“КЫРГЫЗ КИНОСУ өз көрүүчүлөрүн тапты”

e_abdyjaparovЭрнист Абдыжапаров менен маек

– Кыргызстандын кино тармагынын азыркы абалын мурдагы убакка салыштырууга мүмкүнбү?
– Кинону баары жакшы көрөт, ушул тармак көтөрүлсө деп ойлойт, бирок чыныгы көз жүгүртүү, күйүп-бышуу жок. Канча кино тартылып жатат, Кыргызстанга канча кино кирип, канчасы чыгып жатат, эч кандай көзөмөл жок, сурамжылап билишпейт. Күндөн-күнгө коомчулуктун киного кызыгуусу артып, жаштар көп тартыла баштады. СССР кыйрагандан кийин, 1990-жылдардын башында кино тармагындагы аксакалдар дипломатия ишине, коммерцияга кетип калды дагы кино тармагы талкаланган абалга келди. Ал тургай кыргыз киносу жок деген сөздөр чыкты. Эл түгүл, мамлекеттин иши болбоду. Киностудиядагы иш таптакыр токтоп калды. Кийин гана 5-6 бала – Актан Арым, Темир Бирназаров, Марат Сарулу, Бакыт Карагулов, Геннадий Базаровдор келип, анын ичинде мен дагы бар, кыска метраждуу фильмдерди тартып, баягы атак-даңкка бөлөнүп турган кыргыз киносунун учугун улап кеттик. Ал фильмдер менен дүйнөлүк фестивалдарга катышып жатып, чет өлкөдөн Кыргызстанга таанылдык десем болот. 2000-жылы Прагадан Васлав Гавел А.Акаевге “Беш кемпир” киносун мактап жатканда, ал “сиз кайсы өлкөнүн тасмасын мактап жатасыз?” деп сураган. Ошондо ал таң калып, “Кыргызстандан Актан Арым тарткан кинону айтып жатам” дегенде Акаев катуу уят болгон. Ошондон келип дароо эле Актан Арымга 3 бөлмө үй берип, “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамын кабыл алдырткан. Мамлекет аз болсо да каржылоого өткөн. Мамлекеттин каржылоосу менен ошол жылдары 4-5 кино тартылган. Ошондон кийин кыргыз киносунда муз ордунан ээрип, жыла баштады. Анын аркасы менен көчөдөн келген балдар өзбек киносуна окшоштуруп, майда фильмдерди тартып, акча табууга өтүштү. Ошентип, бүгүнкү күндө жылына 30-40 толук метраждуу, 100дүн тегерегинде кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылып калды. Бул акыркы 3 жылдан берки көрсөткүч. Ал эми 1990-жылдардын ичинде 3-4 жылда бир кино тартылчу. Союз учурунда 3-4 кино тартылчу. Бирок, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз кыргыз киносу Голливуд менен жөөлөшүп, өз көрүүчүлөрүн өзүнө тартып алды. Бул чоң феномен. Азыркы бардык кинотеатрларда кыргыз кинолору башка чет элдин кинолору менен тең жарышып көрсөтүлөт. Кыргыз кинолорун кыргыздар кызыгып көрүп жатышат. Ал эми башкаларга салыштырып айтканда, орустун киносун орустар, украиндиктердин киносун украиндер, казактын киносун казактар көрбөйт. Айырмасы ушунда. Азыр киного кызыккан жаштардын мууну агып кирип жатат. Демек аларды биздин продукциялар өзүнө кызыктыра алды. Мисалга, “Президент жана бомж”, “Мезгил жана Алыкул”, “Салам Нью-Йорк”, “Бишкек сени сүйөм”, “До плюс фа”, “Көк салкын”, “Ак бас”, “Мурастын сыры” ж.б.

– Мыкты фильмдер кайсылар деп ойлойсуз?
– Кинодо мурунку муун, кийинки муун бар деп жатабыз. Кыргыз киносунун керемети аталып, союз кезинде тартылган фильмдерден санай келсек мыкты болуп 10у чыгат. Эгемендүүлүк мезгилинде тартылып, мыкты деп элге алынып кеткен фильмдерден “Беш кемпир”, “Айыл өкмөт”, “Белгисиз маршрут”, “Семья” ж.б. алсак болот. Мындан дагы жакшы кинолорду тартууга болот эле, бирок мамлекет толук каржылабай, рынок жок, бутубуз тушалгандай болуп турат. Советтер Союзу кезинде тартылган кинолор бир чоң империянын фильмдери деп аталчу. Ал кезде бир тасма 1 миллион долларга тартылчу. А биз жакшы идеядагы толук метраждуу фильмдерди 20-30 миң долларга тартып жатабыз. Советтер Союзу деген чоң империянын каржылоосуна салыштыруу эч мүмкүн эмес. Бирок, биздин мамлекет бюджетте каралган акчаны толук берип турса, чыгармачылык топ жакшы фильмдерди тартууга даяр.

Сымбат МАКСУТОВА, «Эркин-Тоо», 11 – июнь, 2013 ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.