Жубайлар: Биз кыргыздын каада салтын, динибизди туура сактоого аракет кылабыз

kairat

Жубайлар, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Т. Абдымомунов атындагы сыйлыктын лауреаты, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев жана Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева менен маек.

– Жубайыңызды кыргыздын салты менен бүлөө кылып алдыңызбы?

К.И: Ооба, кыргыздын салты менен үйлөнгөнбүз. Адегенде айылыма, Ысык-Көл районунун Темир айылына барып, ага тууганга той берип, нике кыйып, элибиздин каада салты боюнча тоюбуз өткөн. Анан Бишкеке келип, бакыт үйүндө нике катообуз болуп, ресторанга жакындарыбыз, досторубуз, туугандар, катыштар, бирге иштешкендер менен той бергенбиз.

К.Ш: Биз кыргыздын каада салтын, динибизди туура сактоого аракет кылабыз. Үйлөнүү тоюбуздан баштап, ар бир жакшылыгыбызды, эл менен бирге белгилеп, бата алып дегендей, кыргыздын үрп адаты менен өткөргөнгө аракет кылабыз.

– Үй-бүлөлүк бактылуулук эмнеде?

К.И: Жаныңда жаркылдаган жарың болсо, кылыгы менен жыргаткан балдарың болсо мындан артык бакыт болбос. Кылган кызматың, жазган чыгармаларың элге жакса, элге жетсе, мен үчүн үчүн зор бакыт болуу менен катар, бактымды толтуруп турган үй-бүлөм деп ойлойм. Айтаажы кызым кудай буюрса 3кө чыкты. “Атам качан келет?” – деп, жумуштан мен келгиче күтүп олтурат. Жумуштан чарчап келсем, мойнуман кучактап, “аталап” тосуп алат. Кичинекейим Нурисламдын жаңы күлкүсү чыга баштады. Эки баламды багып, иштөө менен катар, кийимимди даярдап, чайымды камдап алган жарым Кыял күн сайын мен үчүн кам көрөт. Атам амандыгыбызды тилеп, биз менен сыймыктанып калат. Ушунун баары бакыт эмеспи. Эртели кеч кудайдан, жакамды кармап, тобо кылып, “ушул бактымды кут кыла көр” деп калам.

К.Ш: Ар бир аткан таңды, эртең мененки күндүн шооласын көрүүнүн өзү бакыт. Байлык да, бийлик да бакыт болуп бербейт. Кудайга шүгүр, жакындарымдын баары аман–эсен жанымда, капалансам маанайымды көтөрөр кызым менен уулум, кыйналсам башымдан жөлөөр жолдошум маңдайымда, ушул нерсенин өзү бактылуулук деп эсептейм.

– Эже кандай кожойке, агай кандай жолдош? Себеби экөөңөр тең элге таанылган адамдарсыңар?

К.И: Кыялда аял затына керектүү кандай сапаттар керек болсо ошонун баары бар деп ойлойм. Анткени бала кезинен тарбияны мыкты алган. Кайненем Рая Бакуновна мыкты адам. Өзү мугалим болуп иштеп, Кыялга турмуштук баардык аялзатына керектүү сапаттарды үйрөтүптүр. Анткени Кыял мага бүлө болуп келгенден эле, конокту кыйын тосот, тамактын түрүн абдан жакшы жасайт. Үй шартына керектүү оокаттарды абдан таза жана тез бүткөрөт. Күйөөнү, кайын журтту сыйлаганды, төркүнгө мамиле кылганды билет. Жаш туруп көп нерсени билгендиктен кийин кайнене болсо да кыйын кайнене болот го деп ойлоп калам. Кудай кут кылсын биздин катыштарыбыз абдан көп. Ошолордун ар бирине мамиле кылганды, катышканды айттырбай билет.

К.Ш: Кайрат үйдүн ээси. Үйгө камкор ата. Балдарга абдан күйүмдүү, жанынан артык көрөт. Бизди эч нерседен кем кылбай, адал эмеги менен багып жатат. Эртең менен эрте кетет, кечинде келет. Ошондой болсо да үй-бүлөсүн камкордугунан чыгарбайт. Үйдөгү аялзатына тиешелүү милдеттер менин мойнумда болсо, чоң жумуштардын баары атабыздын мойнунда. Чет өлкөгө кетсе да, эмне кылып, кандай турганыбыздан күн сайын кабар алып турат.

– Кандай ийгиликтерге бирге жетиштиңиздер?

К.И: Кыял экөөбүз баш кошконубузга 9 жыл толуп, 10 жылга аяк басты. Кудайга шүгүр 2 балалуу болдук. Эл катары иштеп келе жатабыз. Өз күчүбүз менен бутубузга туруп, иш жагынан да турмуш жагынан да жараткан ийгиликтерин аяган жок. Театрларга 6 драмам коюлду, Кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” 50дөн ашуун уктурууларым кабыл алынды. Бир топ майрамдык салтанаттардын, кече-концерттердин, телефильмдердин сценарийин жаздым. Бергенден бере элегибиз көп. Менин баардык ийгиликтериме Кыялдын чоң салымы бар. Ал менин чыгармачылыгыма шарт түзүү менен катар өзү да теле алып баруучу катары элибизге кеңири таанымал. “Кыргыз телерадиосунун отличниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилерине татып, былтыр “Жылдын мыктын диктору” болду. Коомдук биринчи каналдагы иши менен илимди айкалыштырып 2011-жылы филология илими боюнча кандидаттык диссертациясын коргоду. Азыр теледен сырткары жогорку окуу жайларына да сабак берүүдө.

К.Ш: Биз бирибизди колдоп, улуулардан үлгү алып, бир жаралган өмүрүбүздө, татыктуу из калтыралы деген максат менен жашап келатабыз. Кайраттын Кыргыз радиосунда иштегенине 17 жыл болду. Студент мезгилинен сырт кабарчы болуп уктуруу даярдап баштаган, кийин, кабарчы, баяндамачы анан башкы редактор болуп иштеп жүрүп, учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеп жатат. Эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы менен сыйланып, жазган драмалык чыгармалары үчүн Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алды. Мен да Кайратка үзөңгүлөш болуп, 9 жылдан бери Кыргыз телесинде алып баруучу болуп эмгектенип келем. Телерадио бул куттуу супара, эл күзгүсү. Эл өзү эле эфир аркылуу кимдин ким экенин баалап, баамдап алат.

– Учурдун көйгөйлүү маселеси интернетмания. Эмне үчүн жаштар ушул маселеге байланып калышты. Бул кээ бир үй-бүлөнүн бузулушуна алып келип жатпайбы?

К.И: Көйгөйлүү маселеге айланып баратканына көңүл бурбапмын. Эми ал адамдын өзүнөн да. Интернет бул массалык маалыматтын эң ыкчам жана бай булагына айланды. Ал эми интернетти кандай пайдаланат адамдын өзүнөн да. Эгерде маалымат булактардан, кызыктуу сайттардан туура маалымат алса, албетте ал коомго пайдалуу. Кээ бир туура эмес сайттарды пайдаланса, дайны жок ар ким менен таанышып, кат алышса ага интернет эмес ошол адам өзү күнөлүү.

К.Ш: Үй-бүлөдө бири бирин сыйлап, түшүнүү менен, чындыкты туу тутуп жашаса андай үй-бүлө эч бузулбайт. Үй-бүлөнү сактап калуу адамдын өзүнө, ынсабына, ыйманына, акыл эсине байланыштуу.

– Атайын маек куруп бергениңерге чоң ыракмат. Үлгүлүү үй-бүлө болуп бактылуу өмүр сүргүлө. Ишиңерге ийгилик каалайбыз.

К.Ш: Сиздерге да ыракмат.

Жылдыз Бек кызы, “КАБАР ОРДО”, 06.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.