Эрмек Бейшеналиев: “Апам жумушта Бүбүсара Бейшеналиева, а үйдө мээрман эне болчу”

Бүгүн кайталангыс залкар талант, кыргыз балетинде Чолпон болуп жанган Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу кеп кылмакчыбыз. Бейшеналива тууралуу канча айтса да түгөнбөс эле. Жаркын талантты өзүнүн жалгыз уулу Эрмек Бейшеналиевдин сөзү менен эскермекчибиз.

– Эркин агай, Бүбүсара эже адам, баарынан да эне катары кандай жан эле?
– Эгер апам адам катары начар киши болсо, балет, искусство унутулган ушундай учурда апам да унутулуп кетмек. Апам кайсы жерде кантип жүрүүнү мыкты билген, ханышадай сөөлөтүн коё бербеген адам болчу. Ал киши жумушта балерина Бейшеналиева, үйдө мээрман эне эле. Башка балдар түшкү тамак учурунда көчөдө жүрсө, мен сөзсүз түрдө үйдөн тамактанышым керек, бул айныбаган мыйзам болчу. Бир жолу барбай койсом, “мен сени тамак жасап алып күтүп жатсам… Ушул жакшы адам болчу кишинин кылаарыбы? Сен менин күтүп жатканымды билбейсиң” деп катуу таарынды. Мага ушул эле сөз жетиштүү болчу. Тамакты укмуш даамдуу жасачу, палоону ашып кетсе кырк мүнөттө даяр кылчу. Айрыкча өзү “кесметай” деп койчу тамагы болоор эле, тооктун этин бышырып, камыр менен аралаштырып туруп жасачу, ошол тамактын даамын башка эч жерден татпадым.

– Эжени көргөндөр биринчи анын кийими тууралуу айтышат, ал кезде алган айлыкка импорт кийимдерди алуу кыйын болсо керек эле?
– Эл ошол кезде Бейшеналиева бай деп айтып калышчу. Жок, биз бай деле эмес болчубуз, апам элдей эле театрдан 250 рубль, депуттыгына 100 рубль алчу. Болгону апам каерден, кандай кийимди алууну билчү, табити укмуш болчу. Анын үстүнө ал кишиге кандай кийим кийсе жарашып калчу. Апамдын кара булгаары тону бар болчу, эсимде, апам ошол кара тонун Кремлден тиктирген. Кийин ошол тонду Сабира Күмүшалиева элүүгө чыкканда апамдан сатып алышып, белек кылышкан. Апам кайра эле Кремлден башканы тиктирип алды. Ошентип тез-тез эле алмаштырып жатса Бейшеналиева бай дешчү да.

– Сиздин эжеге окшош жактарыңыз барбы?
– Апама көп жактарым окшош. Айрыкча жай басканыбыз. Кемпирим кээде аябай шашканда тим эле тызылдап “тезирээк бассаң болбойбу” деп ачууланып калат. Апам да абдан жай, учуп келаткансып каалгып басчу, эч шашчу эмес.

– Апаңыздын тамашакөйлүк жактарын да угуп калдым эле?..
– Ооба, апам чын эле тамашаны сүйгөн адам болчу. Бир жолу экөөбүз Кремлге кирип баратабыз. Лифтке кирерде күбөлүк көрсөтүш керек, карасам апам бирдемени акырын көрсөтүп койду эле киргизип жиберди. Депутаттык күбөлүк көк түстүү болчу, театрдыкы болсо жөнөкөй эле кагаздан жасалган. Кирдик, кайра чыкканда, “апа, жана эмнени көрсөттүңүз?” десем, ууртунан күлүп айтпай койду. Анда ансайын кызыгым артып “баары бир көрүп алам” деп аябай жармашып алсам, анан “күзгү” деп жатпайбы. Апамдын сырты абдан сапаттуу тери менен капталган күзгүсү болор эле. Көрсө, ошол күзгүсүнүн сыртын көрсөтүп кирип кетиптир. Мен аябай күлүп, анан “эгер текшерип алса уят болмоксуз да” десем, “уулум, мыкты терини Кремлде да текшербейт” деп күлдү.

Дагы бир жолу 1-апрелде чиновниктердин баарынын аялдарына чалып “Чалкан” журналын окудуңбу?” деп сурап, анан тигилер “эмнеге?” десе “сурадым да” деп трубканы коюп салды. Ал кезде “Чалканга” чыгат деген өлүм менен барабар болчу да. Тигилер “Бүбүсара жөн сураган жок, күйөөм тууралуу бирдеме чыккан го” деп акыркы санын, андан эч нерсе таппай күркөдө калган бүт сандарын алдырып тытып карашат, эч нерсе таппайт. Анан кайра апама чалып “ай, Бүбүсара, эмнеге сурадың эле? Эчтеме жок го” дешсе, “1-апрелге карата эчтеме чыкпаптырбы деп эле сурагам” деп анан өзү абдан каткырып күлүп алды.

– Эжеде бой көтөрүү бар беле?
– Апам Кыргызстанда өзүн абдан жөнөкөй тутчу да, чет өлкөгө чыкканда ханышадай болуп жүрчү. Ал киши “адамды сырткы көрүнүшүнө жараша тааныйт” дегенди көп айтчу. Бир жолу Москвага Лениндин жүз жылдыгына апам, Усубалиев, Кулатов, Сүйүнбаев болуп жөнөп калышты. Апам дайым аэропортко барарда такси чакырып эле кетип калчу, ошол күнү депутаттардын баары Москвага учуп, такси жок, апам жыйырма мүнөт кечигип барды. Мен узатып баргам. Усубалиев, Сүйүнбаевдер сыртта турушуптур. Элдин баары “Бейшеналиева самолётту кармаганы үчүн азыр тил угат го” деп титиреп турса апам “ой, таалайы жок буржуйлар, бир бечара аялды ала келүү эч кимиңдин оюңа келбедиби?” деп кайра тигилерди уяткарды. Антсе тигилер “кечирип коюңуз, Бүбүсара Бейшеналиевна…” деп эле апамдын чемодандарын көтөрүп киргизгенче шашышканы эсимде. Дагы бир жолу Оштон СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты, Социалисттик Эмгектин баатыры апамды конокко чакырып, анан: “Келсеңиз, сизге башкармалыктын чечими менен бир “Волга” белекке беребиз” деди. Анда апам: “Ай, “Волга” берсең оболу конокко чакырып, анан сый бүткөндө тартуулайт. Мен сага конокко барамбы, же “Волга” берет экен деп барамбы? “Волгаң” өзүңө буюрсун, барбайм” деп элдин көзүнчө эле айтып туруп барбай койду. Апам ушундай көр оокаттан бийик турган улуу киши эле.

– Айтматов менен Бейшеналиеванын жеке мамилелери тууралуу сөздөр сиздин жеке намысыңызга тийчү беле?
– Бул жерде намыс кылчу нерсе жок. Айтматов өзү “бизди жүрөктөрдүн жылуулугу бириктирген” деп бүтүндөй журттун алдында ачык айткан. Апам экөөбүз бул тууралуу ачык сүйлөшкөн эмеспиз, бирок, бул адамдар бири-бирине татыктуу болчу.

– Балерина Бейшеналиева дегенде апаңыздын эмнеси эсиңизге келет?
– Абдан эмгекчил, өзүнө да, өзгөгө да талапты катуу койгон жан эле. Көзүмдө күнү бүгүнкүдөй калганы, бийлеп келгенден кийин кулисанын артында тим эле акактап турат да, анан качан кайра “выход” дегенде эми эле дем ала албай өпкөсү көпкөн апам “жарк” этип жепжеңил чыгып кетчү. Азыр эле тиги жерде бышылдап жатканын эч ким элестете албаса керек.

– “Бейшеналиева көкүрөгүнөн рак болуп, бирок “көкүрөгү жок балерина – ал балерина эмес” деп көкүрөгүн кестиргенге көнбөй, кийин кеч болуп калган” деп жүрүшөт. Эже чын эле операцияга макул болбой койду беле?
– Жок, бул жалган кеп, апам жашоону абдан сүйчү, аткара турган иштери, алдыга койгон максаттары абдан көп эле. Апама “Италиядан протез алып келип бийлей бересиң, ал табигый көкүрөктөн айырмаланбайт” деп акча бөлүнүп берилген. Болгону дарыгерлер кесүү убактысынан адашып, ошондон улам кеч болуп калган.

– Ооруган кезде жанында болдуңуз да ээ?
– Апам ооругандагы кыйналганын бизге көрсөткүсү келбей, ооруган кезде “кызыңды ал да кет” деп атайын үй алып, бизди бөлүп салды. Ал тургай кесиптештерин да акыркы күндөрү үйгө келтирбей койду.

– Атаңыз менен катышыңыз кандай эле?
– Апам менен атам ажырашышкан эмес, аларды тил табыша албаган эки кудача, апам менен атамдын эжелери эле ажыратышкан. Экөө турмушта жакшы санаалаш бойдон калышты. Каерден көрүшсө ал-жай сурашып учурашышчу, атам экөөбүз да кадимкидей жолугуп сүйлөшүп турчубуз. Ал кишинин көзү 1964-жылы өттү.

– Бүбүсара эже тууралуу китеп жарык көрбөдүбү, андагы маалыматтардын канчалык чындыгы бар?
– Апам тууралуу жазылган бул китеп сексен пайыз жалган. Апам Медер Абдыкуловдордун үй-бүлөсү менен бир кезде тааныш, табакташ болуп, ошондон улам Элмира апам менен жакын болуп калган. Анда ал кичинекей кыз, апамды ээрчип биздин үйгө келет, анан бара-бара үй-бүлө мүчөбүзгө айланат. Кийин апам өлгөндө Элмира бардык сүрөттөрдү, каттарды уурдап кетиптир. Мен аны учурунда билбейм. Бир күнү эле Чыңгыз Төрөкулович чалып “келсең” деп калды. Барсам “силердин Элмира деген тууганыңар барбы?” деп акырын сурап калды. “Тууган эмес, ата-энеси менен апам мамилелеш болчу, эмнеге сурадыңыз?” дедим бейкапар. “Ошол аял апаң экөөбүздүн каттарды, сүрөттөрдү уурдап алыптыр,чыгарам дейт” деди. Ошондо апамдын сактап жүргөн каттары, сүрөттөрү бар экенин эстеп жатам. Уурдалгандардын ичинен апам үчүн Чыңгыз Төрөкулович экөө Ригада атайын фото салондон түшүшкөн бир сүрөт, анан каттар абдан кымбат болчу. Көрсө, Элмира биздин үйдөн уурдап кеткен каттарды, сүрөттөрдү көтөрүп алып Чыңгыз Төрөкуловичке барат да, “менде ушундай маалыматтар бар, квартира алып берип кызматка тургузасың. Болбосо мендеги маалыматтын баарын элге таратам” дейт. Чыңгыз ага мага, “сен сүйлөшчү муну менен, кватираны эртең эле алып берем, бирок, мындай кем акыл пас адамды кантип жумушка орноштурам?” деп ачууланып калды.

– Элмиранын өзүнөн апаңыздын ал табериктерин сурабадыңызбы?
– Далай жолу сурадым, ал тургай жездесин, жакшы тааныштарды ортого салсам да укпай койду. Сүрөттөр менен каттарды бир нече жыл сактап жүргөн соң 2010-жылы китеп кылып чыгарттырды. Китепке “баласын үйлөнтөм дегенде Бейшеналиева айылга барып, карыялардан бата сураптыр. Анда карыялар: “Биз сени бийлейт деп эле угуп калабыз, бизге деле бийлеп бербейсиңби” дешсе 32 фуэте кыймылын көрсөттү” деп жазат. 32 фуэте деген бир бутун 90 градуска көтөрүп, бир бутунун башына туруп бир точкада 32 жолу чимирилүү. Ал кезде шым жок. Эмне, апам аксакалдардын алдында юбкасын көтөрүп алып чимирилди дейсизби? Ал китепте мындай апамдын табиятына таптакыр туура келбеген сүрөттөөлөр толтура…

Айжаркын Эргешова, «Леди» («Кыргыз гезиттер айылы») 25.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.