Аялдар поэзиясы: кечээ жана бүгүн

Профессионалдык аялдар поэзиясынын генезисин карай келгенде дегеле аялзаты коомдо кандайдыр бир сөз айтуу мүмкүндүгүнө канчалык ээ эле, коомдогу, элдин дүйнө таанымындагы аялдардын орду кандай эле деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Бул жагынан кыргыз элинин дүйнө таанымына таянсак, аялзаты Умай эне, Бугу эне, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу колдоочу, кудай жана керемет жөндөмдөргө ээ миф, уламыш, эпос кейипкерлери катары көрүнөт. Анан улам жөнөкөйлөшүп отуруп, эл өзү ыйык туткан аялзаты Жаӊыл Мырза, Ак Мөөр сыяктуу каармандарга айланат. Анан ошол кыргыз элинин көркөм чыгармаларынын кейипкерлери аздап өзү жаратмандык кылып, кыргыз сөз өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Айталы, бизге жеткен “Кыз менен жигиттин айтышы”, “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” сыяктуу чыгармалар аялдардын даремети эркектердикинен эч калышпастыгын күбөлөп турат. Айрыкча “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” мазмунунун тереӊдиги, көркөм элестүүлүгү, фантазиясынын байлыгы, батылдыгы, баатырдыгы жагынан да Сократтын акылман усулуна шайкеш келерин адабиятчы С.Байгазиев белгилеген. Жомокторундагы Жээренче, Акыл Карачач акыл-эстүү гана болбостон, кыйытып образдуу кеп айткан, метафоралуу ой жүгүртө билген. Демек, кыргыз сөз өнөрү аялзатында да болгон. Кыргыз адабияты Октябрь революциясынан кийин эле пайда боло калган эмес, анын тамыры тереӊде, байыркы замандарда. Кыргыз поэзиясында аялдар ээлеген орун бараандуу да, маанилүү да, ошону менен бирге тарыхый башаты эски доорлорго барып такалат. Акбермет Карагул кызы, Ак Шербет, Бурулча, Курманжан датка сыяктуу инсандардын ырлары ар түрдүүчө жолдор менен бизге жеткен.

Ырас, ХХ кылымдын 10-20-жылдарында башталган биздин төл адабиятыбызда кыздар дээрлик жок, көбүнесе жигиттер. Алардын катарында бир гана З.Лепесова деген аялдын ысымы кезигет. Бирок анын жазгандарын кыргыз басылмаларынын эч биринен учурата алганыбыз жок. Анын болгону эки строфа ыры жана ага карата талдоо адабиятчы А.Эркебаевдин “Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары” китебинде учурайт. Канткен менен ага замандаш А.Токомбаев, К.Тыныстанов, М.Токобаев, М.Элебаев, Ж.Жамгырчиев, К.Маликов сыяктуу акын-жазуучулардын аялдар теӊдигин көксөгөн ыр, поэмалары өз кезегинде кыргыз аялзатынын илим-билимге умтулуусун шарттаган, ага түрткү берген. Алгачкы жазуучу А.Айтбаева, алгачкы журналист К.Кыдырбаева, биринчи актриса А.Карасаева, кыргыз совет адабиятчысы, сынчы Б.Керимжанова чыгып, анан аларга куйрук улаш карлыгач акын кыз Н.Жетикашкаеванын адабият шарданына кошулушу – кыргыз аялдар поэзиясынын тарыхый өнүгүшүнүн алгачкы кадамы.

Ал тарых андан кийин кандайча уланды? Н.Жетикашкаеванын аркасынан адабиятка келген С.Абдыкеримова, М.Буларкиева, С.Абдыкадырова, Н.Жүндүбаева, З.Сооронбаева, Т.Адышева, Ж.Тынымсеитова, М.Абылкасымова деген акындар ырларын басма сөздө жарыялап, алды 40-50-жылдардын чегинде алгачкы китептерин чыгарууга үлгүрүштү. Бул тизме 60-жылдары болуп көрбөгөндөй өсүп, аны адабиятчы К.Артыкбаев: “60-70-жылдардагы салттуу формада жазылган кыргыз поэзиясынын поэтикалык изденүүлөрү менен көркөмдүк табылгалары жөнүндө кеп козгогондо анын тутумунан эч качан ажыралбай турган дагы бир олуттуу фактыларды аттап өтүүгө болбос эле. Бул – ал жылдары күчтүү өнүккөн кыргыз аялдар поэзиясы….”, – деп мүнөздөйт. Ошого эле үндөш ойду адабиятчы, кыргыз поэзиясын тереӊдетип изилдеген О.Ибраимов да айтат: “Кыргыз поэзиясы жетимишинчи жылдарда да бир өзгөчөлүк менен көзгө түшөт, ал – кыздар поэзиясы”. Ушул эле пикирлердин өзү кыргыз совет адабиятынын алкагында “кыздар же аялдар поэзиясы” деген түшүнүктүн тереӊ орун-очок алып калгандыгын байкатат. Жогоруда саналган акындардын ар биринин адабиятка кирүү жолу, андагы изденүү, акындык тагдырлары ар түрдүү. Алардын бардыгында теӊ негизинен коомдук темалар орун алса да, окурманга байкалып-байкалбаган ар биринин арман-өксүгү же бактысы бар экени сезилет. Н.Жетикашкаева совет доорунун жыргалчылыгын жан эбиле ырдай берип, жадагалса ааламдагы Ай менен Күндү, теребелдеги бак-дарактарды, жаратылышты унутуп койгондой көрүнөт. Бул бир жагынан акындын чындап эле дүйнөнү эргип кабылдаган бактысы болсо, бирок ошол картинанын арткы жагындагы айныгыс чындыктын – акындын баласыздык арманы менен эрте өлөөрүн сезип, тынчсызданган ырларынын бизге жетпей калгандыгы соцреализм деген түшүнүктүн биз азыр түшүнүп жаткан залакасы болушу толук мүмкүн. Мунун өзү кыздар поэзиясынын көмүскөдө калган “актай барагы” катары көрүнөт. С.Абдыкеримованын өӊчөй жылуу маанайлуу ырларын көзөп өткөн баласыздык арманын Жеӊижоктун окшош аталыштагы ыры менен салыштырып талдоого болот. Мунун өзү оозеки чыгармачылык менен профессионалдык адабияттын үлгүсү катары эмес, ал ырларды эркек жана аял адамынын чыгармасы катары кароого мүмкүндүк берет.

Т.Адышева, Ж.Тынымсеитова – бардыгы теӊ коом, мекен алдында өз сөздөрүн айтып калууга үлгүрүштү. Жигиттерге караганда кыздардын адабиятка кеч келиши бир кездеги эркек акын-жазуучулар басып өткөн жолдун андан кийинки мезгил алкагында акын кыздар тарабынан кайрадан кайталанышын шарттады. Алар адабиятка жигиттер сыяктуу эле баш бакты, фольклордун кучагынан аздап суурулуп чыгышты, ошол эле темаларда иштешти, айырмасы, “Чалкар”, “Балка” сыяктуу псевдоним менен чыгармаларын жарыялагыдай опурталдуу ой айтышкан жок. Акын кыздардын адабиятка кириши кандай тынч болсо, адабияттагы андан аркы жолу дагы беймарал, эч кимге “тийиштиксиз” башталып, калыптанып жүрүп отурду. Айырмасы, алардын поэзиясында поэтикалык “мен” эртерээк баш бакты. Анткени, алар канчалык коомдук темаларга кайрылбасын, өздөрүнүн дүйнөсүнө дагы үӊүлүп, кайгы-кубанычын камтый кетишти.

Кыргыздын алгачкы акын кыздары кыргыз совет адабияты бир кыйла профессионалдашып калган мезгилде адабиятка келгенине карабастан, алгач өздөрүнүн фольклор менен абдан жакындыгын туюнтушту. Алардын алгачкы ырларынын мазмунун негизинен Ленин, партия, социалисттик эмгек, билим алуу, жаштарды тарбиялуу болууга үндөө, коомдун жетишкендиктерин ырга салуу, согуш жана тынчтык темасы ээледи. Аялзатынын Октябрь революциясына чейинки жана андан кийинки күндөрүн карама-каршы коюп сүрөттөө аркылуу алар антитеза поэтикасын көргөзүштү. Алардын үнү анчалык жаӊырыктап чыкпаса дагы, агитациялык-үгүт ырларын жаратууну дагы милдети деп сезишти. Адабиятка алгачкы кадамдарын ишенимдүү таштоо менен чыгармачылык өсүштөрүнүн пайдубалын түзүштү. Лирикалык ырлардан поэмаларды жазууга өсүп жетишти. Өздөрүнүн ички табиятына жакын кыялкеч дүйнөсү менен алар реалисттик жана романтикалык сүрөттөөнүн айкалышындагы ырларды жаратышты. Жеке гана чыгармачылык менен алектенбестен, өз кезегинде басма сөз иштерине, коомдук жумуштарга аралашып, эки тизгин бир чылбырды колдоруна алышып, граждандык позициясын бекемдешти. Мунусу менен 40-50-жылдардын чеги кыргыз адабиятында аялдар поэзиясынын бекем орун-очок алып, түптөлүп калгандыгын байкатты.

60-жылдардагы жалпы совет адабиятындагы изденүүлөр кыргыз адабиятын дагы кыйгап өтүп, саналуу акындардын ичинде М.Абылкасымова “Эстелик сүйлөйт” поэмасы аркылуу адабияттагы жаӊычыл изденүүсүн байкатты. Союздагы кыздардын ичинен жалгыз Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болуп, мунун өзү кечээ эле жаӊы кадам шилтеген кыргыз адабиятынын, анын ичинде кыргыз аялдар поэзиясынын бир топ деӊгээлге көтөрүлүп калгандыгын тастыктады.

70-жылдары акын кыздардын ыр китептеринде буга чейинки тандап алган темалары тереӊдетилип, байытылып, түгөлдөнүп жүрүп отурду. Алар эми өзүн адабияттын кишиси катары, ырларын анын бөлүнгүс бир бөлүгү катары эсептеп, ишенимдүү чыгармачылык кылып, изденишти. Бул мезгил тилкесин өзгөчөлөгөн көрүнүш С.Акматбекованын “Жамгыр” (1970) аттуу алгачкы китебине байланыштуу.

С.Акматбекованы кечээги акындардан эмнеси айырмалайт? Бул кечээ да, бүгүн да кызыгууну туудурган суроо. Көрсө дал ошол “Жамгырдан” кийин кыргыз адабиятында интимдүү лирика, медитативдик ырлар орун ала баштаган экен. С.Акматбекова тууралуу убагында көп сөздөр айтылган. Акындын интеллектуалдык даярдыгын, эстетикалык дүйнө кабылдоосун жогору баалаган А.Эркебаевдин, “Сезимди сергиткен жамгыр” деп жылуу пикир айткан К.Эшимбековдун, акындын ырларын астейдил талдоого алган И.Жумабаев менен Б.Усубалиевдин жана, албетте, акынды аеосуз сынга алган О.Ибраимовдун жазгандарын окурмандар жакшы билет. Эгерде Акматбековага чейин бүткүл акын аялзатынын чыгармачылыгына “аялдардын поэзиясы”, орусча айтканда, “поэзия женщин” катары мамиле болгон болсо, С.Акматбековадан тартып кийинки акындарга адабиятта “аялдык поэзия” (“женская поэзия”) деген өӊүттөн мамиле жасоо болгондугун байкоого болот. Акматбековага чейинки акындарга коом, турмуш, эмгек, жаратылыш, бала темасы тааныш болсо, Акматбековадан кийин адабиятка кадам койгон акындарда аял жана эркек темасы башкача өӊүттөн карала баштагандай. Жыйынтыгында дүйнөнүн биз санап өткөн көрүнүштөрү дагы аялдык көз менен каралып баштайт. Акындын таасириндегилер күйөөсүнө болгон таарынычын, жетпей калган сүйүүлөрүн, таштап кеткен кымбат адамдарын эстешти.

70-жылдары «Делбе өӊдөнүп келет чуркагым, Достук, сүйүү өткөн жол менен», — деп кыргыз поэзиясына дагы бир кызыктуу акын Р.Карагулова баш бакты. Адабиятта өзүнчө багыт катары калыптана албаса дагы, символизм менен натурализм чыгармаларына сиӊишип жолуккан импрессионизмдин элементтери С.Акматбекова менен Р.Карагуловадан байкалды. Кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн биз буга чейин агым, багыттарга ажырымдап карабагандан кийин, бул маселе талаштуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок жогорку эки акындын поэзиясын төл поэзиядан айырмалап турган көрүнүш — импрессионист сүрөтчүлөрдүкү сыяктуу алардын жазгандарында да эч кандай кескин контурлардын жоктугу, палитраларынын ачыктыгы, турмуштук кадимки эле көрүнүштөр жатканына байланыштуу, б.а. алардын ырларын окуп жаткан окурман баланча ыр жаратылыш же сүйүү, же өмүр жөнүндө деп бөлүп карай албайт. Ырларында ойлор өтмө катар жуурулушкан, “таза байкоого” артыкчылык берилип, алар искусстводогу идея, жалпылоолордон, бүткөн жыйынтыктуу көрүнүштөрдөн баш тартышат. Ага караганда ар бир көз ирмемдик абалдарын, көз ирмемдик тышкы көрүнүштөрдү ырга салышат. Бул бир жагынан алардын дүйнө кабылдоодогу өзгөчө сезимталдыгына, экинчи жагынан дүйнөлүк адабияттан алган таасирлерине байланыштуу.

Советтер Союзунун жоюлушу Кыргызстан үчүн коомдук-саясий, маданий жактан опурталдуу болду. Бир кездеги окурмандардын сүйүктүү гезит-журналына айланган “Кыргызстан маданияты” менен “Ала-Тоонун” чыгышы сээлдеп, бара-бара токтоп, 1990-жылдардагы коомдук турмуш, андагы оорчулук элди бир топ абдыратып койду. Он жылдап бир сап бирдеме жазбаган акындар болду. Мисалы, М.Абылкасымованын “Ата-Журт дайым көӊүлдө” (1987) жана “Үшүк” (2001) китептеринин ортосундагы он төрт жыл эмнени айтат?

“Үшүк” китебинин алгачкы бетинде “1990-2001-жыл арасы” деген эскертүү берилгенине караганда, чакан китепке кирген чыгармалар аталган мезгил аралыгындагы акындык эргүүнүн болгон жемиши. Акын менен маектешкенибизде Союз таркагандан соӊ жүрөгүн боштук ээлеп, эч нерсеге ишенбей калганын айтат. Албетте, бүткүл өмүр-тагдырын, жашоосун, келечегин, бактысын бир партия менен камыр-жумур бирдикте көргөн, советтик коомдун жакшылыгын, өз Ата Журтунун ийгиликтерин ырга салып жашоосун көрктөгөн Эл акыны үчүн ошол бийиктигин жоготуп алуу оӊой эмес. Ырас, Союз тарагандан кийин М.Абылкасымованын кадыры төмөндөй түшкөн жок, ошентсе да бул жаӊылыкты Союздун кучагынан жаӊы чыккан акын дароо кубаттап жибере албайт эле. Көп жылдык боштук жана көӊүл дартын акын “Атаке баатыр” пьесасын жазуу менен айыктырган. Дегеле постсоветтик адабиятта кеӊири орун алган тарыхый темаларга кайрылуу, өтүп кеткен эл, уруу баатырларын даӊазалоо тенденциясы акындын чыгармачылыгынан дагы байкалат.

Бул мезгилдин поэзиясына “Аян” темасы дагы мүнөздүү. Сыягы, тереӊ социалдык кризис, өткөөл доордун оош-кыйыштары акын кыздарды пессимисттик маанайга түртүп, табияттын тереӊинде жаткан сыйкырдуу күчтөргө, ирреалдуу  шек-шоораттарга кайрылууга түрттү сыяктанат. Ошол эле М.Абылкасымованын Атаке баатырга арнаган ырында ушул түшүнүк орун алса, Ө.Бегалиеванын “Теӊир, аалам жана мен” (1996) китеби бүтүндөй аян катары келген ырлардан турат.

К.Сариеванын “Асмансыз жылдар” аттуу китеби эӊ ириде таамай аталышы менен адабий журтчулуктун көӊүлүн өзүнө бурду. Анткени китеп жарык көргөн мезгил эл А.Акаевдин башкаруусунан чындап тажаган кез болчу. Г.Момунова, М.Мамазаирова, А.Бегимкулова сыяктуу акындардын граждандык, Б.Карагулова, М.Тураеванын интимдик, бул мезгилде адабиятка кадам койгондордун С.Акматбекова менен Р.Карагулованын таасириндеги медитативдик ырлары аталган мезгилдин адабий картинасын түзөт.

Чыгармачылыкка анчейин шарт жок деген менен 90-жылдары ыр китептердин чыгышы сээлдеген жок. Эӊ жашоого жөндөмүү жанр катары ыр жазылып жатты. Аялдар поэзиясындагы 70-жылдардын медитативдик поэзиясынын таасиринде башталган муӊайымдуулук менен көӊүл чөгөттүк өлкө эгемендикти алган жылдары чындап өз өнүгүүсүн улантты. Бир кездеги жок жерден санаачылдыкка баткан назик, чыгармачыл калемгерлер эми совет өлкөсүнүн тутумунан бөлүнүп, эсеӊгиреп турган өз кичи мекенинин маанай-туюмун жан-дүйнөсү менен туйбаганга аргасы жок эле. “Ырларым, жол тарткыла, Ак таӊдай жарылганы, Каржалган ой-сезимдин, Канына малынганы. Калкымдын кайратына, Канаттай тагылганы. Турмуштун жүрөгүнө, Туу болуп сайылганы!..”. Бул ыр 90-жылдары адабиятка келген С.Касымалиевага таандык. Светкүл өзүнүн дүйнө кабылдоосу аркылуу эл ичинде, өлкөдө, жалпы жер бетинде, ааламда болуп жаткан процесстерге өз алдынча баа берүүгө аракеттенет, өзү жашаган доор, замандын добушун кагаз бетине түшүрүп калганга далалаттанат. Акындын дагы башка ырлары жаӊы эле эгемендик алган кыргыз адамынын дүйнөсүндөгү болуп жаткан башаламандык, чаржайыттык, депрессия, кризисти чагылтат. Ырлардын мазмуну гана тургай стилдик жагынан ички, тышкы тартиби дагы, күтүүсүз эркиндикке чыгып, өзүнүн алапайын таппай турган адамдын дүйнөсүнө коошуп тургандай. Кризистик доор деп аталган бул мезгилде орто муун акындары К.Сариева, Ү.Маматова, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Г.Шакирова, Т.Закирова, Ж.Акуновалар дагы өз доорунун элесин чагылдырган ырларды жараткан. Айырмасы, жаш акындардын ырларына көбүнесе абстрактуулук мүнөздүү болсо, улуу акындарда конкреттүүлүк орун алат.

Жыйынтыктап келгенде, кыргыз адабиятынын алкагында “кыргыз аялдар поэзиясы” деген түшүнүктүн орун алышы орундуу. Тамыры элдик оозеки чыгармачылыктан өнүм алган аялдар поэзиясынын өкүлдөрү ыр жазуудан поэма жазуу, тышкы дүйнө көрүнүштөрүн сүрөттөөдөн адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөө деӊгээлдерине өсүп жетишти. Аялдар поэзиясынын алгачкы өкүлдөрүнүн чыгармачылыгындагы көркөмдүк-эстетикалык, философиялык мотивдер, идеялык-стилдик көрүнүштөр кийинки поэзиядан өз өнүгүүсүн тапты.

Аида Эгембердиева, филология илимдеринин доктору,
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун доценти,
“Кутбилим”

Соц тармактар:

3 thoughts on “Аялдар поэзиясы: кечээ жана бүгүн

    • 25.08.2013 at 15:12
      Permalink

      Кыргыз адабиятында изилдене турган көп нерсе бар. Ишиңерге ийгилик. Биз менен бөлүшүп турсаңар ыраазы болот элек.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.