Google Translate кыргызча которот

Google Translate дүйнөдөгү 64 тилге ар түрдүү маалыматтарды тез убакыт ичинде которо ала турган электрондук акысыз котормо кызматы. Ал түрдүу тилдердеги сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана бүтүндөй веб барактарды которот. Аталган кызматка кыргыз тилин киргизүү боюнча 2011-жылы сентябрь айында “Эне тил” долбоору түзүлүп иштеп баштаган. Долбоордун максаты кыргыз тилин Google Translate котормо кызматына киргизүү. Жасалып жаткан арекеттер ишке аша турган болсо кыргыз тилин интернет мейкиндигинде жайылтууга, тилди сактоого жана аны өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр жаралмакчы.

Ышкыбоз ыктыярчылар

Кыргыз тили 2012-жылдын аягына чейин Google Translate акысыз онлайн котормо кызматына киргизилет. Мындай маалыматты “Эне тил” доолборунун менеджери Атай Жунушов билдирди. Анын маалыматы боюнча дүйнөдөгү эң таанымал Google Translate котормо кызматына кыргыз тилин киргизүү боюнча жарым жылдан бери иштеп жаткан долбоордун алгачкы иш-арекеттери толугу менен бүткөрүлдү. Долбоор 6 ай аралыгында 1 миллион 55 миң сөздөн турган кыргызча сөздөрдүн орусча, англисче которулган варианттарын даярдаган. Которулган сөздөр Google корпорациясынын кароосуна жиберилип учурда алар тараптан текшерилип жатат.

Кыргыз тилин Google Translate котормо кызматына киргизүү боюнча жалпы жонунан бир миллиондон ашык кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү жана сөз айкалыштарын башка тилдерге которуп чыгуу пландаштырылган болчу.Аталган иш-арекеттер толугу менен аткарылды. Эми котормочулар кыргызча сөздөрдүн түркчө вариантын которуу менен иштеп жатышат. Апрель айынын аяктары менен Казакстандын Алматы шаарында Google Translate котормо кызматына кире турган тилдердин даярдыгы боюнча атайын эл аралык конференция уюштурулат. Ага кыргызстандык котормочулар дагы катышып жасалган иш-чаралар тууралуу маалымат беришет.

Долбоор каржылык жактан бир катар ыктыярдуу уюмдардын жана жарандардын колдоосу менен каржыланып жатат. Ал эми уюштуруу жагын ISOC “Кыргыз интернет” коомдук фонду жана ыктыярчылар тобу жүзөгө ашырууда. ISOC Кыргыз интернет коомдук фондунун жетекчиси Төлөгөн Аматов которулган сөздөр enetil.kg сайтынын маалымат базасында топтолуп жаткандыгын айтты. Мындан сырткары Google Translate кыргызча долбоорун өнүктүрүүгө баардык каалоочулар жардам бере алышат. Бул үчүн enetil.kg сайтына катталып өзүлөрү кыргыз тилинен башка тилдерге которгон маалыматтарды жүктөп киргизсе болот

Борбор Азияда биринчи жолу

Presskg.com сайтынын кожоюну Жаныбек Жанызактын пикири боюнча кыргыз тили Google Translate котормо кызматына кире турган болсо кыргыз тилдүү интернет сайттары өнүгүү жолуна түшөт. Анын айтуусу боюнча кыргыз тилин интернетте жайылтуу мезгилдин талабы. “Бул долбоор баары бир ишке ашышы керек. Азыр интернетте кыргызча маалыматтар көп окулбайт. Анан дагы эч бир издөө системасында кыргыз тили жок. Долбоор ишке ашса интернет колдоонучуларга жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралат,” – дейт Жаныбек мырза.

КМШ өлкөлөрүндөгү 6 өлкөнүн тили Google Translate котормо кызматына киргизилген. Булар орус, беларус, украин, армиян, грузин жана азербайжан тилдери. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүндө азыркыга чейин бир дагы мамлекеттин тили бул кызматка кире элек. Кыргыз тили 2012-жылдын аягына чейин кирип кала турган болсо анда Борбор Азияда котормочуну пайдаланган эң алгачкы мамлекет болуп калат.

Аскат Оморов, “Манас” гезити

Соц тармактар:

3 thoughts on “Google Translate кыргызча которот

  • 18.12.2015 at 10:41
    Permalink

    Саламатсыздарбы! Мага Жалал-Абад шаарынан орусчадан кыргызчага котормочу керек. Билгендер болсо дарегин, телефон номери менен берип коюңуздарчы сураныч

    Reply
    • 18.12.2015 at 12:23
      Permalink

      Жалал-Абадда Жалил Сапаров деген мыкты журналист бар. Бир канча китепти орусчадан кыргызчага оодарган. Ага кайрылып көрүңүздөр – 0772 25 75 64

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.