Кыргызстан жөнүндө жаштар ырына сынак уланууда

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Дене тарбия, спорт, жаштардын иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштардын иши боюнча департаменти Кыргызстан жөнүндө мыкты жаштар ырына сынактын ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартылгандыгын маалымдайт.

Мындай сынакты өткөрүүнүн башкы максаты – жаштарды патриоттуулукка тарбиялай турган чыгарманы жаратууда өлкөнүн чыгармачыл адамдарын тартуу болуп саналат. Сынакка катышкан чыгармалар курамына чыгармачыл интеллигенция жана маданий ишмерлер кирген атайын комиссия тарабынан таразаланат. Башкысы калыстар ырлардын новатордуугу, стилистикалык ачыктыгы, тил байлыгына карашат.

Маалыматка ылайык, ырдын тексти мамлекеттик жана расмий тилде болуп, анда өлкөнүн сонун жерлери, географиялык аталыштар жана башка Кыргызстандын айырмалуу өзгөчөлүктөрү камтылышы керек.

Эске сала кетсек, мыкты эмгектерге акчалай сыйлыктар менен баалуу байгелер каралган.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 10.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.