Кол өнөрчүлүктү колдосо, жакшы пайда түшөт

eje

Айылыбыз бийик тоолуу болгондуктан жерден жарытылуу түшүм ала албайбыз. Аркырап эртели-кеч шамал болуп турат. Башка айылдардагыдай жашылчалар өспөйт.

Ар бир айыл ар башка шартта жайгашкан. Ошол шартка жараша айылдын тамырын кармай билип, жумушчу орун түзүүгө да өзгөчө бир ашып-ташкан дем-күч, өнөр, талант керек. Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну, чебер апабыз Кымбат Байматова таштандыга айланып каралбай калган мамлекеттик имаратты заңгыратып ремонттон өткөрүп, жумушсуз аялдарга жумуш ордун түзүп, бирок ал имараттын жылуулук системасы иштебегендиктен иштеринен аксап иштерин ойдогудай алып кете албай жүрүшкөн экен. Чебер апа бүгүн алыскы тоолуу айылы, жылуулугу жок имарат, кол өнөрчүлөр тууралуу биз менен пикир бөлүштү.

– Кымбат эже, өзүңүздүн айыл, айыл турмушу тууралуу айта отурсаңыз?

– Биздин айыл Талас облусундагы Талас районунун Талды-Булак айылы. Искендер Осмонкулов атындагы айыл округунда жайгашкан. Айыл деңиз деңгээлинен 2250 бийиктикте жайгашкан, Өтмөк ашуусунан түшкөндөн кийинки эле биринчи бийик тоолуу айылбыз. Айылыбыз бийик тоолуу болгондуктан жерден жарытылуу түшүм ала албайбыз. Аркырап эртели-кеч шамал болуп турат. Башка айылдардагыдай түркүн жашылчалар өсө бербейт. Картошка айдайбыз. Ал да аба ырайына байланыштуу бир жылы жакшы түшүм болсо, бир жылы болбой калат. Айыл эли мал менен жан сакташат. Ошондуктан биздин айылда эмне көп? Албетте жүн. Койдун жүнүн эл эмне кылаарын билбей сарайларында жыйылып турат.

– Койдун жүнү демекчи, сиз айылдагы “Кыздын себи” кооперативин жетектейт экенсиз. Каралбай калган айылдагы турмуш тиричилик комбинатын иштетет экенсиз?

– Сөз башынан болсун, кызым. Өзүм башынан эле кол өнөрчүлүккө кызыгам. 1978-жылы борбор калаабызга келип атайын орто билим берүүчү окуу жайды ийгиликтүү аяктап, айылга иштеп калдым. 1979-жылдары борбор калаабызга кайрадан келип билимимди жогорулатып, эркектердин, аялдардын тыш кийимин тигип бычууну өздөштүрдүм. 1985-жылы айылыбызда жайгашкан турмуш тиричилик үйүн кароого алдым. Ошондо эле каралбаган бул мекеменин ички, тышкы абалы абдан начар эле. Шыбактары түшкөн. Жылуулук берүүчү системасы дагы ойдогудай коюлган эмес. Ошол учурдагы айылдагы аялдардын күчү менен күндөп-түндөп жан үрөп иштеп мекеменин абалын жакшырттык. Өзүмдүн тапкан-ташыганымды ал имаратка жамап, үч жылга ижарага алып, жаңыдан ишибиз ойдогудай жүрө баштаган. Ошол учурда деле айылда жумушсуз аялдар арбын эле. Алар жумуш менен камсыз болуп, ойдогудай эмгек акы алып иш жүрө баштаганда ошол учурдагы совхоз башчылары ал имаратты менден тартып алып коюшту. Абдан жаман абалда калдым. Мен да таарынып басып кеттим.

– Биртоп жылдан кийин кайра ал комбинатка келген турбайсызбы?

– Ооба. Арадан биртоп жыл өттү. Борбор калаабызга жашап 2005-жылы кайрадан айылга көчүп барганда баягы имараттын кебетеси кеткен абалы менин жүрөгүмдү оорутту. Баламдай асырап ремонттоп, актап, сырдап койгон имарат таштандыканага айланып, таптакыр каралбай калыптыр. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып акыры аны кайрадан иштетүүнү көздөдүм. Балдарымдын, өзүмдүн атымдан кредит алдым, малымды саттым. Баягы короосу койго толгон аял кедейликке жетти. Бул мамлекеттин карамагындагы имарат. А мен болсо 2 миллиондой акча жумшап имаратты калыбына келтирдим. Мунун 465 миң сому гранттан келген. Калганы өзүмдүн, айылдагы аялдардын күчү менен бүткөрүлдү. Биз ошентип керилген жакшынакай имаратка айланттык. Убадама туруп ал имаратты бүткөрдүм. Айылдагы аялдарды чогултуп иш баштадык. Көп жакшы идеялар бар эле, дүркүрөтүп иштетебиз дегенбиз. Бирок ремонт иштери бүткөнү менен жылуулук системасы жоктугуна, күндүн сууктугуна байланыштуу алты ай эле иштеп калып жатабыз. Жылыткычтарды сайсак чыгымдалган электр энергиясы көп болуп ишибиз өзүн-өзү актай албай жатат.

– Карамагыңызда канча ишкер аял бар?

– Имаратыбыз жылуу учурда 30 аял жумуш менен камсыз болот. Жалаң алакийиз, шырдак, жүндөн буюмдарды жасайбыз. Искендер Айдаралиев атындагы айыл өкмөтүндө жайгашкан эски мектепти да аялдар ашар түрүндө ремонттон өткөрүп 70 аялды дайындап койдук. Чет элдиктердин берген гранты – бул кайрымдуулук экен. Кыргыздын деле ишкер бай жигиттери бар. Ошолор бизге көмөктөшүп даяр имаратты жылуулук менен камсыздап иштейм деген аялдарды иштетип, сарайда колдонулбай жаткан жүндөрдөн көз жоосун алган буюмдар жасалып турса кана! Мамлекет жумушсуздарды иш менен камсыздайбыз деп ураан чакырышат. Мен эми баарын дайындап, жумушчу орундарды түзүп коюп, андан ары ишимди алып кете албай турам. Жылуулук системасын киргизип же имаратка толук жылуу пол киргизүүгө өкмөт стимулдук грант берсе кыштыр-жайдыр иштөөгө бизге мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

– Кандай буюмдарды жасайсыздар? Аларды кантип өткөрөсүздөр?

sep– Айрыкча жүндөн жасалган буюмдарга басым жасап жатабыз. Колубуздан жаралган кооз буюмдар менен көптөгөн фестивалдарга, кароо-сынактарга катышабыз. Буюрганын таап жатабыз. Бирок тапкан кирешебиз ишкер аялдарга айлык болуп төлөнөт. Ремонтко корогон кредиттеримди төлөйм. Менин мамлекетке, ишкер чыгаан жигиттерге кайрыларым, таштандыга айланып каралбай калган имаратты жакшынакай абалга келтирдим. Эми ошол жумушчу орундарды иштетип кетүүгө мага көмөк көрсөтүшсө булактын көзүн ачышаар эле. Жеңилдетилген кредиттин баары мал өстүрүү менен жер иштетүүгө гана берилет экен. Жүндү кайра иштетүүгө, кол өнөрчүлөргө берилбейт экен. Ишке ашабы-ашпайбы, азыр бир жаңы жол таап отурам. Стимул грант алууга аракет кылып жатам. Мына кечээ эле алтымыш жашка толдум. Көп кыйналдым. Көп тажрыйба топтодум. Эми айылдагы ишкер аялдарды окутуп, жаңы идеяларды ишке ашырсам деген аруу тилектер бар.

– “Оймо” фестивалынын Талас облусу боюнча координатору экенсиз. Таластагы кол өнөрчүлөрдүн баары сиздин көз алдыңызда турбайбы?

– Ооба. Быйыл “Оймо” фестивалына жакшы тапшырмаларды алдык. “Оймо” фестивалы башталганга чейин ар бир облус өз алдыбызча фестивалдарыбызды өткөрүп алып анан алдыңкыларын чоң фестивалга алып келели деп жатабыз. Ошол жерде көрсөтө турган буюмдарды, бозүйдүн жасалгаларын, шырдак, алакийиздерин өзгөчөлөнтүп жасап келебиз деп убадабызды бергенбиз. “Оймо” фестивалынын алдында, апрель айында кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн съездин өткөргөнү турабыз. Мамлекеттик деңгээлде ар бир айыл өкмөттөн делегаттарды шайлап чоң иш-чара өтөт. Кыргыз кол өнөрчүлөрү үчүн Динара Чочунбаева аябай зор иштерди жасап жатат. Эми съезд өткөрүп алсак аябай чоң бирдиктүү күч болобуз. Ар бир облустун атынан тогуз өкүл көп жерлерге кайрылдык. Себеби көп жылдардан бери келе жаткан кол өнөрчүлөрдүн “Кыял” бирикмеси бар. Бирок “Кыял” ар бир жети облустун өкүлдөрүнө кызмат кыла албай келет. Кол өнөрчүлөр жасап келген буюмдарын сата албай кыйналып ар кайсы дүкөндөргө коюшат. Дүкөндөр оңбогондой кымбат бааны коюп отура беришет. Же ал буюмдар өтпөй акыры белек катары таратып отуруп жок кылабыз. Жүз жаштагы апанын да мүчөлүк китепчеси бар экен. Ошондой мүчөлүк китепчелери бар кол өнөрчүлөрдүн баарынын башын бириктирип, “Кыял” бирикмесин кыргыздын күзгүсүнө айландырып, жети облустан келген кол өнөрчүлөр ортомчуларды кошпой өз баасында “Кыялга” буюмдарын сата тургандай шарт түзсөк деген тилектер бар. Көргөзмө, кароо-сынак дегендерге Талас облусунун атын чыгарып катышып келем. Таластын атынан кол өнөрчүлөрдүн желегин желбиретип келем. Бирок таластык бир да ишкер кыз-жигиттер менин кол жетпеген иштеримди колдой албай келишет. Балким силер аркылуу көпчүлүккө үнүм жетет деп кайрылып отурам.

Нурманбетова Жамиля, “КАБАР ОРДО”, 14.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.