Министрлик кинону өзүнө алды

Премьер-министр Игорь Чудинов Маданият жана маалымат министирлигине караштуу кинематография департаменти жөнүндө токтомго кол койду. Бул документ “Маданият жана маалымат министирлигине караштуу кинематография департаментин түзүү жөнүндө” өкмөттүн 2008-жылдын 9-октябрындагы №571-токтомуна ылайык кабыл алынды. Ушуга негизденип өкмөт кинематография департамент башкармасынын сунушталган жобосу менен схемасын бекитүүгө токтом кылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитетке киноматография департаментке Логвиненко көчөсүндө жайгашкан административдик имаратты, кинотеатрларды жана кинематография объекттерин тиркемеге ылайык белгиленген тартипте бекитүү тапшырылды. Ушуну менен бирге “Кыргызкино” улуттук концерни жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” өкмөттүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги №256 токтому күчүн жоготту деп табылды.

“Кыргыз маданияты” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.