорун даярдап, 2011-2015-жылдар аралыгында Китепти пропагандалоо жана китеп окууну колдоо боюнча улуттук программанын долбоорун иштеп чыктык.

– Өлкөбүздүн адабий жашоосундагы эң көрүнүктүү окуяларды санай кетсеңиз.
– Адабиятка тиешеси бар өткөн жылдагы иш-чаралардын арасынан Маданият жана маалымат министрлигинин сентябрь-декабрь айларында өткөн “Китеп – биздин рухий байлык” деген акциясын атагым келет. Утурумдуу өкмөт өлкөбүздүн мыкты калемгерлерине колдоо көрсөтүү максатында, мейли, өтө деле чоң болбосо да, бирок реалдуу премиалдык фонд (250 миң сом) бөлүп берди; премиялар атайын жюринин тандоосунан өткөн 127 авторго берилди… Ар-бир адамга тийген премиянын өлчөмү чоң болбоду, бирок да калемгерлерибиздин көбүнүн туруктуу жумуш орду да жок эмеспи, ошону үчүн бул акча – үй-бүлөлүк бюджетке жакшы эле колдоо болду, анан да адамдар көп жылдардан бери биринчи жолу аларга, алардын чыгармачылыгына көңүл бурулганын сезишти. Лауреаттарыбыздын көздөрү тим эле жанып турду!..

– Сиздин пикириңизде, 2010-жылдагы эң мыкты деген адабий табылгалар кайсылар?
Жалпысынан алганда, өткөн 2010-жыл адабиятыбыз үчүн жемиштүү жыл болгон жок. Саясий айдың кайнап турганы менен, искусство жана адабият жашоосу, такыр эле токтоп калбаса да, тыныгуу алгансыды.

Ар-бир китеп чыгаруучу бестселлер тууралуу кыялданат – өлкөбүздөгү окурмандардын терең кызыгуусун жараткан экстраординардуу китепти басып чыгарууну. Мына, так ушундай китептер бизде 2010-жылы болгон жок…

Бирок ага карабай көңүлгө татырлык китептер чыгып жатты. Мейли, окурмандардын калың катмары аларды билбесин, ЖМКлар да тийиштүү көңүл бурбасын, бирок, мен ойлойм, сөздү барктап-баалай билген адам, бул китептер Кыргызстанда чыкканына кубанычта болот.

Мен биздин көрүнүктүү жазуучубуз, мамлекеттик премиянын лауреаты Казат Акматовдун «Эрик Клаустун он үч кадамы» аттуу жаңы романын атагым келет – бул психологиялык драма, аялдын тагдыры тууралуу баян. Учурда Германияда жашаган мекендешибиз Данияр Деркембаевдин чыгармасы – «Госпожа чужбина» аттуу ырлар жана кара сөз жыйнагы да окурманды көңүл кош калтырбайт деп ойлойм. Ал китебинде иммигранттар темасына кайрылган; чыгармасы элдин назарына толгону жетишти, анын ичинде студенттер арасында (студенттер аны көбөйтүп, бир-бирине окуганы берип жатканын билем). Виктор Кадыровдун Ысык-Көлдүн алтынын издөө тууралуу трилогиянын соңку бөлүгү болуп эсептелген, жаңы гана басылып чыгарылган «Знаки неба» (“Асмандын белгилери”) китебин да атагым келет. Белгилей кетчү нерсе, өткөн жылы «Раритет» басылмасында В.Кадыровдун «Таинственный Кыргызстан» (“Сырдуу Кыргызстан”) аттуу кооз фотоальбому да чыккан болчу. Бул китеп КМШ өлкөлөрүнүн Москвада өткөн “Китеп чеберчилиги” сынагында үчүнчү орунга татыктуу болгон….

Орус тилинде чыккан көңүлгө татырлык китептердин арасынан мен Светлана Суслованын «Предрассветный полет стрекозы» (“Ийнеликтин таң алдындагы учуусу”, декабрда чыккан) аттуу лирикалык, ошол эле кезде авбиографиялык повестин; Исраил Ибрагимовдун уйгурлар тууралуу «Цыпленок и самолет» (“Жөжө жана учак”) романын – кириллица менен жазылган уйгур тилине котормо, бизде уйгур тилинде китептер өтө аз чыгарылат эмеспи; Николай Шульгиндин юмористтик маанайдагы «Сто лопат» (“Жүз күрөк”) аңгемелер жыйнагын – бул китеп орусиялык китеп рыногунда да өзүнө көңүл бурдура алат эле; таланттуу жазуучу, сүрөтчү жана кино ишмер, тилекке каршы, эрте өтүп кеткен маркум Эмиль Ибрагимовдун «Сияние» аттуу сценарийлер жана сценардык иштер жыйнагын атагым келет.

Аман Газиевдин төрт томдугун да белгилебей коё албайм. Бул чөнтөк китепчелер форматында сапаттуу басылып чыгарылган тарыхый маанайдагы «Пулат-хан», «На берегах Яксарта», «Великие предки» жана башка чыгармалар. Азыр белгилүү болуп жатат, Аман Газиев – бул кандайдыр бир деңгээлде адабий мистификация болуп саналат, эч качан болбогон адамдын сыр аты. Бул сыр ат менен В.Плоских, В.Мокрынин жана Ю.Бородин жазып келишкен (учурда, биздин жаныбызда Мокрынин менен Бородин жок)…

– Сиз орус тилинде чыккан китептер тууралуу сөз кылдыңыз. А кыргыз тилиндегилерчи?
– Келгиле, калыс болуш үчүн, КР Жазуучулардын улуттук союзунун маалыматын келтирели. Бул биздин өтүнүч менен Союздун жетекчиси даярдап берген жылдын мыкты китептеринин тизмеги:

• Абдыкадырова С. “Доор добушу”
• Абдыракманов Н. “Эн белги менен комуз үйрөнүү”
• Бакашов К. “Он сегиз жаш”
• Деркембаев Д. “Госпожа чужбина”
• Дөкөнбаев Д. “Ариет”
• Жандаров. “Мезгил, аалам, адам – дүйнө”
• Исагалиев К. “Тагай бий”
• Кадыралиева Ү. “Жаңырык улаган тоолор”
• Качибеков К. “Бүргө батыр”
• Качкеев Р. “Мен билген Белоруссия”
• Кошоев А. “Талаа жана лабиринт”
• Мамышев А. “Улуу Жеңишке салым кошкондор”
• “Нарындан Кашкарга чейинки улуу инсандардын кыргыз тарыхындагы мамлекттик ишмердүүлүгү”.
• Оморов А. “Темирлан”
• Садыркулова А. “Макал лакаптар”
• Сактанов К. “Искендер Зулкарнайын”
• “Семетей”
• Токтогазиев Ж. “Айдана менен Жезкемпир”
• Төлөкова К. “Жаркын инсандар, өчпөс жылдыздар”
• Усупов С. “Мезгил жана мекендештерим”

– Ал эми орус жана кыргыз тилинде чыккан китептердин салыштырмалуу үлүшү кандай? Кайсылары Кыргызстанда көбүрөк чыгарылат?
– Менде Китеп палатасы берге маалыматтар бар – 2010-жылы өлкөбүздө 800 аталыштагы китеп басып чыгарылган, бул 2009-жылдын көрсөткүчүнө тең. Алардын 51% орус тилинде, 48% – кыргыз тилинде (башка тилдерде чыккан бир нече басылмалар да бар). Бул сандардын чечмелениши кандай? Бул расмий түрдө катталган китептер, башкача айтканда ISBN эл аралык китеп номурун алып, басылып чыгарылары менен Китеп палатасына берилгендер.

Белгилей кетиш керек, бул статистика так эмес, анткени көптөгөн китептер Китеп палатасына жетпей калып, эч жерде катталган эмес. Булар негизинен – адам өзү басып чыгарган, кошумча жана кызматтык, ведомстволук басылмалар, диний китептер.

Расмий сандарга кайрылсак. Орус тилинде, өзүңөр байкагандай, китептер бир аз көбүрөк басылып чыгарылууда. Бирок, тактай кете турган бир нерсе – бул негизинен билим берүүчү жана куушадистештирилген (кесиптик) мисалы, укук, айыл чарба ж.б. боюнча китептердин эсебинен болуп жатат. Эгер биз көркөм адабиятты – кара сөз менен поэзияны ала турган болсок, учурда мындай китептер кыргыз тилинде көбүрөк басылууда. Бул жылдан жылга байкалган тенденция – кыргыз тилинде басылып чыгарылган кара сөз жана поэтикалык китептердин саны өсүүдө; 1990-жылы болсо көбүрөк орус тилинде чыгарылат эле.

Бирок, азыркы статистикада да (2010-жылдын статистикасында) байкалбаган нерселер да бар. Кыргыз тилинде кара сөз менен поэзия, чынында эле, көбүрөк чыгарыла баштады. Бирок бул өсүш негизинен… улуу муундагы авторлордун эсебинен. Жаштарга, моюнга алыш керек, китеп рыногуна чыгуу өтө кыйын. Ошондуктан алар Интернетке кетип жатышат… Ал эми Интернеттеги басымдуулук кылган адабий чыгармалардын тили – орус тили…

– Аты жаңы чыккан дебютанттардан кимге өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт элеңиз? Ким жылдын ачылышы болду?
Менин пикиримде, бул орус тилинде жазган эки акын… «Ковчег» жаштар адабий тобунун мүчөсү Алтынай Джуманазарованын ырлары Кыргызстандагы белгилүү акындардын, мисалы, В.Шаповаловдун, ырлары менен бирге «Дружба народов» журналында жарыяланган. Ошондой эле таланттуу сүрөтчү Наристе Алиева поэзияга кайрылып, анын «Над бездной времени» аттуу ырлары жыйнагы жарык көрдү.

Экөөнүн чыгармаларынан XXI-кылымга көбүрөк туура келген поэзиянын жаңы түрүн тапса болот.

Кыргыз тилинде Махабат Касеинованын поэтикалык дебюту сөзгө аларлык – 2010-жылы анын “Жолдо” деген ырлар жыйнагы чыкты…

– Кайсы китеп жылдын китеби болду, ойлонбой туруп айта аласызбы?
Ооба… Бул – «Манас» эпосу. Мен эпостун бир нече китеби тууралуу айтып жатам. Кызыгы, эгемендүүлүк алганыбыздан бери эпос өтө эле аз басып чыгарылган болчу, ал тууралуу көп сөз болгону менен, иш-жүзүндө аны басып чыгарууга көңүл аз бөлүндү. Акылга сыйбай турган нерсе… 2010-жылы гана БИРИНЧИ ЖОЛУ эпос кыргыз тилинде толугу менен чыкты – алгач Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы ( «Хан-Тенгри» басылмасы), андан кийин Саякбай Каралаевдын («Турар» басылмасы). «Турар» ошондой эле манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейди” басып чыгарды – жакшы жасалгаланган китеп, колго алгың гана келет.

Эки басылмадан сырткары “Манас” темасына башка басылмалар, авторлор да кайрылышты… 2010-жылы балдар үчүн ылайыкташтырып ыр түрүндө “Манасты” Татьяна Учар орус тилине которуп, ал китеп түрүндө жарык көрдү. Ошондой эле Мар Байжиевдин «Сказание о Манасе» китеби, Бактыбек Максүтовдун «Повесть о Манасе Великодушном»;   китеби жана дагы башкалар жарык көрдү. Эч качан “Манас” мынчалык көп санда чыккан эмес!

Баса, кошумчалап кетпесем болбостур, так ушул 2010-жылы “Манас” кыргыз тилинде (Б.Юнусалиевдин 1958-жылкы редакциясында) биринчи жолу Интернетке жайгаштырылган болчу (www.literatura.kg сайтына, аны бул жерден окусаңар болот)…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.