Ката жазылган жарнамалар көйгөйү

Бишкектин көчөлөрүн кыдыра бассаң кыргыз тилинде ката жазылган түрдүү афиша-жарнамалар көзгө урунат. Рынок экономикасынын шарданы менен кызмат көрсөткөн бардык ишкана, мекемелер өздөрүн жарнамалап, кардар табууга аракет кылгансыйт. Бирок көбү кыргыз тилинде жазылган тексттерге анчейин көңүл бурбайт же маани-маңызын түшүнбөйт! Туура эмес жазылган же которулган жарнамалар миңдеген шаар тургундары менен меймандардын көзүн өйкөгөнү менен ишкана-мекеме ээлеринин көңүл сыртында калып келет. Бакыйган тактада ката жазылган жазууларды көргөн тили буруулар «демек, кыргыз тилинде ушундай айтылат турбайбы» деген ойго келиши да ыктымал! Болгондо да борбор шаардын чок ортосундагы жарнамаларга көзү кадалып…

Оркойгон орфографиялык каталар

«Манас-Түрк» университетинде кыргыз тилинен чет элдик студенттерге 5 жылдан бери сабак берген Дөөлөтбек Эшкенов көчө бою кыргыз тилинде туура эмес жазылган афиша, жарнактар тил үйрөнүп аткандарга кыйыр түрдө болсо да таасир тийгизет деген ойдо.

«Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактар жаштарды сүрөттөрү менен гана өзүнө тартабы? – деген ой кетет. Анткени сүрөттөрдүн жанындагы жазууларда көп учурда сөз маданиятына көңүл бурулбаганы аз келгенсип, каталардын көптүгүнөн баш айланат. Грамматикалык каталарды эске албаганда да, орфографиялык жактан одоно каталар толтура. Бул абал ошол жарнаманы илген адамдардын канчалык деңгээлде сабаттуу экендигин белгилеген көрсөткүч».

Төрт адам тескеген көрнөк-жарнак

Ушундай жарнама такталардагы каталарга орун бербей, аларды көзөмөлдөчү Мамлекеттик тил комиссиясына караштуу атайын көрнөк-жарнак бөлүмү бар. Анын жетекчиси Аалы Молдоканов туура эмес жазылган жарнамаларды көзөмөлдөө иштери жетишсиз экенин белгилейт.

«Доомат көптүгүнөн Бишкек шаардык мэриясы да катуу киришип атат. Биздин бөлүмдө 4 гана киши иштейт. Афиша, керме штендрлердеги кыргыз тилин көзөмөлдөгөн бир гана адис бар. Ката жазган жарнама берүүчүлөрдү биз айыпка тарталбайбыз. Болгону прокуратура, шаардык мэрияга гана арыз жазып, тим болобуз. Бул да болсо жарнама берүүчүлөрдү көзөмөлдөгөнгө тоскоол болуп жатат» – дейт ал.

Көзөмөл бар, бирок жоопко тартылбайт

Бишкек шаардык мэриясына караштуу жарнама департаментинин деректири Вахтанг Алаковдун ырасташынча, жарандардан ката жазылган жарнамалар боюнча арыз, даттануулар келип турат. «Жарандар өздөрүнүн кээбир туура эмес жазылган жарнамалар тууралуу арыздары менен кайрылат. Тил боюнча мыйзам бузуулар болсо, мамлекеттик тил комиссиясынын жарнама бөлүмүнө кайрылабыз. Ал эми тил мыйзамын бузгандарды жоопко тарталбайбыз. Болгону эскертүү бере алабыз» – дейт ал.

Ошондой эле департаментте атайын туура эмес жазылган жарнамаларды көзөмөлдөй турган кураторлор бар экенин кошумчалады.

Башкы прокуратурадан билдиргендей: ката жазылган жарнама тууралуу былтыр бир гана арыз түшкөн. Ал эми жыл жаңыргандан бери бир да кайрылуу түшкөн эмес.

Албетте, жарнама берердин алдында анын үстүндө атайын адистер иштей турганы белгилүү. Туура жазып, туура жарнамалоо алардын милдети. Бирок чоң-чоң жарнама агенттиктеринде кыргыз тилин жакшы билген адистер сейрек, көпчүлүк учурда кыргыз тилине мүнөздүү ө, ү, ң тамгалары о, у, н болуп жазылып калат, – дейт жарнама боюнча адис Элира Турдубаева.

«Туура эмес жазылган афишалар ошол фирмага же мекемеге карата коомдук терс пикирди жаратышы мүмкүн. Анткени чоң афишалар эл көңүлүн бурат. Мындай көрүнүш эстетикалык жактан да туура эмес. Ошол эле учурда ката жазуулар менен фирма же мекеменин айтайын деген ою коомчулукка таптакыр башкача жетип калышы мүмкүн» – дейт ал.

Туура эмес жазылган жарнамалар бир гана кыргыз тилин үйрөнгөн чет элдиктерге эмес, жергиликтүү тургундарга да терс таасир берет. Коомдук транспортто кетип баратканда «Боконбаева көчөсүнөн токтотуп коюңузчу» же «Киевскаядан» деген сөздөрдү ар бирибиз күн сайын угабыз. Мындай сөздөр күнүгө айтыла берип, кулакка сиңип калган. Мына ушундай ката жазууларды чет элдик студенттер да жаттап алып, «бул мындай турбайбы» – деп кээде түшүнбөй, сабакта талашып-тартышкан учурлар болот, – дейт  Дөөлөтбек Эшкенов.

«Бир студентим кыргыз «өңүнүн» айынан издеген сөзүн сөздүктөрдөн табалбай жүрсө, экинчиси КТРКдагы аба ырайы демөөрчүсүнүн дары жарнамасындагы «бейкапарсыз жашоо» дегендин кандай жашоо экендигин түшүнө албай убара. Мындай мисалдарды уланта берсек, ого эле көп. Четөлкөлүктөргө биз элес албаган нерселер алгачкы көзирмемде эле даана байкалат. Көрнөк-жарнактардагы кыргыз тилиндеги жазууларда тексттин көбүнчө орус тилинен сөзмө-сөз колдонулуп, тилибизди өнүктүрүүнүн ордуна бузуп атабыз» дейт ал.

Мэриянын жарнама боюнча департаментинин деректири Вахтанг Алаков бир гана ката жазылган жарнамалар көйгөй жаратпастан, туура эмес орнотулган жарнамалык такталар коомдук транспорттун жүрүүсүнө тоскоол болуп атканын кошумчалады. «Мындай нерселер бир гана шаар көркүн бузбастан, коомго да кооптуу учурларды жаратат. Көп учурда транспорт өтүүчү жерлерге орнотулгандыктан кээде авто тыгындын пайда болуусуна шарт түзөт» – дейт ал.

О.э. мэриянын борбордук көчөлөрдөгү жарнама такталарынын санын азайтуу керек деген чечими бар экенин белгиледи. «Атайын комиссия чыгарган чечимге ылайык, азыр шаарда мыйзамсыз, эреже бузуу менен орнотулган 40тан ашуун жарнама тактасы бар. Ушул жума ичинде анын 15и алынат. Негизинен 17 жарнама тактасынын ээсине кагаз түрүндө кайрылуу жөнөттүк. Экөөсүнөн жооп келе элек» – дейт ал.

Расул Мурат, «kyr.24.kg» MA, 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

4 thoughts on “Ката жазылган жарнамалар көйгөйү

  • 29.05.2012 at 17:36
    Permalink

    Студент кезимде мугалимге кайрылып ушул маселени которуп чыкты эле. Ал Сизге окшоп колдомок турган, урушуп койгон. Кыргыз тил мугалими болуп туруп ошондой кайдыгер мамиле жасаса, калгандар кайда барат?

    Reply
  • 30.05.2012 at 11:09
    Permalink

    Эки жыл мурун ушул эле тема боюнча дипломдук ишимди жазганмын. Менде кыргыз тилинде ката менен жазылган жарнамалардын коп суроту бар. Кыргыз болбогонума карабастан бул абал мени кайгылантат.

    Reply
    • 30.05.2012 at 11:47
      Permalink

      Кытайлар бизге сатуу максатында өндүрүлгөн товарлардагы жазууну ката менен жазышса түшүнөт экенсиң, кыргыз жеринде туруп алып кыргызча туура эмес жазылган нерсени калың элдин назарына чыгаргандарды эч түшүнө албайм.

      Reply
    • 03.11.2014 at 11:35
      Permalink

      Саламатсызбы Таня! Менин дипломдук темам да ушул кыргыз тилиндеги жарнамалар тууралуу болчу. Сиз менен байланышып сиздин ишиңизди карап чыксам болобу?

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.