Бакыт Жунусалиев

1980-жылы Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшырып, 2004-жылы педагогикалык багытта жогорку билимге ээ болгон.

“Табигат сырлары”, “Турмуш сабактары” китептеринин автору.

Учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинде окутуучу болуп эмгектенет.

 

Ырлар

* * *

Ыр жазам улам артып барактарым,
Ыр жазам – ырлар менин канаттарым.
Ысыгын, суугун да бирге татып,
Ыр менен ширелишип барат жаным

 

БАЛАЛЫК

Ойго келбей убакыттын өткөнү,
Оюнкараак тентек элек кечээ биз.
Чыбык атты минип алып чуркасак,
Чаңдап турчу эртели кеч көчөбүз.

Короо толгон алма-өрүктү жебестен
Коңшу бакка уурулукка кирчү элек.
Койкоңдотуп катып алып колтукка,
Короз алып уруштуруп жүрчү элек.

Азыр деле куса болуп сагынам
Балалыктын изи калган күндөрдү.
Эми ошол боз топурак чаң менен
Кубалашып балам ойноор күн келди.

 

УБАДА

Үйүңө кирип баралбай,
Үшүймүн эшик каккылап.
Кирүүдөн дагы тартынам,
Кирешең турат сак кулак.

Күлүңдөп мына чыгат деп,
Күтүүнү дагы эп көрдүм.
Өчкөндө сенин жарыгың,
Өзүмдү өзүм жек көрдүм.

Айчүрөк болсоң дагы эмне,
Аябай кылдың убара.
Экинчи басып келбейм – деп,
Эселеп берем убада.

Жүрсөм да түйүп муштумум,
Жүрөккө эми барбы айла.
Эртеси жетип келемин.
Эркелеп койсо ал кайра.

 

ЭСТЕЙ ЖҮР
(акроыр)

Эске салсам жаздын жашыл көктөмүн,
Эрке жаандын өткүн болуп өткөнүн.
Эстей берем, ошол күнү жамгырдын,
Ээ-жаа бербей нөшөрлөнүп төккөнүн…

Себеп болуп сезимиме ыйманың,
Секелек кыз аруулугуң кыйбадым.
Сени менен гүлгө оронуп жан дүйнөм,
Сенин назик, аруулугуң сыйладым.

Таалайыма жалгыз сени жазгандай,
Тамшандырып кирип келдиң жазганбай.
Татаал жолун өткөн кезде тагдырдын
Тартып кетти сени менден… жаз кандай?…

Эгиз жандай жетелешип кете албай,
Ээрчишип биз бир багытка бет албай,
Эки жээкте кала бердик экөөбүз,
Эңсеп жүргөн максаттарга жете албай.

Ишенбедим, күттүм сени, сагындым,
Ишен – дедиң, сен тагдырга багындың.
Ичтен сызып, сени унутуп мен эми,
Изи менен кетем башка агымдын.

Жалгыздыктан кээде ойго батамын,
Жан сырымды мен башкадан катамын.
Жандай басып, жан шеригиң болбодум,
Жароокерим, мен ошого капамын.

Үлбүрөгөн мандалактын гүлүндөй,
Үмүт көпкө жашап жүрдү билинбей.
Үзүлбөсө бүт өмүрүң өтчүдөй…
Үшкүрүнүп өткөн күндүн бириндей,

Раазымын мен, ал бактылуу күн үчүн,
Рахмат сага, болгун эми саламат.
Роза гүлүн көрсөң мени эстей жүр,
Роза гүлү ак сүйүүгө аманат.

 

ОТУЗ ЖАШ

Жооп таба албай сезимдин сурагына,
Жол тартканда отуз жаш курагына,
Жолуктуруп өзүңдү кайра эми,
Жоготуп мен акылым турамын аа…

Баё мүнөз ал кезде баламын аа,
Баш ийипмин турмуштун талабына.
Элесиңди жоготкон ошол кезди,
Эстегенде от болуп жанамын аа…

Чабак болуп турмуштун жайыгында,
Чайпалыпмын сезимдин кайыгында.
Бакыт үчүн баш сайып күрөшпөгөн,
Балалык ай, балалык – айыбым да…

Ташталсам да канча ирет элегине,
Тагдырыма таарынып кереги не.
Сөз тийгизбей өзүмдөн өйдө көрүп,
Сактап келгем жүрөктүн тереңине.

 

ТУН СҮЙҮҮ

Таштак жолдо такшалсын деп туягы,
Тагдыр бизди таптап жүрдү, сыягы.
Тумар кылып бизге берген бир кезде,
Тун сүйүүнү мезгил менен сынады…

Жакшы күнүн кыйынчылык коштоду…
Жашоо бизди кайрап жүрдү, окшоду
Кадырына жетишсин деп сүйүүнүн
Канча жылдар биздин жолду кошподу.

Алоолонуп жанса дагы кезинде,
Алсыз сүйүү күн өткөндө унтулат.
Биздин сүйүү мезгил менен күч алып,
Бийиктикке, бир болууга умтулат!!!

 

СҮЙҮП ТУРУП…

Кундуздай чачтарыңды тарап туруп
Кумарлуу көздөрүңдү карап туруп
Сүйүүнүн аралына учкум келет
Сен берген сезимдерди канат кылып.

Күнүмдүк максатымдан бийик туруп
Күн болуп асманындан тийип туруп
Бакыттын даамын бирге таткым келет
Бал ширин эриниңден сүйүп туруп.

 

АШЫГЫМА

Акырын кеч кирип, кеч кирип,
Айлана жымжырттык каптаса
Жылмайып, үн катсаң, эх, чиркин,
Жылаажын үнүндөй таптаза.

Карегиң булактын түбүндө,
Каухар берметтей мөлтүрөп,
Карасам, эмнеге, айтчы эркем,
Кайра эле карагым келтирет.

Кундуздай чачтарың эмнеге,
Жүзүңдүн шооласын жашырат.
Акырын саамайың сыласам,
Ай дагы булутка жашынат.

Апкелсе дүйнөгө энекем,
Ак сүтүн эмизип бөпөлөп,
Жанымдын жарымын толтуруп,
Жашоого сен кетчи жетелеп.

 

ТАЙЫЗ КАЗ

Эгер досуң чыгаан чыгып көп иште,
Эл баалаган ийгиликке жетишсе,
Башың мыкчып күнөөлөбөй тагдырды,
Жолун изде аны сатып кетишке.

Ынтымактуу коңшуларды көргөндө,
Ылдам кириш сен ортосун бөлгөнгө.
Сен көрбөгөн мындай таттуу турмушту,
Алардын да акысы жок көргөнгө.

Бир тууганың көзүң карап турбаса,
Ырыс-кешик ынтымакта жыргаса.
Жаның жокпу жалган айтып ортону,
Жалындатып, берип койбой бир жаза.

Сүйүү болуп бактысына күбөлүк,
Сүйүшкөндөр бакыт тапса түбөлүк.
Ойлонбостон от койгунуң ортого,
Махабаты өчсүн калбай түгөнүп.

Жалган күнөө жаба коюп башкага,
Оңой болот ким бирөөнү айыпташ.
Бирок билгин, билинбестен акыры,
Бул айланат чоң илдетке айыкпас.
Өзүң үчүн жеңил болот чыкканга,
Сен бирөөгө ор казганда тайыз каз.

 

ТУУЛГАН ЖЕРДИ САГЫНУУ

Сагындым туулган жерди,
Сагындым Таласымды!
Койнунда коктусунун,
Эртелеп жел ойногон,
Эркелеп бала сындуу.

Сагындым туулган жерди,
Сагындым элет жерин.
Деңиздин толкунундай,
Жапжашыл шиберлери,
Жайкалган белестерин.

Сызылып сайдан чыккан,
Сагындым булактарын.
Кубушуп так секирип,
Короодо оюн салган,
Козусун, улактарын.

Сагындым саратанда,
Салкын жел кечелерин.
Өзгөнүн таш жолунан,
Өйдөрөөк турат сенин,
Чаң баскан көчөлөрүң.

Өзүңдө өткөргөнмүн,
Балалык чагымды мен.
Ошондо эркелетчү,
Колдору нан жыттанган,
Апамды сагындым мен.
Чапаны мал жыттанган,
Атамды сагындым мен.

Сагындым туулган жерди,
Сагындым Таласымды!
Койнунда коктусунун,
Эртелеп жел ойногон,
Эркелеп бала сындуу,
Сагындым Таласымды!

 

ЖАЗ

Сагынып көлмө саз жерди
Сабалап өрдөк каз келди,
Ырыскы чачып талаага
Ылайды кечип жаз келди.

Күз чечип кеткен бактардын
Көйнөгүн кайра кийгизди.
Саамайын шамал сылаган,
Сулууга жигит сүйгүздү.

Өзөгү бошоп тузактын
Өзөндөр толо муз акты,
Топчусун чечип ак тондун
Тоолорго кышты узатты.

Жашылдан кымкап жапкандай,
Жашарып тоонун этеги,
Конокко төшөк салгандай
Кызарды талаа кечээги.

 

ТЕРЕКТЕН КАР ЖААП

Короодо түндү качырып,
Корозго таңды чакырып.
Башкача келди ушул жай,
Басыгы чаңды сапырып.

Кыналып өскөн жаздагы,
Кызгалдак гүлүн таштады
Кыздардын чыгып чырайы,
Кыскарды көйнөк, чач дагы.

Таманда баскан чаң ысып,
Тамырда соккон кан ысып.
Талыкшып жатат шаар ичи,
Табына күндүн баары ысып.

Тердетип турса ысык жай,
Теректен кар жаайт кызыктай.
Күн сүйгөн бети кызарып,
Күбүлөт жемиш бышып жай

Көңүлдүн дартын белгилеп,
Көл жактан муздак жел жүрөт.
Толкундан чыккан көбүктөй,
Толтуруп жээкти эл жүрөт.

Суусуна бурган ал муздап,
Суугатчы жүрөт жалгыздап.
Табынан Күндүн качалбай,
Талаада турат жалгыз бак.

Үн катпай куштар бактагы,
Үлп эткен жел жок чакта бу.
Кепшеген уйдай керилип,
Кебелбейт жайдын аптабы.

 

КҮЗ КЕЛДИ

Куштар конуп сайрап турчу баштагы
Каргаларга толгон терек баштары.
Алар менен кошо келген сары күз
Акырындап төмөн түшүп баштады.

Жашын төгүп булуттар да көктөгү,
Бубак болду шүүдүрүмдөр чөптөгү.
Жыйбай калган жайдын жашыл этегин
Жыла басып күз мезгили тепседи.

Эстен кетпейт туулган жердин көркү — деп,
Эрте жазда келген куштар төркүлөп.
Кош-кош айтып учуп кетип жатышты,
Бул да болсо табигаттын эрки — деп.

Күн да ыктап улам тоолор тарапты
Күүгүм сымал мунарыктап таң атты.
Көчөлөрдү ээлей албай сейректеп,
Көлөкөлөр узун түшүп баратты.

Ала-Тоо да булуттарды жамынган,
Ак калпагын кийип кышка камынган.
Баягыдай талаа-түздүн көркү жок,
Балага окшоп чачы такыр алынган.

Тегерекке алтын чачып ашыгып,
Терин аарчып кирген эле шашылып.
Кымтып алып этек-жеңин күз кетти,
Кыроо баскан изин туман жашырып.

 

ТАҢКЫ ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫМ

Коюу түн тарап, короздор канат какканда,
Ажарын чачып, агарып таң да атканда,
Балбылдап неге жапжалгыз дайым каласың,
Жайнаган жылдыз жарыкка сиңип батканда.

Кызарган күн да кырлардан ары ашканда,
Көгөргөн көктү тумандын түсү басканда,
Күүгүмдү күндө жалгыздап тосуп аласың
Күткөнүң бардай күлмүңдөп чыкчу асманга.

Түнөрсө асман, жаркырап күчтүү жанасың.
Максатың көздөп бийиктеп улам барасың,
Жалгыздап чапкан ат күлүк, бирок, унутпа,
Кош жылдыз гана багынтат бакыт марасын…

«Кош жылдыз» дешет түгөйүн тапкан жандарды.
«Кош» болбой, арман, түгөйсүз калган жан жарды.
Түн менен келип, түбөлүк калып жаныңда,
Түшүнүп сени, түйшүгүң тартчу жан барбы?…

Күлгөнү менен күн сага чачпайт илебин,
Жандайсын айды, туруксуз ал да, билемин,
Жаныма жакын жарыгым, Чолпон жылдызым,
Жаныңды тапчы, жарыңды тапчы – тилегим!!!

 

ӨТӨ КЕЧ БИЛИППИЗ

Табышмак түйүнүн чече албай
Тагдырга сүйүүдөн жаздыкпы?
Ууз сүйүү кадырын сезе албай
Уурдаттык мезгилге жаштыкты…

Таң булбул үнүн бир угалбай,
Турмуштун тар жолун бастыкпы?…
Айтылган сөздөрдөн чыгалбай,
Алдаттык мезгилге жаштыкты…

Арзууга ширелген сезимдер…
Арнабай тартынып жүрүппүз.
Ал күндөр тез өтүп кетерин
Аттиң ай, өтө кеч билиппиз…

 

ТУУЛГАН ЖЕР

Жазда келсем жазда тосуп аласың,
Жагалданып жашыл көйнөк кийинип.
Жаңы ачылган гүлгө оронуп жан дүйнөм,
Жаш баладай калам мен да сүйүнүп.

Күздө келсем күздө тосуп аласың,
Күлгүн сары көйнөгүңдү кийинип.
Берекелүү кучагыңды жайасың,
Алма багың, өрүк шагың ийилип.

Кайсыл жакка кандай жерге барбайын
Жүрөгүмө жакын бойдон каласың.
Башка жердин бейишине алмашпайм,
Туулган жерим, гүл жыттанган Таласым!

 

ТАШТАБАЧЫ…

Бактылуу мээрман эне,
Болалбай кыялдагы,
Алдырып кур намыска,
Күнөөсүз наристени,
Таштоодон уялбадың.
Баланын ыйы менен,
Бир келген бул өмүрдө,
Бактыңды туялбадың.

Таштаба, таштабачы,
Каныңдан бүткөн жанды.
Дүйнөгө келбей жатып,
Таштанды атка конгон,
Таалайы тайкы жанбы.
Алаамат түн кылбагын,
Ал үчүн жаңы гана,
Агарып аткан таңды.

Кудайым менин ушул,
Күнөөмдү кечир дейсиң.
Кеч болуп калган кезде,
Кайрадан оңдоп жазып,
Тагдырды көчүрбөйсүң.
Өкүттө калып кийин,
Өзгөлөр кечирсе да,
Өзөгүң куйкаланып,
Өзүңдү кечирбейсиң…

 

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВГЕ

Талант эле тажабаган жазуудан,
Таштак жерден таскак салып басуудан.
Ордолуу журт бүтүн уксун – деп барып,
Отчет берген ак мөңгүлүү ашуудан.

Ашык болгон туулган жерге, тоолорго,
Ак кар баскан аскасына, зоолорго.
Кыргыз эмес, эриккенде Байдыкем,
Кырга чыгып ыр окуган койлорго.

Өзгө өлкөлөр алга кадам ташташып,
Өссө дагы Ай-жылдызга катташып.
Байдылдадай биринен да чыккан жок,
Жообун алган о дүйнөгө кат жазып.

Ийне менен түпсүз кудук казгандай,
Из калтырды ташка тамга баскандай.
Элдин саны көбөйсүн – деп энелер,
Эми бизге уул төрөйбү башка андай.

 

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ  БОЛОТ?

«Бар дүйнөсү» байлыкка толуп турса ,
Жан дүйнөсү жабыркап соолуп турса.
Сөздөрүнөн аптаптын илеби уруп,
А жүрөгү муз болуп тоңуп турса.

Тарыхына таш мылтык атып турса,
Таамай сөздөн баштарын катып турса.
Келечегин ойлобой урпактардын,
Ар намысын акчага сатып турса

Ыйман жетпей бирөөгө ыйлап турса,
Ынтымагы элимдин кыйрап турса.
Абийирдүү намыстуу адамды эмес,
Акчалууну урматтап сыйлап турса.
Канткенде адам уулу адам болот?

 

ТАНДОО

Тандоону берип келечек сага кол сунса
Тартынбай баргын, кайдыгер карап калбагын.
Өлкөнүн эми тагдыры сенин колуңда
Өткөндү эсте, өкүнчү жолго барбагын.

Кыйналдым дебе, антүүгө сенин акың жок,
Кыйчалыш кезде кыйшыгын жолдун тандасаң.
Баламдын күнү не болот дебе эртеси,
Акылың барда алкымың тыя албасаң.

Көтөрүп башты кайраттуу кадам таштагын,
Чечкиндүү барсаң чечимиң сенин так болот.
Акча үчүн берген сөзүңдү коркпой буза бер,
Абийир соту алдына жүзүң ак болот.

 

УЛАК ТАРТЫШ ОЮНУ

Кырчылдашып чаңды көккө сапырып,
Кызып аттар чуркайт кулак жапырып.
Удургушуп, ат артынан ат чуркап,
Улам бир топ коштойт ураан чакырып.

Улак кармап каруулар бек карышып,
Улам күчтөп чуркайт аттар жарышып.
Айыгышкан кармаш жүрүп ортодо,
Намыс үчүн кирип жатты кан ысып.

Үстү-үстүнө улам атты камчылап,
Үзөңгүгө тийип колдор жанчылат.
Аппак көбүк такымынан чачырап,
Ат үстүнөн тер аралаш кан чыгат.

Бетин койбой тебелешип түзөңдү,
Белди нукуйт кагылышкан үзөңгү.
«Андай тартпай мындай тарт» деп кыйкырып,
Акыл айтып жүрөт көбү биз өңдүү.

Соц тармактар:

5 thoughts on “Бакыт Жунусалиев

  • 07.11.2014 at 21:09
    Permalink

    Балли,Бакыт! Азаматсың! Жакшы ырларды жазыпсың! Мага жакты.

    Reply
  • 07.11.2014 at 21:11
    Permalink

    КЫШКЫ ПЕЙЗАЖ

    Тоолор карга бөлөндү,
    Кар каптады өрөөндү.
    Этек жакка жакындап,
    Кар көбөйттү көлөмдү.

    Туш тарабы агарган,
    Килем кардан жаралган.
    Аппак болуп айлана,
    Ызгаар келет талаадан.

    Тээ алыста ит үрөт,
    Ал тарапта ким жүрөт?
    Жалгыз үйлүү адамдын,
    Көтөргөнү чоң күрөк.

    Түтүн чыгып чыгып морудан,
    Талааларды каптаган.
    Кичинекей боз бөжөк,
    Аппак карды таптаган.

    Турдубаев Калмамат

    ӨЗГӨН району,
    Арагөл айылы,
    2014-жыл 7-ноябрь,
    Бейшемби, саат 17-40.

    Reply
  • 07.11.2014 at 21:14
    Permalink

    Кагылайын жан дүйнөм…

    Татынакай бейиштей,
    Тарып кетти жан дүйнөм.
    Тагдыр жолум татаалдап,
    Танып кетти өз дүйнөм.

    Тагдыр моюн сундуруп,
    Тоңуп барат жан дүйнөм.
    Таң азандан батынып,
    Тайгаланам, күйүнөм.

    Татынакай таңымдай,
    Таза турат жан дүйнөм.
    Тоодо өскөн гүл сыңар,
    Толуп турат жан дүйнөм.

    Туман каптап дүйнөмдү,
    Тарынтты го сүйгөндү.
    Тааталданган жан дүйнөм,
    Таймашканды үйрөндү.

    Ээ жаа бербей ташкындап,
    Эргип барат жан дүйнөм.
    Ээликенди токтотуп,
    Ээсин табат жан дүйнөм.

    Садагасы жан дүйнөм,
    Сабырланам күтүнөм.
    Кагылайын жан дүйнөм,
    Оорун алчы үйүмөн…

    Турдубаев Калмамат

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    2014жыл 5-ноябрь,
    Шейшемби, Саат 19-35.

    Reply
  • 07.11.2014 at 21:24
    Permalink

    Күзгү кайрыктар
    .
    Жаңы ырлар

    Кумар жаза суусун менен каптадың…

    Келе жатат тизилишкен саптарым,
    Камчылашып, жылтылдаган аттарын.
    Келе берчи, садагасы саптарым,
    Камчыланба, чарчаган го аттарың…

    * * *

    Кырлар ашкан жаш селкидей саптарым,
    Кыр-кырларда жайнап жүрөт аттарың.
    Кулпурушкан суусап калган гүлдөрдү,
    Кумар жаза суусун менен каптадың…

    Т.Калмамат.

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    2014-жыл 2-ноябрь,
    Ишемби, саат 23-14.

    * * *

    Түшүмдө да жаным сени таппадым…

    Татынакай периштедей жалжалым,
    Тамшандырган ак маралдай басканың.
    Тагдырланган өтүмүшкө зар болуп,
    Түшүмдө да жаным сени таппадым.

    * * *

    Тарып барат, садагасы дүнүйөм,
    Таң Чолпонум, нееге мынча күйүнөм.
    Тамшандырган, өткөн мезгил күндөрдү,
    Тапкансып мен, нееге мынча сүйүнөм…

    Турдубаев Калмамат

    Өзгөн району, Арагөл айылы,
    2014-жыл 3-ноябрь,
    Жекшемби, Саат11-45.

    * * *

    Сеңселип, ушу журтта жалгыз калган

    Саргайган жалбырактар, каалгый учат,
    Сагынгандай абада алар сызат.
    Сагынычтан саргайган жалбырактар,
    Суусашып, алар мынча аба жутат…

    * * *

    Сагынуу сезимдерди байлап алган,
    Саргайган жалбырагың алдан тайган.
    Сапарын карыткандай карт бий алма,
    Сеңселип, ушу журтта жалгыз калган.

    Турдубаев Калмамат

    Өзгөн району, Арагөл айылы,
    2014-жыл 3-ноябрь,
    Жекшемби, саат 12-13.

    * * *

    Берени каршы чыгып ажалына…

    Баардыгы жылуу жакка сапар тарткан,
    Бир гана көгүчкөнүң жалгыз калган.
    Бул дүйнө жакпагансып, капаланган,
    Байкушуң айласыздан алдан тайган.

    * * *

    Буйугуп шамалына, суугуна, жамалына,
    Байкушуң кайыл болгон ажалына.
    Баары бир жеңип чыкты сезим-туйгу,
    Берени каршы чыгып ажалына…

    Турдубаев Калмамат

    Өзгөн району, Арагөл айылы,
    2014-жыл 3-ноябрь,
    Жекшемби, саат 21-12

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.