“Дербиштер”

Гүлжан ИРЕШ – дизайнер. Ал “Жибекчиликти жана жибек токуучулукту өнүктүрүү” коомдук уюмунун директору жана “Саймалуу-Таш” көркөм галереясынын арт-директору. Улуттук баалуулуктарыбызды, салттык маданиятыбызды сактайлы деп далалат кылган Гүлжан айым чебер саймачы, жибек изилдөөчү катары коомчулукка таанымал. Учурда анын “Дербиштер” аттуу жаралган жаңы коллекциясы көпчүлүктүн көөнүн кызыктырууда. Бүгүнкү сөз учугу мына ушул “Дербиштердин” тегерегинде болду.

– Гүлжан айым, дербиштердин образына болгон кызыгууңуз эмнеден улам пайда болду?
– Муну мен кызыгуу же өзүнчө тема деп деле айталбайм, бул жөн гана менин ички дүйнөмдүн балалыктан алынган бир үзүндүсү десем болот. Биздин балалыгыбыз Советтик доорго туш болгондуктан, атеизм таасиринде чоңойгондуктанбы, мен аларды көчөдөн секелек кыз кезимде көрүп жүрсөм деле, дербиштер экенин кийин чоңойгондо түшүндүм. Көбүнүн эле эсинде болсо керек, биздин кичинекей чагыбызда айыл аралап сакалчан абышкалар жүрүшчү. Эч кимге зыяны жок алар узун чапан, куржун асынып алып, баштарына чалма оронуп, таяк таянып алышып, элдин сунганын чоң ыраазычылык менен алып, анан көпкө чейин дубасын берип, сапарын улантышчу. Эмнегедир бизге бат-бат келишкендиктен, аларга көнүп да калган элек. Булар тууралуу эч ким деле бизге жарытылуу түшүнүк берчү эмес. Үйдө эч ким жок болуп калганда өзүбүз билип эле нан, таттуу-паттуу, жемиш берип узатып койчубуз. Кээде көпкө келбей калып, анан жол боюнан көрүнө калышса, кадимкидей “дум­ана келатат, думана келатат” деп кыйкырып, бир нерсе алып чыгыш үчүн үйдү көздөй чуркаар элек.

– Алар сиздин сезимиңизде ушунча жылдан бери жашап келатканына караганда, сиз балалыгыңызда думаналардын сырткы гана эмес, ички дүйнөсүнө да маани берип калсаңыз керек?
– Ооба, алардын түпкүрү жок терең көз карашы, бул дүйнөнүн барына да, жогуна да ыраазы болгон сабырдуу жүзү күнү бүгүн да менин элесимде. Ал эми биздикине окшобогон кийимдери, бардыгы жетишип турган бейкапар мезгилде жер кыдырып сурамжылап жүрүшкөнү балалыгымдын баёо сезиминде өзүнчө ачылбаган сыр сыяктуу кала берди. Кызыгы, ошол кезде мен маңдайымда турган “думананын” образын көп жылдардан кийин жараталбай кыйналарымды, алар да бир кичинекей кыздын көңүлүнүн түпкүрүндө орноп калышканын кайдан билейин. Ошентип, биз чоңойдук, байкалбай заман өзгөрдү, а менин “думаналарым” таптакыр кайтып келбей калышты.

– Кантсе да, акыры алардын образы өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз аркылуу жаралды. Ушул “Дербиш” коллекциясынын жасалыш тарыхынан кыскача айттып өтсөңүз?
– Мындан 15-16 жыл мурун бир музейге кирсем, дербиштин жөпжөнөкөй кийими илинип туруптур. Ошол костюмдун жанынан кете албай, айланчыктап көпкө жүрдүм. Жоготконумду тапкандай, жоготконум эмне экенин өзүм түшүнбөй музейде жүрө бердим. Алгач, думаналар тууралуу эстебей эле, салыштырмалуу өтө бай композициялардын жанында бул кийим өтө жөнөкөйлүгү менен мени тартып атат го деп ойлодум. Бирок, тартылуумдун өзөгүн кийин түшүндүм, кептин баары бул кийим тээ менин баёо кезимдеги думаналардын кийимине окшош экен… Көрсө, ошол думаналар менен кошо балалыгымды сагынганмынбы, эмнегедир унут калган, ошол эле мезгилде мага тааныш образдарды жаратып көрөйүн дедим. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей”, бул иш көңүлүмдө жашаганы менен убакыт-сааты эми чыкты окшойт. Өзүм чыгармачылыктын дизайн тармагы менен иштегениме карабай, бул коллекция менин биринчи коллекциям. Адамдын фантазиясына чек жок. Каалаган темаңа коллекция жасасаң болот. Башка темага коллекция жасаганга канча аракет кылбайын, эмнегедир ушул тема мени эч коё бербей койду. Көкүрөктө багып, жаратууга узак убакыттан бери көздөп келген чыгармачылыгымды бир аз болсо да ишке ашырып, көөдөнүмдү жеңилдетким келди…

– Эмне үчүн коллекцияңыздын бет ачарын “Кийиз дүйнө” фестивалында көрсөттүңүз?
– Бул фестиваль көчмөн маданиятына арналгандыктан, ошол жерден көрсөтүүнү туура көрдүм. Коллекция Гүлзада Рыскулованын “Толгонуу” аттуу ырынын, автордун өзүнүн аткаруусунун коштоосунда болду. Түнкү ачык асман астында жагылган отту аралап, бакшы бийди бийлеген “дербиштер” – ансыз дагы унутта калган бүт каада-салтты көтөрүп чыккан бул фестивалга көрк кошту десем жаңылышпайм деп ойлойм.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, «Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.