Курманжан датка жөнүндө тасма тартууга мамлекеттик казынадан 2,5 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда Курманжан датка жөнүндө тасма тартууга мамлекеттик казынадан 2,5 млн сом бөлүү туурасында премьер-министрдин буйругу чыкты. Анын 1,5 млн сому Курманжан жатка жөнүндө даректүү фильм тартууга жумшалса, 1 млн сому тарыхый инсан тууралуу көркөм тасма тартууну даярдоого сарпталмакчы. Бул туурасында Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Анын айтуусунда, бөлүнгөн акча каражаты үстүбүздөгү жылдын октябрында берилип, даректүү тасманы тартуу иши башталат. «Учурда Курманжан датка жөнүндө даректүү фильмди тартуу үчүн сценарийлер даяр. Ал эми көркөм фильм үчүн сценарийлерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 2-3 топ сценарий жазуунун үстүндө иштеп жатышат. Буюрса, быйылкы жылдын октябрь-ноябрь айларында ал бекитилип, тасма келерки жылы тартылып баштайт», – дейт Абибилла Пазылов.

Мындан тышкары Абибилла Пазылов «Манас» эпосунун негизинде тасма тартуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады. «Манас» боюнча фильм тартуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин кытайлар менен тартуу максатында долбоорго жазган даяр сценарийи бар экен. Автордон бул сценарийди «Кыргызфильмге» тапшырууну сурануудабыз», – дейт ал.

Белгилей кетсек, кыргыздардын тарыхы тууралуу тартыла турган «Курманжан датка» деген жумушчу аталыштагы улуттук ири кинодолбоор боюнча тасма тартуу мамлекеттик буюртма болуп саналат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.