Садык ШЕР-НИЯЗ, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, “Замандаш Современник” партиясынын теңтөрагасы: “Саясый маданият менен руханий күч биригип жаңы саясаттын үлгүсүн көрсөтүүгө мезгил жетти”

s_sherniyaz– Садык мырза, азыр “Курманжан датка” тасмасын тартуу кайсы чекке келди? 
– Бүгүнкү күндө фильмди тартуу процесси позитивдүү маанайга келип жетти десек болот. Учурда аталган тасманын жарымы тартылды. Буюрса тартып аткан топ бул фильмдин тартылып бүтүшүнө көзү жетип, жаш, жаңы режиссер кандай тартат, эмне болот деген көңүл өйүгөн суроолордон өтүп, ашуунун кырына чыгып калдык. Тасманын жалпы узактыгы эки саат он беш же жыйырма мүнөт болчудай. Биз анын жарымын тартып бүтүп, көркөм кеңешке, Киноматографисттер союзунун башкармалыгына, коллегияга бир саат жыйырма мүнөттүк эмгегибизди көрсөттүк. Көргөндөр жылуу кабыл алып, кеп-кеңештерин беришти. Калганын жайында эки ай тартып, жыл акырына чейин бул ишибизди жыйынтыктайбыз деп турабыз.

– Каржылык жактан мүчүлүштүктөр жокпу?
– Азыр биз бул кино бүтөбү, бүтпөй калабы, эмгегибиз талаага кетпейби деген психологиялык барьерден өткөнбүз. Каржылык жактан мүчүлүштүктөр бар, бирок мен аны чоң маселе же жетишпестик деп ойлобойм. Себеби бул ишти мамлекеттик деңгээлде, бюрократиялык тоскоолдуктарсыз кеңешип иш кылсак бүтө турган акыбалда турат. Учурда жумушубузду аягына чыгарууга 20 млн. сом керек. Биз бул сумма боюнча өкмөткө кат жазып кайрылганбыз. Ал кайрылуу Маданият министирлиги жана бул фильмдин башкы продюсери Жылдыз Жолдошева тарабынан премьер-министрдин наамына жөнөтүлгөн. Ал кат азыр мамлекеттик бюрократиянын азабынан ар кайсы жакка көчүп-конуп жүрсө керек. Жакында ЖКнын финансы жана бюджет комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков баштаган жоон топ депутаттарды чогултуп “Манас” кинотеатрында тартылып бүткөн эпизоддорду көрсөткөнү турабыз. Бул тыйынды тез аранын ичинде бөлдүрүп албасак, анда жайында тарта турган бөлүк создугуп, кинобуздун бүтүшү эмки жылга өтүп кетиши мүмкүн.

– Аталган фильмди тартууда негизги кыйынчылыктар кайсылар болду?
– Бул тасманы тартуу көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолду. Эң башында кадр маселеси келип чыкты. Бүгүнкү күндө кыргыз кереметин жаратуучулар аз калган экен. Жакында ушул багыт боюнча дагы бир чоң адисибиз Бекеш Абдылдаев агабыздан айрылдык. Ошол эле учурда биздин көптөгөн адистерибиз чет өлкөлөргө иштеп кетишиптир. Башкы режиссер жети миң сом, экинчи режиссер төрт-беш миң сом айлык алып аткан учурда бул долбоорго чоң адистерди тартуу өтө кыйын. Бирок ошого карабай бул кино үгүттөө иштери, тартуучу топтун мекенчилдик сезими жана Кудайдын жардамы менен тартылып жатат десем туура болчудай.

– Буга чейин өкмөттөн бул тасмага бөлүнгөн 40 млн. сом каражат жетпей атабы?
– Бул каражат мындай тарыхый эпикалык драманы тартууга кетчү каражаттын аз эле бөлүгүн түзүп калат. Албетте, бул жерде “Айтышфильм” киностудиясы да колдон келген жардамын кошту. Ушул фильмди тартып аткан камералардан баштап жарык берүүчү шаймандарга чейин “Айтышфильм” киностудиясынын акыркы үлгүдөгү заманбап техникалары, тактап айтканда аталган тасманы тартууга “Айтышфильм” 3 млн. сомго жакын жардам көрсөтүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө бул фильмдин кээ бир бөлүктөрүнө өзүмдүн жеке тааныштарымдын, досторумдун ичинен, кээ бир олуттуу ишканалар арасында демөөрчү болуп берели дегендер бар. Эгер бул катмарды туура багыттап, атайын келишимдерди түзүп, ырааттуу пайдалана турган болсок, анда мамлекеттин акчасынын деле кереги жок болуп калат.

– Окурмандар үчүн киного кете турган каражатты жөнөкөйлөтүп түшүндүрө кетсеңиз. Тасма жаратууда акча кандай жол менен каякка жумшалат?
– Мисалы, бир орус аскерине ошол мезгилдин кийимин кийгизип, ошол мезгилдеги куралын карматып жасаш үчүн он миң сом кетет деп коелу. Андай солдаттан эки жүз керек. Ошондо бир эле эпизодду көрсөтүүгө 2 млн. сом кетип жатат. Бул костюмуна гана. Эми ошончо кишинин жаткан-турганына, ичкен-жегенине да төлөш керек. Бул ошол тасманын болгону эки мүнөттүк эпизоду гана. Мисалы, бизге Ош гарнизонунда Камчыбекти жазага тарткан үч мүнөттүк эпизоддо орус солдаттары жана беш жүздөн ашык эл пайдаланылды. Ал эпизод беш-алты күн тартылды. Мындан сырткары декорация жасалыш керек. Сулайман тоосунун фонунда эки кабат үй курдук. Албетте ал толук эмес, жеңил-желпи там. Бирок ошол эле үч мүнөттүк эпизодубуз биздин 3 млн. сомубузду кайсап кетти. Негизинен бул фильмде эл көп катышып тартылган жерлер өтө эле көп.

Бул тарыхый тасма болгондон кийин ошончо элдин костюмун эл ишене тургандай, ошол мезгилге окшотуп өзүнчө жасаш керек. Ошол кездеги кийимдерди базардан сатып ала албайт экенбиз. Аларды боюна өлчөп атайын буюртма менен тиктирүүгө туура келди. Артисттер улам эле бир костюм менен чыга берсе да элдин ишенбөөчүлүгү пайда болуп калат. Андыктан костюмду которуп туруш керек. Мисалы, Алымбек датканын костюмуна эле жүз миң сомдон ашык кетип калды. Ошол кездеги мыкты чапандарды, суусар тебетейлерди тиктирдик. Андан башка бул тарыхый тасмада негизги ролдордун саны эле жыйырмага жакын. Курманжан датканын образын эле беш актриса аткарып атат. Курманжан жолуккан кишилердин баары негизги роль болуп эсептелет. Мисалы, Кокондун ханы, Букаранын эмири, орус генералдары, Аңглиянын элчиси, Жаркын айым, Алымбек датка, Ак палван – булардын баары негизги ролдор. Албетте Курманжан датка жолуккан адамдардын баары жөнөкөй адамдар эмес. Алардын ар бирин жасалгалоо да арзан турбайт. Ошол эле учурда алар жалгыз эмес. Мисалы, Букаранын эмири Курманжан датка менен жолугат элем деп сороюп өзү келбейт, анын жанында сөзсүз беш-алты жан-жөкөрү болот. Кокон ханы менен жолугуу үчүн жөн эле сарайга эмес кадимки хансарайга барыш керек. Кыскасы, тарыхый кино жаратуудагы эң негизги кыйынчылыктар костюм, декорация, катышкан көп элди ошол кездеги психологиялык акыбалга алып келүү болду. Баса, каскадерлорубузду сүйлөшүп жатып үч млн. сомго көндүрдүк. Кино тартууда ушундай маселелер акчаны суудай сорот.

– Буюрса тартылып бүтсө бул фильм өзүн-өзү актайбы? Албетте, аталган тасмадагы кыргыз тарыхы, улут кадыр-баркы, андагы инсандардын өмүр жолунун кийинки муунга тарбиялык мааниси өзүнчө чоң маселе. Бирок азыркы шартта жогорудагы суроо берилбей калышы мүмкүн эмес. Чет тилдерге которуу боюнча аракеттер болобу?
– Азыркыдай технология жетишип турган мезгилде аны башка тилге которуу боюнча анча деле кыйынчылыктар келип чыкпайт. Кудай буюрса бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Азыр чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр бар. Ушул маселе боюнча Австриядан сунуш түшүп атат, мен Берлинде февраль айында өтө турган дүйнөдөгү чоң продюсерлердин жыйынына чакырылгам. Азырынча алдыда боло турган сүйлөшүүлөр тууралуу айтууга эрте, бирок аракеттер болуп атат. Баса, учурда биз тартып аткан тасма Россиянын чоң кинокомпаниясын кызыктырып, жакында алар менен сүйлөшүү такталууда.

– Садык мырза, эми жакындагы кадамыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Маданият тармагында биртоп алгылыктуу иштерди жасап жатып эле кечээ жакында “Замандаш-Современник” саясый партиясынын теңтөрагасы болуп чыга келдиңиз. Сиз өзүңүздү саясатчы катары да көрсөткүңүз келеби?
– Мага саясат анчалык деле жат эмес. 2004-жылы парламенттен Акыйкатчынын орунбасары болуп шайланып бир жарым жыл иштеп, 2005-жылкы революциядан кийин таза эмес, татыксыз иштер жүрүп атканын көрүп, ошол убакта Акыйкатчы деген наамды алып жүргөндүн өзү уят болуп калганын сезип, чыгармачылык таза жумуш экенин түшүнүп, өз каалоом менен арыз жазып баш-отум менен чыгармачылыкка кетип калдым эле. Москвадан билим алып келип, андан кийин аз мөөнөткө болсо да Маданият министри болуп иштеп, ошол эле учурда коомдук иштерге аралашып жүрдүм. Канткен менен он жыл мурун биз негиздеген “Айтыш” коомдук фонду бүгүнкү күндө кыргыз маданиятын тартып келаткан бир чоң күчкө айланганы жашыруун эмес. Бул фонд төкмө акындарды гана колдобой, “Калемгер” адабий клубу аркылуу жазуучу, акындарды, “Манас-мурас” коомдук фонду аркылуу манасчыларды, жаш кинематографисттерди колдоо үчүн жана кыргыз киносун өстүрүү боюнча прокаттык стратегияны жүргүзүү максатында алгылыктуу жумуштарды аткарды деп ишеним менен айта алам. Бул багыттарда өсүш болуп, бир кезде жок болуп кетет деген акындык өнөр, кыргыз киносу учурда алга карай обдула баштады.

Бүгүнкү күндө “Манас” кинотеатрында жүздөгөн жаш режиссерлордун алгачкы эмгектеринин бет ачары болуп атат. КМШ өлкөлөрүн Голливуддун кинолору тепселеп, алар өздөрү жараткан кинолорун кабыл албай жаткан учурда Кыргызстанда бул жагынан улуттук киного кайрылуу феномени жаралганы ырас. Буга “Айтыш” коомдук фондунун салымы бар деп эсептейм. Ошол эле учурда кайсы тармак болсо да саясатка байланыштуу болорун турмуш көрсөтүп келет. Ушу тапта биздин саясатта биринчи экономиканы өстүрөлү, саясый жактан өсүү болсун деген лозунгдар менен жашап келгенибиз туура эмес экенин мезгил аныктап атат. Анткени улуттун өзүнүн ар-намысы болбосо, руханий жактан өспөсө, өзүн-өзү сыйлабаса ал мамлекет дайыма башка мамлекеттерге көз каранды болуп бутуна тура албасы анык болуп калды. Ошондуктан бүгүнкү күндө саясый партиялар арасында конструктивдүү диалогго өтүп, революциялардын жолу менен эмес, саясый диалогдордун жана жаңы саясый маданият менен руханий күчтү өстүрүп, бул эки күчтүн бирикмесинен кыргыз элине жаңы саясаттын үлгүсүн көрсөтө турган убакыт келип жетти.

– Сиз ошол үлгүнү көрсөтүү үчүн эмнеге “Замандаш-Современник” партиясын тандап алдыңыз?
– Бүгүнкү күндө бул партия эл алдында жаңы күчтөр менен толукталган, ар кандай партияларга өтүп арты булганбаган, жаш, эл ишенген саясатчылардан турарын далилдеп келет. Жергиликтүү кеңештерге болгон акыркы шайлоодо аталган партия жакшы жетишкендиктерге ээ болду. Бул элдин берген баасы. Эми аларга руханий күчтүн келип кошулушу өбөк-жөлөк болуп, анын Кыргызстандагы саясаттын өсүшүнө тийгизе турган таасири чоң болот деп эсептейм. Учурда кааласа-каалабаса да саясый партиялар үчүн элибиздин, маданияттын, адабияттын руханий баалуулуктарын көтөрүү зарылчылыгы келип чыгууда. Албетте жаңы форматта. Менин бул саясый орунга келишим мүмкүн ошол саясат менен рухий байлыктарды кошо алып кетүүнүн башталышыдыр. Албетте бул улуттук руханий дүйнөбүздүн революциялык эмес эволюциялык жол менен алдыга умтулуусу. Кыскасы, мамлекеттин өнүгүшү үчүн саясат эле керек эмес, ага рухий байлыктар да эриш-аркак болушу зарыл.

Зайырбек АЖЫМАТОВ
Р.S. 22-январда “Манас” кинотеатрына ЖКнын финансы жана бюджет комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков баштаган жоон топ депутаттар келип “Курманжан датка” фильминин тартылып бүткөн бөлүгүн көрүп, жыйынтыгында Акматбек Келдибеков тасманы акырына чыгуу үчүн мамлекеттен 20 млн. сом бөлдүрүп берүүгө сөз берди. 

«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.