Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»

(Уландысы. Башы бул жерде)

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: КИЛГИТТЕГИ КИРГИЛТ КҮНДӨР

Кыямат күндөгү кыргыз көчү

rahmankul khanПакистанга бараткандагы ал күндөр сөздүн түз маанисинде тозок болгон. Андагы азаптуу кездер тууралуу он беш жылдан кийин ошондогу 4-5 жаштагы бала Аятолла Кочак минтип эскерип атпайбы: “Көчүп бараткандагы жолдо жүргөнүбүз элес-булас эсимде бар. Атчан, жүгүбүздү артынып, тоо-таш аралап күн-түнү эле жол тартып келаттык. Ортончу байкем экөөбүзгө ат жетпей калып, экөөбүздү эшекке мингизишти. Ал дагы бир пакистандыктын эшеги экен. Бийик тоолордон ашуу ашып, кыяларды аралап, эшек минип жүрүү аябай оор болчу. Ылдый жакты карасең жар, коркунучтуу, эшектин буту тайыса эле, кулап кетчүүдөй болобуз. Кар жаап жаткан. Ошол жол дегеле баш-аягы жок, түгөнбөчүдөй болду, биз эшектен өмүр бою түшпөчүдөй сезилип, жүрүп эле отурдук. Бир жумадай жүрсөк керек ошондо” . Баланын жүрөгүндө калган элес ушул. Тоолук кыргыздар экватор тарапка, дүйнөнүн төбөсүнөн ысык жакка ушунча азап менен неге жылды дейсиң? Балким Рахманкул өз жанынан жана байлыктарын тарттырып жиберүүдөн коркон болсо керек?.. Анда неге байлыгы дале жок башка кембагалдар – дээрлик Памир кыргыздарынын жарымы аны ээрчиди, корктубу, сыйладыбы, ошол гана жол бар экендигине ишендиби? Менимче, алардын жалгыз айласы ушул Рахманкулду ээрчүү, ал эмне болсо, ошол болуу, ханынан калбоо болуп калгандай. Анан да булар каапырлардан качып Каракорум, Кытай аркылуу Пакистанга өз динибиздегилер – мусулмандар эмеспи деп барышты. Бирок ал жердеги мусулмандар исмаилиттер эле, исламдын бул багытындагылардын эреже-нормалары памирлик кыргыздардыкынан кичине башкачараак болуп, “жаңы туугандар” менен кылкелише албай калды. Жолдо абдан көп малдары кырылды, алар да жер ушап, арам өлгөнү андан көп болду, калганын Килгит жана Хунзада жарыбас теңгеге алмашып ийүүгө мажбу болду. “Пакистанда аларды үч кабат касирет кайгы баскан, – деп жазат Реми Дор, – биринчиси – экологиялык касирет – салкын төрдөн какыраган чөлгө түшүшкөн; экинчиси – социалдык-экономикалык касирет – болгон байлыгы малдарынан ажырашып мурдагы көндүм турмушунан айырылышкан; үчүнчүсү – маданий касирет – бөтөн эл, бөтөн жер, түшүнүксүз жат тил, дини да бөлөкчө, дили жат эл арасында заманалары куурулган”.

Пакистанга барган памирлик кыргыздар бир топ жерге бөлүнүп-бөлүнүп жайгаштырылган. Кийин алар негизинен Килгит деген шаарга топтолуп алынып келинген. Бул жердеги жергилик урду жана буруш тилинде сүйлөгөн эл менен сиңишүү бир топ эле кыйын болгон. Полицейскийлер катуу кайтарат, бул кыргыздарга ишенимдин жоктугунан болгон сыяктанат. 1300дөй качкын төрт жыл муз ичинен ысык дандырга алып барып койгондой күн кечирди, деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги кишилер 1200 метр жерге түшүп келди, 20 градус ысыктан ашпаган жердегилер 40 градус ысыкка келди. Бул дүйнө элдеринин тарыхындагы улуу көчтөрүнүн улуу сыноолорунун бири эле. Дал ушул сыноого туруштук берип элин сактап калганы үчүн да Рахманкулдун атын тарых барактарына өчпөс кылып жазуубуз керек. Ушундай кыйын убакта ал дүйнө-мүлкүн, малдарын кыйналгандарга жана муктаждарга бөлүшүп берген экен. А.Кочак айткандай: “Күн аябай ысык болчу. Күндүзгү ысыкты айтпай эле коелу, кечиндеги ысыкка чыдай албай, сууга түшүп, суудан чыкпай оонап жатчубуз. Ичкен суубуз аккан дарыя, кир суу эле”. Биринчи жылы эле балдардын этине чыгуу чыгып, ичи өтүп, дагы башка жугуштуу оорулар каптап, жаңы жерге байырлай албай жүздөй киши набыт болот. Алы-күч бар, жолдон корпогон дагы жүздөй киши не болсоң, ошо бол деп кайра көздөн учкан Памирине көчөт. Муну айрым маалыматтар (Б.Урустенбеков, Т.Чоротегин) Абгамбек ажы уулу Абдирашит баштаган 42 үйбөлө деп көрсөтөт. Ал эми А.Нурдинов Ооганбек уулу Абдирашит 42 үй-бүлөнү ээрчитип келгенин, анын бири шайым уруусунан Молдотурдумамбет уулу Жалилидин кийин ага минтип айтып бергенин жазат: “Пакистанга эл менен кошо баргамын. Ал жак ысык экен. Анын үстүнө Пакистандын жетекчилери дагы “силердин оору-сыркооңор болсо элибизге жугат” деп бир жерде кармап туруп алды. Балдарга, кары-картаңдарга, аялдарга өтө кыйын болду. Көрбөгөн азапты көрдүк. Анан Абдирашиттин сунушу менен Рахманкул ханга билдирбей кайра Памирге качып баса бердик”.

“1978-жылы кыргыздар Ишкуман өрөөнүнө туш келип,-деп жазат Р.Дор, – ачкачылыктын азабын тартканы али эсимде. Өрөөнгө Памирден Пакистанга ашчу Вахжир ашуусунун төтө жолдору аркылуу келиптир. Ашуудагы баштан өткөргөн кыйынчылык айтса түгөнгүс: балдар ызы-чуу түшүп, кемпир-чалдардын үшкүрүгү таш жарат, малдын маараганынан, мөөрөгөнүнөн, кишенегенинен кулак тунчудай. Мөңгүдөн тайып жарга учкан жылкылардын кишенегени али күнчө кулакка жыңыргансыйт. Ошондой кыйынчылыктарга карабай революциядан, большевиктерден үрөйү учкан адамдар улам алга бара беришти”.

  Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындарга көмөк кылуу кемисиясы бир топтон кийин буларга жардамга келет, жашоо үчүн чатыр берет, булар чатырга да көнбөйт, айран, сүт сыяктуу актан өзгөчө өксүйт, пакистандыктардын жардамы нанга араң жетет. Жумушсуздук күчөп, көпчүлүк тил билбей кыйналат. Карыптык менен мусапырчылык бир паста адам башына түшкөнгө абдырап калат. Исмаилиттер кыргыз аялдарды, кыздарды паранжи жамынууга мажбур кылат, көчөгө ээн-эркин чыгарбайт.

Арман ырга айланган азаптар

Ошол жылдарда жазылган Кылыч Таабылдынын ырында айтылгандай бизден өтүп каталык, мазар жерди кор кылдык, бул ишти Ажыдан көрбөй, Алладан көрөлү дейт. Ошол эле ырда Рахманкул хан тууралуу динсиз орустар келип жаннаттай болгон Кабыл чөл болду дейт, хан Закир Шахтын барында Кабылга коюн айдаткан, Шах “элине түркүк ажыны оң көзүмдөй көрөм деп, колуна парман карматкан, азиз го мейман ажы деп, кавайылдын ичинде, мазары килем жайдырган, чаманга коюн жайдырган” деп Рахманкул кадимки Закир Шахтын бийиктигиндеги инсан экендигин айтып берет. Ыр Памир тууралуу ностальгия-арман сыяктанат:

Чиркеп го жүргөн нар кана?
Колдотуп жүргөн мал кана?
Үстүгө тиккен үй кана?
Чадалаш конгон эл кана?
Жаннатай болгон жер кана?
Санабас жерге туш болдук,
Канаты сынган куш болдук.
Чөлүстөн жерге туш болдук.
Бөдөнө деген куш болдук.

Малек Рахманкул уулу Кутлу болсо “Асли Ватан” деген ырында андан өтүп Памирге эңсөөсүн ыр менен билдирет:

Асили ватан жер кана?
Тааныш эй билиш эл кана?
Короо-короо кой кана?
Кошмок оор өркөч төө кана?
Туйлаган тулпар ат кана?
Коштогон белек хат кана?
Мөөрөгөн торпок, тай кана?
Памирдей асыл жай кана?
Ак өргөөдөй үй кана?
Аксуудай жакшы жер кана?
Алыстан эй көрүнгөн
Акташтай кызыл кыр кана?
Кымызы, айран – ак кана?
Көлкүгөн асман кең кана?
Көгөргөн шибер көк кана?
Ак буудай сепкен жер кана?
Миң зерлеп алган зер кана?
Кырман о кырман жай кана?
Жалаңач калаа мал кана?
Мехнет о захмат бул кана?
Айдамин сархад ол кана?
Бостанын багы бул кана?
Лал-е Бадахшан кана?
Мазардын кызыл гүл кана?
Маркезиң Кабыл бул кана?
Муңайтып мени ээй ырдаткан
Мусаапыр менин элимби?
Кайгыртып мени ырдаткан
Караң го калган жеримби?

Мына ушундай күндө калган, аргасы кеткен Рахманкул балдарды окутууну колго алат, Пакистан өкмөтү кичиавтобус бөлүп берип кайсыхул тибиндеги мектептен окутат, окуу урду жана англис тилинде жүрөт, балдар эне тилинде окубай мында дагы кыйынчылык тартат.

 Мына ушундай кыйынчылыктар, ээрчитип келген адамдардын убал-сообу, алардын ачык да, артынан да ханына акарат айтышы Рахманкулдун мойнундагы ныгыра баскан оор жүгү болгон.

Жаңы журт издөө түйшүгү

Ал 1980-жылы апрелде Исламабаддагы АКШ өкүлчүлүгүнө кайрылып, иммиграциялык визага уруксат берүүнү, качкын укугундагы эл катары эларалык нормалар менен өз өлкөлөрүнө алууну суранат. Карабайсызбы, Америка кайда да, Памир кайда? Неге ошондо АКШнын Аляскасынан жер сурады? Муну бир кезде Памирде болгон америкалык жеркезер, сүрөтчү-натуралист Петош менен жолугушканда, анын китебиндеги Алясканы көргөндөн жана аны картадан тапкандан кийин кызыгып калган болсо керек дешет Рахманкул тарыхын изилдегендер. Чын эле Аляска менен Памирдин жакындыгы, климаттык шарттарынын окшоштугу бар эле. Бирок бир коркунуч – төрт жыл Пакистан аптабына какталган памирликтер эми кайра муз ичине барса эмне болот, кайрадан кырылып калбайбы деген ой эле. Анын үстүнө жердин түбү, улуту да, дини да башкалар…

Анын үстүнө Ооган бийлиги алмашып, коммунисттик режим кулап, элбашына кайрадан Румда жүргөн Закир шах бийликке келсе, сөзсүз Рахманкулду издетмек, анын элин кайра көчүрүп алмак. Бул үчүн да жакыныраак жер керек эле.

Канткен менен Пакистандан жер которуу тууралуу Рахманкул хан бул жакка келери менен эле аракет кылгандай, балким БУУга да, көп элчиликтерге да кайрылган окшойт. АКШда алардын сунушун көпкө кабыл албады, булардын көбү эле Ооган өкмөтү жана Пакистан менен, кандайдыр бир буларга тиешеси бар СССР менен мамилесин бузуп алгысы келген эмес окшойт, айтор 3-4 жыл Рахманкул хандын өтүнүчү бошко кеткендей.

Биз менен болгон маегинде хандын увазири Айтмахаммад Ажы минтип айтат: “Рахманкул хан экөөбүздүн барбаган өлкөбүз, кирбеген эшигибиз калбады. Рахманкул хан бүт түрк элдери үчүн күрөшкөн баатыр эле. Бизде коркуш деген жок эле, душман миң, өзүбүз бир болсок да тайсалдоо деген жок болчу. Совет Ооганды козгогондо 300 түтүн Пакистанга өттүк. 40 градус ысыкка кабылдык. Ошерде төрт жылдай турдук, аптаптан 170 адамыбыз өлдү, анан суугураак жер сүрүштүрдүк, Америка жана Түркияга муражаат кылдык. Муражаатыбыз кабыл кылынып Америкадан кичик учак келди, Аляскага келип орун тандагыла деди, биз Рахманкул хан экөөбүз бармак болуп шайланып калдык, лекин ошентип турганда Түркиядан да кабар келди, дароо 25 киши кошо келди, көчүрүп кетүүгө”.

Бул жерде түшүнүксүз бир нерсе бар, ал – АКШга, Аляскага жол ачылганда дароо эле Түркиянын буларды көчүрүүгө киришип калышы. Менимче Түрк өкмөтү АКШ бийлигинин реакциясын дыкаттык менен карап турган көрүнөт. Албетте, мындай кылууга Түркиянын бийлиги жанагы муражаат сурагандардын мусулман болгондугун, дин үчүн коммунисттер менен бериге албагандыгын, ушунча көп жыл качкын болуп жүргөндүгүн биринчи кезекте эске алган болуу керек. Айтор 1982-жылы март айында Түркиянын Антала вилаятына кабыл алуу чечими чыгат, ал чечимди аткаруу негедир аябай кечигип, август айында гана ишке ашат.

Кийин Рахманкул хан Реми Дор мырзага минтип түшүндүрөт: “Эгерде Түркия өкмөтү болбогондо биз аргасыз Аляскага кетмекпиз. Бирок алар бизди кабыл алган соң, америкалыктардын сунушунан баш тарттык. Бу боюнча эмне деп айтсак… Негизи Аляска дегениң жердин түбү, анын үстүнө биз англисче сүйлөгөндү билбейбиз… Айтмакчы биз түпкү тегибиз түрк болгондуктан, түрк өкмөтүнө кайрылдык. Арийне, алар бизге “жок” деп жооп берсе, аргасыз алыскы Аляскага сапар тартмакпыз”. Демек, Рахманкул хан үчүн жалгыз гана АКШга жол турган эле, тагдыр ошондо дагы башка жол бар экендигин буларга ыраа көргөндөй. Балким мында дагы бир окуя чечүүчү жагдай болгонсуйт. Түркия президенти Пакистанга, болгондо да Исламабадга ишсапары менен барат, ошондо балким Рахманкул хан менен Президент Кенен Эврен көзмө көз сүйлөшүп, кыргыз ханы Түркия бийлик башчысын өздөрүнө ынандырган болуу керек дейсиң. Ал жерде Түркиянын Улутчул партиясынын лидери Алпаслан Түркеш менен да жолугуп, пикирлешкенин С.Кайыпов маалымдайт.

Ошолордун жыйынтыгы болуп, айтор ошондон кийин Исламабаддагы элчиликте мындай кеп болот.

– Сиздер Түркияга барсаңыздар ал өлкөнүн кайсыл жерине жайгашуу ниетиңиздер бар? – дейт элчи ханга карап.

Тагдырдын дагы бир ташы алдына ыргытылып жатканына моюн сунган Рахманкул:

– Биз Түркия журтунун кандай жери бар экенин каяктан билейли, мурда көрүп-багып жүрсөк бир жөн эле, кай жериңер суук, кай жериңер ысык экенин биле албайбыз, – деп кайра өкүлгө жалдырай карады.

– Эмне жумуш менен шугурлангыңар келет? – Элчинин көзү кайра хандын көзүнө кадалды.

– Салкын жер болсо саз болор эле. Биз ата-жотобуздан бери мал багабыз, чарбачылыгыбыз малчылык.

Өкүл дагы ойлонуп туруп:

– Анда Сарыкамышка жайгарсакчы?-деди.

– Картадан көрсөтүңүзчү? – Рахманкул ушинтип айтканда, өкүл Түркиянын картасын алып чыгып үстөл үстүнө жайды.

– Мына бул жерде! – Түрк жигити ага Сарыкамышты сөөмөйү менен кезей көрсөттү эле, Рахманкул хандын ичиркенгендей бүт денеси муздай түштү.

– Сарыкамышыңар Советтерге ирегелеш турбайбы! Мунуңар кандай?! Мен жакында эле олоруңан зорго кутулсам, силер туугандык кылбай эле мени алдап кайра эзелки душманымдын колтугуна салып бересиңерби? Жок, мен мында куйкаланып өлсөм да Сарыкамышыңарга бара албайм! Собет кордугун, болшебектердин жабырын эки дүйнө эстен чыгарбайм!

Ошентип Сарыкамыш маселеси четке кагылып, качкын кыргыздарды жайгаштыруу үчүн Түркиянын Эржиш вилаятынын Ван көлүнүн тегереги тандалып алынды.

(Уландысы бар)

Соц тармактар:

One thought on “Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.