Бишкекте алгачкы жолу Эл аралык адабий форум өтөт

Бишкекте 1-Эл аралык «Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012» адабий форуму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкен.

Белгилей кетсек, иш-чара Hertfordshire Press басма үйү менен биргелилкте Silk Road Media британдык компаниясы тарабынан уюштурулганы турат.

Эл аралык адабий форум Борбор Азия аймагында адабият жана китеп басып чыгаруу ишин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул иш-чаранын уникалдуулугу китептерди, авторлорду басып чыгаруу иши менен алектенген компаниялардын гана башын бириктирбестен, эмгектер арналып чыгарылып жаткандардын – окурмандардын, китепканалардын жана окуу жайлардын да башын бириктиргендиги менен түшүндүрүлөт. Форум эки багытта- Эл аралык окуу адабиятын аймактагы билим берүү системасына интеграциялоо жана Борбор Азия менен кошо чет жакаларда авторлор менен адабияттарды тааныштыруу боюнча иш алып барат.

Иш-чаранын алкагында тегерек столдорду, окуу адабиятынын көргөзмөсүн өткөрүү, чет элдик окуу китептер менен окутуунун ыкмаларынын бетачарлары, көркөм айтуу жана башка маданий иш-чаралар пландаштырылган. Борборазиялык авторлордун мотивиндеги культтук фильмдер көрсөтүлөт жана форумдун белгилүү адамдарынын чыгармаларынын альманах жыйнагы жарык көрмөкчү.

«Кабар» МА, 11.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.