Кыргыз циркчилеринин жеңиши – кыргыз элиники

Кыргызстандык цирк чеберлери Франциянын Монте-Карло шаарында өткөн отуз төртүнчү эл аралык фестивалда “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын жеңип алышты. Бул сыйлык аларга ат үстүндө мыкты оюн-зоок көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылган. Кыргызстандын жана Орто Азиянын цирк жаатындагы тарыхында мындай ийгилик алгачкы жолу белгиленүүдө.

“Азаттык” үналгысы буга байланыштуу Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаевди кепке тартты.

Курмангазы Исанаев: Кинодо Оскар сыйлыгы болсо, Монте-Карло – цирктеги эң чоң мелдеш. Фестивал беш жылда бир жолу өтөт. Фестивалга чакыруу алуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы региондорунда катышууга укук ала турган мыктынын мыктысы тандалат.

– Кыргыз цирк чеберлери кандайча бул тандоодон өтүп калды?

Курмангазы Исанаев: 2007-жылы Азия өлкөлөрү катышкан мамлекеттердин ичинде Кытайда ошол ат оюндары боюнча биздин циркчилер үчүнчү орунду, Римде экинчи орунду алган. Ал эми жыйынтыктоочусунда өткөн жылы Варшава шаарында экинчи орунду ээлеген. Ошентип үч жылдык фестивалдардын жеңүүчүсү болуп Монте-Карлого катышууга укук алган.

14-январда Монакодо фестивалдын ачылышы болуп, биздин балдар элүү мамлекеттин ичинде ат орундарынын номинациясы боюнча экинчи орунду алды, биринчи орунду Кытай, үчүнчүнү Канада менен Австралия ээлеген экен. Бул – чоң жеңиш. Бул Кыргызстандын циркине эле тиешелүү эмес, бүтүндөй Кыргызстандын тарыхында кала турган чоң окуя болду.

– Кыргыз циркинин шарттары начар болгонун бир топ байкоочулар айтышат. Ушундай шартта иштеп, чоң ийгиликке жетүүнүн сыры эмнеде?

Курмангазы Исанаев: Сыры – кыргыз баласы төрөлгөндөн баштап аттын кулагы менен тең ойнойт. Кыргыз балдары жаратылышынан атка аябай жакын экенбиз, каныбызда бар экен. Өткөн жылы 5-6 айдын ичинде, кээ бирөөнү 4-5 айдын ичинде “Жылдыздар манежде” деп эстрада ырчыларын ушул жерден үйрөтпөдүкпү.

Биздин кыргыз элинин жаратылышы го деп ойлойм, анан албетте талант керек. Ошол таланты бар, атка чукул улут кыргыз болсо керек, себеби бат үйрөнөт экен. Кыргыз атка жакын болот экен. Албетте, экинчиден, эмгек. Ойлоп көрсөңөр, күнүгө 5-6 сааттан машыгуу үчүн кандай чыдамкайлык керек!

– Келечекте дагы ушундай ийгиликтерди жаратасыздарбы?

Курмангазы Исанаев: Биз азыр ат оюндары боюнча үчүнчү муун болуп калдык. Өзүбүздүн үч жыл мурун ачылган студиябыз бар, мына ошол жерге жаңы эле труппа түздүк. Манат Эшимбековдун труппасында артист катарында жүргөн Алмаз Раимкулов деген жигит келип, азырынча алты ат менен көрсөтүп атабыз. Өткөндө алар Алматыга гастролго барып келишти. Биз муну андан ары карай дагы кеңейтип, жалгыз бир эле ат оюндары менен гастролго жибере албайбыз, башка дагы программалар бар.

Биз ушул студиянын өзүндө акыркы үч жылдын ичинде 36 жаңы номер чыгардык. Муну Маданият агенттигинин астында цирк искусствосунун өнөрүн түшүнгөн адистер, сынчылардан түзүлгөн чоң эксперттик коммиссиядан өткөргөнбүз.

17-декабрда Италияга бир труппаны жөнөттүк, бардык чыгымдарын өздөрүнө алып кетишти. “Вертикальные акробаты” деп коет, алар Казакстандын Алматы, Астана шаарларында номерди иштеп чыгышкан.

– Бул жеңиш Кыргызстан эле эмес, Орто Азиядагы чоң жеңиштердин бири болуп эсептелет экен. Ушул жигиттерге Кыргызстанга келгенде кандайдыр бир материалдык же моралдык сыйлыктар берилеби?

Курмангазы Исанаев: Мен ойлойм, албетте берилиш керек. Мисалы, спортчулар олимпиадага барып, экинчи же үчүнчү орунду алып келсе, кандай чоң шаан-шөкөт менен тосуп, аэропорттон бери карай мамлекет, өкмөт башчыларынын кабыл алуусунда болушат.

Бул жеңиш жалгыз эле цирктин же артисттердики эмес да. Бул бүтүндөй кыргыз мамлекетинин жүзү. Ошол жерде сценарийде балдар чыгып, ойноордо 14 атчан Кыргызстандын желегин, түндүгүн көтөрөт, гимни ойнолот. Бул Кыргызстанды таанытуу болуп эсептелет. Ошондуктан моралдык, материалдык сыйлык болсо керек деп турам.

Эдил Сапарбек, «Азаттык», 26.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.