Айгүл гүлү өз колубузда соолуп баратат…

Дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү “Айгүл” гүлү Кыргызстандын Баткен аймагында гана өсөт. Апрель айында жергиликтүү калк бул гүлдүн ачылуусун чоң майрам катары белгилешет. Бирок бул күн эл үчүн майрам болсо, ал эми “Айгүл” гүлү үчүн өзүнчө эле кыямат.

Жергиликтүү карыянын айтымында Айгүл гүлүнө байланыштуу эки уламыш эл арасында айтылып жүрөт. Биринчи уламыш төмөнкүчө: «Өткөн заманда бирин-бири катуу сүйгөн кыз-жигит болуптур. Жигиттин аты Козулан, кыздын аты Айгүл болот. Жигит согушка кетип, ал жактан кайтпай калат. Түгөйсүз жашоону каалабаган кыз аскадан боюн таштайт. Кыздын денесинен чыккан кан туш тарапка чачырап, убакыттын өтүшү менен кан тийген жерлерге татынакай гүлдөр чыга баштайт. Бул гүлдү элдер Айгүл гүлү деп атап, ага соккон шамалды Козулан деп атап коюшкан. Экинчи уламыш боюнча тоо арасынан чыккан айдын алгачкы шооласы дал ошол гүлгө, андан кийин калган жерге таркалат экен. Аны байкаган адамдар ай тийген гүл деп жүрүп, Айгүл гүлү атына конуптур.

Айгүл гүлү корукка алынган, бирок…

Ушундай баалуу гүлгө жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай жатканы учурдун актуалдуу маселесине айланды. Кепти башынан баштасак, бул гүлдү корукка алуу демилгеси Кара-Булак айылынын тургуну Мырзапар Үсөнов тарабынан көтөрүлүп, 1981-жылдан баштап ошол айылдын эки мектеби тарабынан Айгүл гүлү корукка алынган. Ал эми 1989-жылы 16-апрелде областтык деңгээлде гүл майрамы өткөрүлгөн. Айгүл гүлүнө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда бул гүл чет өлкөгө ташылып кетип жатат. Мындан тышкары көргөнү келген элдер да гүлдүн көзүжнө карабай үзүп кетишет. Ошондой эле баткендик аткаминерлер тарабынан белек-бечкек катары башка өлкөгө тамыры менен жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери да өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып үзүп кетип жаткандарын айтып беришти.

Гүлдүн бир талы 1000 сом

Бул маселе боюнча Баткендеги Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жакып Исаковго кайрылганыбызда: “Бала чагымдан бери Кара-Булак айылында жашагандыктан, Айгүл гүлүнүн кандай чоңоюп, өзгөрөөрүн жакшы билем. Мындан 50 жыл мурун анын узундугу 1,5-2 метрге чейин жетчү. Ал убакта бир тамырдан 30-40 баш гүл аччу. Бүгүнкү күндө эң эле көп дегенде 15-18 ге жетет. Биздин айылдык эки мектеп мугалимдери менен окуучулары маал-маалы менен коруп келишет. Былтыр акимият тарабынан 10 жоокер келип майрам күндөрү корушкан. Бирок элдер аларды да тоготушкан жок. Бир баш гүл жулгандыгы үчүн 1000 сом айып пул салынат, а бирок аны эч ким төлөбөйт. Ошентсе да жергиликтүү калк гүлдү тамыры менен жулушпайт.” – деген оюн ортого салды.

Айгүл гүлү мектеп окуучуларына гана керекпи?

Окуучулардын коругу тууралуу Закир Абдыкадыров атындагы орто мектептин мүдүрү Абдимитал Тажибаев төмөнкүлөрдү айтты. «Эртең менен окуган окуучулар түштөн кийин, түштөн кийин окуган окуучулар эртең менен бир ай ичинде мугалимдери менен кошо барып Айгүл гүлүн корушат. Бирок окуучуларды жаш деп чоңдор тоготпой койгон учурлар да жок эмес.» Ушундай эле пикирди 11-класстын окуучусу Жыргал Нажимидин уулу да айтты. «Биз гүлдү сактап калуу максатында жыл сайын кайтарабыз. Бирок аянты чоң болгондуктан, 4 посттун 2 постун гана кайтарууга жетишебиз. Калган эки постто эмне болуп жатканын биле албайбыз. Анткени, бизден башка эч ким кайтарбайт. Биз жөн гана келген элдерге эскертип, айып пулдар тууралуу да түшүндүрөбүз. Эгер гүлгө зыян келтирүү ушул бойдон кете берсе билбейм, балким биз көз ачып жумганча Айгүл гүлүнүн талын санап калабызбы?» – деген суроону кабыргасынан койду.

Айгүл гүлүн соолуткан кайдыгерлик

Корукту коргоо маселеси боюнча Баткен облустук Токой чарбасынын жетекчиси Абдикалык Кимсановго кайрылганыбызда, ал: «Айгүл гүлү өскөн тоо биздин карамагыбызга кирбегендиктен, биз корубайбыз. Бирок, мен жыл сайын өткөрүлгөн Айгүл гүл майрамына каршымын. Себеби гүлдүн эң кор болгон күнү ошол күндөр болот. Менин оюма койсо, ал майрамды өткөрүүгө тыюу салып,тоо этегине питомниктерди куруп, келгендерге да ыңгайлуу шарттарды жаратмакмын,» – деди. Мындан башка гүлдүн чет өлкөгө кетип жатышы жана чиновниктер тарабынан белекке берилиши тууралуу фактыны «эл ичиндеги ушак» деп сыпаттады.

Мына окурман, дүйнөнүн үч гана өлкөсүндө кездешкен уникалдуу Айгүл гүлүнүн тагдыры ушундай абалда. Эч ким жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбейт. Өзүнүн сейректиги менен дүйнө жүзүн өзүнө көңүл бурдурткан Айгүл гүлү жок болуп кетүү коркунучуна кептелди. Жаратылыштын берген байлыгын мамлекеттик деңгээлде коргоп калуунун ордуна тырмактай мектеп балдарына түртө салуу кандай гана өкүнүчтүү. Ушундай кайдыгерликтен улам, Айгүл гүлүнүн соолушуна себепкер болуп жатабыз. Болбосо корукка айлантып, Айгүл гүлүн кастапрлап баксак, туристтердин көзүн кызарткан Баткен дубаны туристтик аймака айланбайт беле?..

  • Айгүл гүлү Түркстан кырка тоосунун түндүк капталында деңиз деңгээлинен 1700-1800 метр бийиктиктеги салкын жерде өсөт.
  • Айгүл гүлү СССРдин Кызыл китебине 1978-жылы киргизилген.
  • Буга чейин Айгүл гүлүнүн жалпы аянты 253,9 гектар болсо, бүгүнкү күндө 5-6 гектар гана аянтта өсөт.
  • Гүлдүн бийиктиги 30 сантиметирден баштап, 2 метрге чейин жетет.
  • Жылдын жай мезгилинде алынган уругун, апрель айында эгишет. Жерге түшкөн урук чыккандан кийин, үч жылдан соң гүл ача баштайт.
  • Ар жыл сайын бирден баш гүл кошуп турат. Ошентип гүлгө канча жыл болгонун анын гүлүнүн санынан эле билип алууга болот.
  • Анын тамыры пияз сыяктуу, сөңгөгү көңдөйлүү. Туура эмес жулунса көңдөйү көрүнүп, жаанда суунун толушу менен тамыры чирип жок болот.
  • Эң таң калычтуусу башка гүлдөр сыяктуу жыпар жыты жок.
  • Айгүл гүлү күндүз ылдый карап турса, түнкүсүн айды карап калат.
  • Кыргызстандан сырткары Айгүл гүлү Афганистандын тоолорунда да өсөт.

Динара Курбанбекова, Сайкал Кулназарова, «Манас» гезити

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.