Кыргыздын турмуш-тирилиги саймалуу туш кийизде да жашаган

«Колдо бар алтындын баркы жок» демекчи, убагында көп нерсени элес албай, аттиң деп өкүнүп калабыз. Айылга кошокчу, жомокчу катары таанылган чоң энем Үрбүбүнүн айткан-дегендерин жазып албай не болдум.

Ыраматылык чоң энем курак курап, кийиз басып, төрбөлжүн (шырдак) шырыган чебер дагы эле. Кайсы үйдө бөбөк төрөлсө, заматта топу, чапан же чыптама тиге калып, колтугуна кысып жөнөп калчу. «Көрүндүктөн сиз оңой кутуласыз ээ» деп тамашалаганым менен ичимден сыймыктанчумун. Анткени менин чоң энемдин колунан жаралып, бирок бири-бирине такыр окшобогон, ар бири өзүнчө кооз, ар бири өзүнчө адеми кийим-кечелер балдардын үстүнөн түшчү эмес. Ал эми айылдагы кыздардын себи менен кошо кеткен курак көрпөчө, төшөктөрү, жаздыктары, туш кийиздеричи? Былтыр айылга барганымда чоң энемден калган буюмдарды апам: «Эми мага мындай төрбөлжүндөрдү, туш кийиздерди ким жасап берет?»- деп аспиеттеп урунуп атканын байкадым.

tush2

Туш кийиз демекчи, аны Аксыда туш туурдук дейбиз. Кээ бир аймактарда туштук деп да айтылат экен.

Ооба, менин чоң энем сыяктуу колунан көөрү төгүлгөн чебер уздардын, усталардын, зергерлердин колунан не бир сонун буюм-тайымдар, улуттук аспаптар, жабдыктар жасалып келген. Кайсы буюм качан, кантип, кимдин колунан кандай учурда жаралганына кызыгып, тарых-таржымалы менен кошо айтылган. Ошондой таберик буюмдардын катарында туш кийиз да өзгөчө орунда турган. Ал – көркөм кол өнөрчүлүктүн эң баалуусу болуп эсептелген сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм. Боз үйдүн керегесине тартуу үчүн ар кандай оюм-чийимдер жана көркөм көчөттөр менен саймаланып, алгач кийизден кармалып жасалгандыктан туш кийиз атыккан. Туш кийиздин чети кундуз менен басылып, баш жагына бермет шуру, жана башка түрдүү мончоктор менен шөкөттөлчү. Кийинчерээк туш кийиз тукаба, барча, баркыт сыяктуу кездемелерден жасала баштаган. Бул буюм канчалык көп жасалганына карабай, бири-бирине таптакыр окшошкон эмес. Чебер уз аялдар, кыз-келиндер кыргыздын элдик салтын, көркөм өнөрүн сактоо менен катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда зор ынтаасы, бай фантазиясы аркылуу кыял оюмдарды түркүн ыкмаларда чагылдырышкан. Бутактанган «бугу мүйүз», чамгарактуу «кулжа мүйүз, тоо теке мүйүз», «керилген жаа», «бүркүт», «ак шумкар», «көгүчкөн же ак кептер», шаңкайган аска, ак булут, арча, күмүш өзөн, түркүн жемиш, түрдүү гүл болуп, саймаланган көркөм көчөттөр (орнаменттери) аркылуу кыргыздын маданияты, жашоо образы, турмуш-тиричилиги, көчмөн духу, эстетикалык табити аталган буюмга түшүрүлгөн.

Учурда сейрек колдонулуп калганына карабай, биротоло унутта да калбай сайма туш кийиз, чокума туш кийиз, курак туш кийиз делинип, улам жаңы мүнөз, жаңы түргө өзгөрүп, жаңыланып колдонулуп жатышы сүйүндүрөт.

 

Көөкөрдөн куюп кымызды, көкбөрү тартып жаткан эл

Шири идиштеринин кооз түрү болгон көөкөр атайын кымыз куюу үчүн колдонулат. Уйдун, төөнүн терисинен жасалат. Теринин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. Шилтеге салуу – комуз кактын түбү менен чиенин (карагандын бир түрү) түбүн казып келип, аны казанга кайнатып, ошого тери салынат. Ал үч-төрт күндөн кийин аябай былпылдап жумшап калат. Аны казандан чыгаргандан кийин жумшак боюнча бычып тигет. Ичине кум салып, тоборсуганда өзүнүн мүйүз сындырыгы аркылуу (чийим шибеси) көркөм оюм-чийим келтирилет. Тери ичиндеги куму менен кургайт. Көөкөрдүн ийинин, моюнун жана түбүн көркүнө келтирүү үчүн шиши болот. Демек кептөөдө шиш, кум зарыл. Ал буюмдун кебин ойдогудай келтирет. Ага оюм-чийим батырыла түшөт. Кумду төгөөрү менен ал дандайган көөкөр болуп калат.

Төөнүн териси калың болот. Жибитүүдөн чыккандан кийин муну негизинен кол күрөк менен челдейт. Көөкөр болуп бычылган теринин сырткы кыртышын өзүнчө, ички эт жагын өзүнчө шибеге-темене менен тигет. Ал көөкөр кейпин бергенден кийин теринин ичине топуракты, кумду, көбүнчө кум аралаш топуракты шыкайт. Көпчүлүк көөкөрлөрдүн формасы – оозу кууш, моюну узун, түбү кенен, жалпак жана ийиндүү келет.

Чеберлер көөкөрдүн көлөмүн ар кандай жасашат. Анын чоңуна алты-сегиз литр суюктук сыят. Идиштин бир, бир жарым литрлик эң кичинеси да тигилет. Көөкөрдүн ийинин, моюнун, булуң-бурчтарын атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирип, шыкалган топурак тоборсууру менен ага көркөм «чийме сынпос» түшүрүлөт.

Буга түшкөн оюм-чийимдердин же көркөм көчөттөрдүн элементтери негизинен «ийрекке», «мүйүзгө», («кочкор мүйүзгө») «кыял», «жарым кыял» оюмдарына окшошот. Ушундай эле кымыз куя турган шири кумарага (чайдөш түспөлүндөгү чорголуу идиш) да «кыйма», «карга тырмак» мүнөздүү келет. Тери кийимге – көн тердикте «кыял», «мүйүз» оюмдары шарттуудай сезилгени менен булардагы кооздуктарды жаратуу ыкмалары окшош болгондуктан бири-бирине өтүшүп отурат. Орточо көөкөргө төрт-беш литр суюктук батат.

Көөкөрлөр ар кандай формада жасалып, кыз-келиндерге арналган көөкөрлөр андан бетер сыйдаланат да, «чийме сынпос» менен аруу кооздолот. «Токту берип ыштаткан, торко менен тыштаткан» деп көөкөрдү тыштап да коюшкан. Ал көчтүн сынын чыгарган. Тарых жана этнографиялык музейлерде көөкөрдүн ондон ашуун түрү бар. Андагы түшкөн «чийме сынпостор» бири-биринен айырмаланат.

Элдик кол өнөрчүлүктүн салтында түркүн буюмдун бетине көөкөрдү элестеткен көркөм оюмду берүү жөрөлгөлөрүн чечмелей келгенде ал токчулуктун символун туюндурат.

Мыкты көөкөрлөр көлөмүнө карата кош ийини «кочкор мүйүздөнүп», түшкөн оюмдары таза жана так, моюну койкоюп узун да, кыска да болуп, жалпы көрүнүшү жыйнактуу келип көргөндүн көөнүнө толгон (Амантур Акматалиевдин «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» китебинен алынды).

Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 08.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.