“Найман эненин ыйы”

“Найман эненин ыйы” тасмасынан бир көрүнүш

Бул тасма 2004-жылы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган. Башкы режиссеру – Кыргыз эл артисти Бакыт Карагулов. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романынан алынган уламыш. Бул тасмага дөө-шаалар М. Рыскулов, С.Жумадылов, Б.Кыдыкеева көчүн улаган Гүлсара Ажибекова, Акылбек Абдыкалыков, Тынара Абдразаева, Акылбек Мураталиев, Темирлан Сманбеков жана башка актер-актрисалар тартылган. Бүгүн Берметтер дүйнөсү рубрикабызда “Найман-эненин ыйы” тасмасы тууралуу режиссердун өз оозунан уктук.

– Бул фильмге актер, актрисаларды кандай тандадыңыз?
– Тасманы тартуу идеясы жаралганда эле Найман эненин образын жаратууга белгилүү актриса Гүлсара Ажибекованы ылайык көргөм. Ошол ишеничим акталды. Жуң-жаңдардын биринин образын жараткан Акылбек Мураталиев да абдан жакшы ойноду. Бул образ анын маңдайына жазылган эң чоң образдардын бири болуп калды деп эсептейм. Мен бул тасманы дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна көрсөттүм. Ошондо Акылбек жараткан образга аябай жогору баа беришти. Ар бир эпизоддо, Айтматов кандай кылып жазса, ошондой деңгээлде бергенге аракет жасадык. Тасма тартылып жатканда Жоламан маңкурт болгондон кийин көзү аңтарылып оң-тетири карап калат. Бул эпизод үчүн атайын дарыгерлерди алдырып көздү аңтарткан укол сайдырдык. Ушинтип чындыкка жакындаштырууга аракеттендик. Маңкурт энесин аткан сценаны тартканда актер Саят Исембаевди суукта ачка кармадык. Ал арыктайт го десек, кайра адам ачкалыктан шишик тартып кетет экен. Шишип-көөп, ачка ызаланып, анан маңкурт энесин атат.

– Бул тасмада башкы каармандардын образдарын жараткан казак актерлору Асел Сагатова, Саят Исембаевдин ордуна эмнеге кыргыз актерлору тартылбады?
– Биздикилер бүгүн келе албайм, эртең-бүрсүгүнү деп менменсинип өздөрүн-өздөрү алдашат. Чыгармачылыкка жүз элүү пайыз берилиш керек. Чын жүрөктөн берилүү жагынан аксайбыз. Биз тасманы тартып баштаганда Асел Сагатова тааныла элек, болгону 10-класстын окуучусу болчу. Саят Исембаев деле чыгармачылыгын жаңы баштап, 1-2 эле фильмге тартылган жаш актер эле. Маңкурттан кийин экөө тең “Рэкетир” аттуу казак фильмине, кийин башка тасмаларга тартылып атактары таш жарды. А негизи бул экөөнүн ролдорунан башкасын кыргыз актер-актрисалар ойношту. Актриса Тынара Абдразаева эң сонун эпизодду жаратты. Ал мен аябай жогору баалаган актрисалардын бири. Акылбек Абдыкалыков да абдан мыкты актер.

– Тасманы тартуу учурунда кандай кызыктуу, азаптуу күндөр өттү?
– Оор тасма болду. Эки жылдай тарттык. Суук учурда тартылды. Жүрөк дүркүрөткөн оор, катаал мезгилди бериш үчүн атайын ушул учурду тандадык. Такыр күн тийбеген нөшөрдө, суукта тарттык. Февраль айында өрт өчүргүчтөргө жамгыр себелетип, тасмага тартылгандар калтырап-титиреп үшүп кыйынчылык тартышты. Бирок актерлор ишти жоопкерчилик менен алып кетишти. Мен сыйлаган бир адам Акылбек Мураталиевдин Жоламанды маңкуртка айлантып жаткан учурун көрүп: “Ошол Акылбек өзү кандай жигит? Жанында болсом көрсөтөт элем. Балта менен чаап сала турган адам экен” деп кейийт. Демек, бул актердун жогорку деңгээлде ойногонунан кабар берет. Чыгармачылыкта кыйынчылык болмойун жакшы нерсе жаралбайт.

– Кыргызга карааны тоодой болгон Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенине төрт жылга аяк басты…
– Ооба, тообуз кулады. Айтматов кыргыз маданиятынын, адабиятынын пайгамбары болду. Айтматовдун аркасы менен кыргыз киносу дүйнөлүк аренага жеткен. Ошол эле Төлөмүш Океев, Шамшиев, Базаров, Убукеев Айтматовдун арты менен келишти. Айтматовдун кенендиги, пайгамбарлыгы ушул эле: Гүлсараттай, Каранардай кең талаага кое берчү, “сен мындай кылып тарт” деп айтчу эмес. Айтматовдун миң кырдуу чыгармасын кандай окуй алат деп сынап көрчү. Сырттан карачу. “Кылым карытар бир күндө” Сабитжан “атамдын сөөгүн ушул жерге эле коюп койбойлубу” дейт. “Ата-бабалардын сөөгү жаткан жерге койбой олтурган жерге коюп койсо эмне болот” дейт. Бул биздин трагедиябыз. Азыр ошондой балдар пайда болду. Маңкурттар көбөйдү. Айтматов пайгамбардай элүү жыл мурун жазып кетти. Канча жылдар мурун Айтматов жазган трагедияларга бүгүн туш болуп олтурабыз. Залкарыбыздын улуулугу ушунда.

Жамиля Таштанбекова, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.