Акылбек Жуманалиев, котормочу: “Жан дүйнөм жапондорго жакын”

Акылбек Жуманалиев Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Учурда Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун бөлүм башчысы. Бирок түгөнбөгөн арзуусундай, жетпеген сүйүүсүндөй жан дүйнөсү ар убак поэзияга суусап турат. Жапондордун улуу акындары Басё менен Сайгенин ырларын 90-жылдары кыргызчалап, эки жыйнак кылып жарыкка чыгарган. “Басёго кайрылган 3-4 акын бар. Алардын бири – өзгөчө дирилдеген жан дүйнөсү бар Сагын Акматбекова. Бирок кайчылаш жолдордо биз алигиче жолуга албай келебиз”, – дейт жапон поэзиясынын котормочусу.

– Жапон поэзиясына кандайча кызыгып калдыңыз?
– Дүйнөлүк акындардын поэзиясын барактадым. Жан дүйнөмө дүйнөлүк ­поэзиянын каалгалары ачылды. Орустун дөө-шаа акындары Пушкин, Лермонтов, Есениндерди жактырып окудум. Кытай поэзиясына кайрылдым. Бирок жапондордуку өзгөчө. Ток этер жерин айтат. Биздин акындар эчен курдай чиймелеп, оңдоп-түздөп жазышса, жапондор көргөнүн көргөндөй, сезиминдеги будуң-чаңды болгонун болгондой жазып коет. Анын патриоттук темаларды көп жаза беришпейт. Ички дүйнөлөрүн, сезимдерин гана жазышат. Ушунусу менен жапон поэзиясы мени өзүнө тартып алды. Балким менин жан дүйнөм ушул сезимдерге жакындыр.

– Жапондордун улуу акындары Басё менен Сайгенин ырларын которуп жатканда кандай сезимдерге тушуктуңуз. Түшүңүздө жолугушкан жоксузбу?
– Бакта жалгыз карга олтурганыбы, жамгырбы, карбы, саргарып жаткан муңдуу күздү айтышабы, ошолордун сезимине мен да дуушар болгум келет. Жапон акындары калган абалда мен да калгым келет. Бир үйдө кемпири-чалы менен олтурат. Тешик чатырдан тамчылар тамып жатат. Кемпири “Жаан жаабай эле койсо” деп кейисе, чалы “Мага жаан, чатырдан тамчы тамганы жагып турат” дейт. Мына ушундай абалга дуушар болуш керек.

– Жапондордун кийинки акындары кандай жазат? Азыр да котормолорго кайрылып жатасызбы?
– Исикава Такубоку аттуу 27 жашында каза болуп калган жапон акыны бар экен. Аябай терең акын экен. Исикава жашоонун убактылуу экенин, бардык нерсе эртең жок болуп кетерин айткан акын. Өмүрдүн кыскалыгын айтып жүрүп өзү да эрте кеткен жыйырманчы кылымдын акыны.


Басе

Жапонияда мындан өткөн акын болгон эмес дешет. Басё 1644-жылы Ига провинциясындагы Уэно шаарында төрөлгөн. Атасы Мацуо Едзаэмон катардагы самурай жана каллиграфия (көркөмдөп жазуу) мугалими болгон. Басё чыгармачылыгынын башында да, кийин да классикалык кытай жана жапон адабиятынан үлгү алган.

Басёнун ырлары өтө эле кыска. Болгону үч сап, 17 муундан турат. Алар хайку деп аталат. Болгону бир нече сөз. Хайкуну жаратуучулардын бири дал ушул Басё болгон…

Басё жараткан ырлардан сөзсүз мезгилдин илеби сезилет. Мисалы жаз жөнүндөгү ырларында ала шалбырт, алчанын жана кара өрүктүн гүлдөрү, безеленген булбул, тынбай жаагын жанган бака жөнүндө. Жай тууралуу ырларында – күкүк, тулаң чөп, ажайып гүлдөр, күз мезгилинде – хризантема гүлү, саргарган жалбырактар, айдоодогу самтыраган каракчы, ыры бүтпөгөн чегиртке. Кышкы ырларында – жайдакталган бороондуу талаа, ызгаар шамал, кыроо-бубак, очокто балбылдап күйгөн от.

Акындын чыгармачылык өмүрүндө чоң окуя анын Эдонун жанындагы Фукагава жерине келиши болот. 1680-жылы Басё шакирти Сугияма Сампу белек кылган Сумида суусунун жээгиндеги алачыкта жашап калат. Анын жанында банан, пальма дарагы отургузулуп, ал эми алачык “Банан алачыгы” деп аталган.

КҮЗГҮ КЕЧ
Бул ырда кусалуу күз, кайгы санаркоо, жалгыздык, кусалык берилген.
Молойгон бутакта
Отурат жалгызсыраган карга.
Күзгү кеч.

ЭСКИ КӨЛМӨ
Эски көлмөдөгү бейпилдик, анын жээгинде табиятты телмире карап, муңайым сезимге чөмүлүп акын олтурат. Бир кезде бейпилдикти бузган көлмөнүн чулп эткени анын көңүлүн бурду.
Эски көлмө.
Секирди сууга бака.
Чулп этти бейкут.

“МАЙМЫЛДЫН САМАН ЧАПАНЫ”
Бир күнү Басё жаанда калып токойго жашырынат. Бир бактан кичинекей маймылды көрөт. Мындан санаркоо, бүт тирүү жандыктарга боор ооруу, жөнөкөй көрүнүшкө, окуяга тереңдеп көңүл буруу сезилет.
Биринчи күзгү жаан.
Маймыл да каалайт,
Кичине саман чапан…

ТРОСТНИК МЕНЕН ЖАБЫЛГАН АЛАЧЫКТА
Шамалдан онтойт банан.
Челекке тамчы тамганын
Түнү бою угуп чыктым.

ФУКАГАВА ЖЕРИНДЕ КЫШКЫ ТҮНДӨ
Калактар шарпылдайт муз толкунда.
Жүрөгүм менин кысылат.
Түн анан көз жаш.

КАҢГЫГАН КАРГА
Каңгыган карга, сен кара!
Эски уяң кайда?
Өрүк гүлү бүт айлана.

ЖАЛБЫРАКТАР
Себеленет жалбырактар
Бүт дүйнө бир түстө.
Болгону шуулдайт шамал.

КАРГА СУКТАНАЛЫ ДЕП ТҮН ИЧИНДЕ ЧОГУЛДУК
Качан түшөт жаңы кар?
Күтөт чыдамсыздык менен баары…
Кокустан кышкы чагылгандын жарыгы.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.