Күмөндөр Абылов: Кыргыз эпосторун “Голливуд” кино тартпаса экен деп кызганам

macho

Күмөндөр Абылов “Мачо” деп аталган экшн тасма жана бүгүнкү кыргыз киносунун абалы тууралуу маек куруп берди.

Белгилүү куудул, киноактёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов өзүн актер катары кылмышкердин образында алып чыккан “Мачо” деп аталган экшн тасма жана бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун абалы тууралуу маек куруп берди.

– Кино актёр катары айтсаңыз, учурда бир топ тасмалар тартылууда ага карта сиздин көз карашыңыз кандай?

– СССР убагында актёрлор, режиссёрлор билим деңгээлин жогорулатуу максатында Ташкенттен, Алматыдан окуп, Москвадан бүтүшчү эле. Себеби ал убакта мамлекет тарабынан киного, искусствого абдан жакшы көңүл бураар эле. Андан бери канча убакыт өттү, 15 жылдан бери кыргыз тасмасы токтоп, кино жаатына көңүл жылытаарлык колдоо болбой келген эле. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыз киносу кайрадан жанданып, жаманбы, жакшыбы жаңы тасмалардын тартылып жатышы мени кубандырбай койбойт. Себеби жаш режиссёрлор кино тартууга болгон аракеттерин кылып жатышат. Ошол эле учурда “кино тууралуу түшүнүгү аз, билими жоктор гана тасма тартышууда” деп ага сын көз карашта карагандар да бар. Андай пикирди айткандарга мен каршымын, жаман болсо көрбөй коюш көрүүчүнүн иши да.

– Эгерде сизге кино тартуу тууралуу сунуштар түшсө, эмне тууралуу тартат элеңиз?

– Бизде канчалаган эпостор бар. Манасты айтпаганда кенже эпосторубуздан “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Жаңыл Мырза”, “Эр Табылды” эпостору кыскасы санай берсек абдан көп. Кээде отуруп ушуларды “Голливуд” тартып ийбесе экен деп кызганам. Себеби, аны тарта турган болсо эпосту бурмалап, өздөрүнүн актёрлору аткарышат да. Ошондуктан кенже эпосторду жандандырып аларды экрандаштырсак “голливуд” тасмаларынан да жогору бааланып, ал аркылуу кыргыз тасмасынын кадыр -баркы көтөрүлүп, чоң өлчөмдө акча тапсак эмнеге болбосун?

– Ал үчүн эмне кылышыбыз керек?

-Ал үчүн биз кино индустриябызды өнүктүрүшүбүз зарыл. Муну өкмөт “колдошу керек, карабай жатат” деп отура бербестен кино тармагында эмгектенгендер колго алышы керек.

-Жакында эле “Мачо” тасмасы эл назарына тартуулана баштады, бул тасмага кандайча тартылып калдыңыз?

-Тасманын режиссёру Аман Замир аттуу жигиттин жарнамалык роликтерди тартып жүргөндүгүн, “Соолуган карек” тасмасын тартканын укчу элем. Ал мага келип кинонун сюжети менен тааныштырып, “башкы каармандын ролун аткарып бериңизчи” деген сунуш айткан соң, сюжет менен толук таанышпастан макулдугумду бердим. Себеби анын тасма чөйрөсүндө билими, тажрыйбасы бар да.

-Кайсы каармандын ролун аткардыңыз?

-Бул кинодо башкы каармандын бири катары кылмыштуу топтун өкүлүнүн ролун аткардым. Мындай ролду буга чейин аткарып көргөн эмесмин. Көрүүчүлөр буга чейин мени сахнада кылмышкер катары да элестете алчу эмес, эл кандай элестетээр экен деп кызыгып тартылдым. Кызыгып алып эле ар кандай ролду аткара берген болбойт. Роль ойноо да өзүнчө искусство болгон соң, ар бир аткарган каарманың өзүңө төп келиши керек.

-Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

-“Сүйүү жазы” деген аталыштагы кинону тартып бүттүк. Азыр монтаждоо иштери жүрүүдө. Мында режиссёрлукту өз колума алып, башкы ролдо дагы өзүм ойнодум. Бул киного демөөрчүлүк кылган Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков жана Казакстандан президентинин кеңешчиси Махмут Налибаев деген ишкерлер 100 миң доллар сарпташкан. Буюрса февраль айларында даяр болот деген оюм бар. Тасма кыргыз, казак, орус тилдеринде.

-Сюжети тууралуу айтып өтсөңүз?

-Бул кинонун сюжети кыргыз менен казактын карым-катнашы, азыркы учурдагы көйгөйлөр, өзгөчө бойдокчулук, жаштардын үй-бүлөө курууга болгон мамилеси, “көп балалуу болбойбуз” деген жаштардын көз карашы, көп балалуу болуунун жакшы жактары тууралуу баяндалат. Лирикалык, мелодрамалык , комедиялык жанрлар аралашты.

– Тасмада кыргыз актёрлору гана ойноштубу?

– Сценарий боюнча тасма Бишкек, Чолпон-Ата, Алмата шаарларында тартылды. Ал жердеги болуп өткөн кызыктуу окуялар камтылган. Казакстанда тарта турган эпизоддорубузду алардын эмгек сиңирген актёрлору аткарышты. Теңин өзүбүздүн актёрлор ойноду. Менин биринчи жолку кином болгону менен тасмада тартылгандардын баардыгы кесипкөй актёрлор. Ал эми менин жардамчым Бакыт Мукул деген иним былтыр өзүнүн “Ак бас” деген тасмасын тартты эле, бул жолкусунда мага чоң жардам көрсөтүп, актёрлор менен иштешип, экинчи режиссёрдук милдетти аркалады.

-“Ар бир айдын алтысы” долбооруна эмне себептен катышпай келесиз?

-Бул долбоорго башынан бери эле катышпай жүрөм, себеби дегенде менин иштеген жерим кыргыз драма театры болгон соң, бир айынан катышып, бир айына катышпай калат экенмин. Андан көрө өзүңөр эле аткара бергиле деп айткам. Өздөрү дагы ар бир айдын кээ биринде концертин бербей калышат. Бир эки жолу концерттерин койбой калганынан “Ар бир айдын алтысы” дебей эле, “Кээ бир айдын алтысы” десеңер болмок деп тамашаладым эле. Ай сайын концерт коюу өтө эле оор иш да. Себеби дегенде жаңы сатираларды, жаңы тамашаларда да ойлоп табышың керек. Бирок, ошого карабай ар бир ай сайын эл алардын тамашаларын күтүп калышканы мени кубандырат.

Гүлнур Канатбекова, «КАБАР ОРДО», 10.12.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.