Наристелерге колдонуучу элдик ырым-жырымдар

“Айгине” маданий-изилдөө борборунун табылгаларынан бул саныбызда Андарак айылындагы тажик-кыргыз элдеринин азыркы убакытка чейин пайдаланып келе жаткан, ымыркайлар сыркоолоп калганда жасалчу элдик ырым-жырымдары жана элдик билими тууралуу беребиз. Бул маалыматтар тажик элинин хадымы (хадым – бул кимдин болбосун мааракесинде баш болуп берген аял, аны атайын эл шайлайт) Устаева Мархамат жана Касимова Хуршада апалардын айтуусу боюнча жазылып алынган.

Мурду бүтүп, эмчек эме албаган балага нокто кийгизип коет. Ал ырымды бүбү-байбичелер жасашат. Алар ноктону алып, “бисмилла рахмонир рахиим, менин колум эмес бабалардын, умай энелердин колу эм болсун” деп, ноктону балага кадимкидей кийгизип коюшат. Нокто үч күнгө чейин маал-маалы менен кийгизилип турат. Нокто кийүү ырымы шаршемби күнү түшкө чейин жана ишемби күнү аткарылса эм болот деп коюшат.

Эт албай, салмагы кошулбай, өтө арыктап кеткен жаш баланы кыбыла тарапка каратып, балондун же башка бир буюмдун тешигинен өткөрүшчү да, андан кийин баланын кулагынан кичине кан чыгарып, өз канын бети-башына сүртүп, куурчакка ошол баланын кийимин кийгизип, анын ысымын коюп, жерге көмүшчү. Куурчак адам баспаган, таза жерге коюлуп, ырым шаршемби күнү түшкө чейин бүбү-байбичелер тарабынан аткарылчу.

Жаш баланын башына жик (быжы) түшсө, катырма же калама нан жасап, баланын башына ак кездеме же жоолук салып, анын үстүнө каламаны коюп, башын ченеп, калама нанды оюп кесип алат. Тажик элинде бул ырымды эгиз төрөгөн, кемеге түшкөн келин жасайт. Кыргыздарда көп балалуу аял киши да жасайт. Жик түшкөн балага карата дагы бир ырым: баланы төрт айрылыш жолдун ортосуна ак матанын үстүнө жаткырып, төрт тарапка каратып терметкен түрдө тоголотот. Муну бүбү-байбичелер жасашат.

Ичи көөп кеткен баланы төмөн­күдөй ырымдашат: камыр жайган тактаны коюп, эки никелүү келиндин очогунан күл алып келип, тактанын бир жагына катары менен үч жерине коет. Анын жанына үч үйдөн ун алып келип, каршылаш жагына коюшат. Баланы жанына жаткырып, биринчи эмчи адам колун күлгө бөлөп баланын ичине басып коет, андан соң эмчи колун унга бөлөп, баланын ичине басат.

Наристенин бетине көзгө окшогон жара чыкса, үч үйдөн ун алып, эки никелүү келинден күл алып, тегирменден калдык ун алып келишет. Унду, күлдү аралаштырып, кишини сылашат. Андан кийин ошол аралашманы жана калган күл менен унду кошуп, камыр кылып, боорсок жасашат. Боорсокту жипке тизип, ага кызыл калемпир кошуп, шурудай тизип, эшиктин сырт жагына илип коюшат. Ал боорсокту жасаган майды чыккан жарага сүртүшөт. Бул ырым үйдөгү мал токтобой өлө берсе да жасалган, анткени, малга көз тийди дешкен.

Жүрөк көтөрүү ырымы: үч үйдөн ун алып, эки никелүү үйдөн күл алып келип, камыр жууруп, жүрөгү түшкөн адамды камыр менен сылап туруп, ошол камырды ысык чокко бышырат. Томолок нан даяр болгондо, аны балага тагып коет. Эгерде жүрөгү түшкөн болсо, токоч жарылып кетет. Ал токоч муздаганча ошол киши тагып турат. Муздагандан кийин алып итке таштайт.

Бала төрөлгөндөн кийин тогуз күн өткөндө, кошуна-колоңду чакырып бешикке бөлөйт. Бешикке күзгү, тарак, шыбак коюп, анан бөлөйт. Бешиктин башына токоч, анан пияз коюп коет. Бала алты ай болгончо ошолор баланы сактайт дешет элде. Жаңы төрөлгөн баланы киринте турган сууга туз жана дубалдан алынган топуракты кошуп жуунтат. Баланын чилдеси чыкканча ошондой сууга жуунтуп турат.

Кулагы ооруган баланын кулагын үч тыйын (“3” санындагы тыйын) менен сылап, булакка таштайт. Таштагандан кийин артына карабай кетүү керек.

Тили оюлган балага пахта же малдын майын түкүртүп кыбыланы караган эшикке жабыштырып коет. Ошол кургаганда баланын тили айыгат.

Жети айрылыш жолдон жети ташты алып, кыйналып заара кыла албай калган баланын табарсыгын сылайт. Анан билерман адам ал таштарды кызыта ысытып, ага суу себет. Ал бууга баланын табарсыгын кармап турат. Чыккан буу балага эм болот.

«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.