«Манас» эпосун изилдөө боюнча мамлекеттик программа иштелүүдө

Маданият мамлекеттик агенттигинин деректиринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков аталган агенттиктин алдындагы Эпосту сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча атайы комиссияга «Манас» эпосун изилдөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине агенттиктин басма сөз катчысы Мамасалы Апышев билдирет.

Учурда атайы комиссиянын мүчөлөрү бул тематика боюнча бир катар сунуштарды иликтеп жана чогултууда. Ошондой эле алар “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизүү маселесинин үстүндө да иштөөдө, деп кошумчалады басма сөз катчы.

Ш. Торогельдиева, “Кабар” МА, 2.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.