Унутулбаган адамдар…

2008 – жылдын күз айларынын бири. Көңүлүмө кубат, сырдаш болгон театрга баргам. Түрк элинин улуу акын-жазуучусу, драматургу Назым Хикметтин “Унутулган адам” аттуу спектакли коюлмак. Көрүүчүлөр да демейдегиден көбүрөөк келген экен. Кантсе да улуу ойчул Назым Хикметтин эмгеги көпчүлүгүн кайдыгер калтыра албагандыр.

Залдын так ортосунан орун алып, көшөгөнүн ачылышын чыдамсыздык менен күтүп олтурам.
Ана, жарыктар өчүрүлүп, көшөгө да ачылды. Спектаклде атактуу хирургдун трагедиясы чагылдырылмак.
Хирургдун ролун Эл артисти, кыргыз искусствосунун корифейлеринин бири – Сатыбалды Далбаев ойноду. Маркум режиссёр Алмаз Сарлыкбеков да ролдорду билгичтик менен бөлүштүргөнүн дароо байкадым. Режиссёр аталган спектаклди даярдап, тилекке каршы, премьерасы болгон салтанаттуу күндү көрбөй, дүйнө салганы өкүнүчтүү болду. (Таланттуу режиссёр – Алмаз Сарлыкбеков туурасында жазаар ойлор али алдыды- Ав.)

Сатыбалды ага спектаклде башкы каарман – атактуу хирургдун образын жаратты. Образ кайталангыс болду десем жарашат.

Ырас, Сатыбалды ага бир топ образдарды кыябын келтире жаратып, элдик артист катары эбегейсиз эмгек жасагандыгын билебиз. Бирок, мына бул хирургдун ролу аркылуу С. Далбаевдин чыгармачылыгында дагы бир ирет жылдызы жанган учур болду. Балким, театрда көп убакыттан бери мындай профессионалдык аракеттер менен спектакль коюлбагандыр. Ошондон улам, көрүүчүлөр да мындай оюнга суусап калса керек, ынтаа менен, бир дем менен көрүп олтурушту. Көшөгө жабылды…

Баракелде! Талант деп ушуну айт. Спектакль ушунчалык жакшы чыкты. Философиялык маанисинин тереңдигин айт! Эң башкысы, башкы каарман – белгилүү хирургдун тагдыры, трагедиясы, аны өзүндөй, жандуу, элестүү кылып ойногон актёрдун дарамети, талантынын күчү… Мунун баары көрүүчү менен сахнаны жакындаштырып турду. Эсимде, дүркүрөтө кол чаап жаткан ар бир көрүүчүнүн көзүндө жаш турган эле.

Мына эми, жакында эле дал ошол орошон талант Сатыбалды Далбаев менен жубайы – кыргыздын сыймыгы, чыныгы чолпон жылдызы, Каныкей, Курманжан датка өңдүү бир катар ролдордо ойноп, кыргыз аялдарынын сулуулугун, бийиктигин даңазалаган актриса – Мираида Далбаеванын жакшылыгына күбө болдук. Талантка ширелген бул жубайлардын 50 жылды к “алтын тою” Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Сатыбалды Далбаев: Тагдырдын буйругу…
Тагдырдын буйругу болсо керек, Кыргызстандан жыйырма чакты улан-кыздар тандалып, Москвадагы театралдык институтка барып, окуп калдык. Ал жерден театрларды кыдырып, чоң-чоң артисттер катышкан спектаклдерди көрүп, көп-көп баалуулуктардын күбөсү болдук. 1957-жылы окуу жайды бүтүрүп, дипломдук спектаклдерибиз менен кайтып келдик. Ошондо мен Н.Островскийдин “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” деген чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Гриша Незнанов деген башкы каармандын ролунда ойноп калдым. Бул менин театрдагы алгачкы эмгегим эле.

Корифейлер
Биз театрда улуу муундун өкүлдөрү болгон залкарлар менен иштешип калдык. Ашыраалы Боталиев, Анвар Куттубаева, Муратбек Рыскулов, Насыр Кытаев, Сыдыкбек Жаманов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сайрагүл Балкыбекова өңдүү бир катар таланттар бизге үлгү болуп, бир үй-бүлөдөй жакын элек. Эх… Не деген залкарлар эле. Бул кишилер искусствонун, өнөрдүн тарыхын түптөп кетишпедиби.

Баамдасам, ошол маалда театр өнөрү гүлдөп, өзгөчө чыгармачылык бийиктикке чыгып турган учуру эле. Не деген кайталангыс эмгектер коюлду. Көрсө, таланттарга канчалык шарт түзүлүп, камкордуктар көрүлсө, ошончолук натыйжа менен орошон эмгектер жаралат тура…

Эстафета…
Жүздөн ашуун образдарды ачып бердим. Ар биринде ар башкача мүнөз, ар түрдүүчө тагдырлар…

Кыргыз, орус, чет элдер драматургиясында, Батыш жана орус классикаларында башкы ролдорду жараттым.

1960-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Кычанын” ойнодум. Спектакль абдан жакшы коюлду. Андан тышкары, мага Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклинде Омордун, Бексултан Жакиевдин “Алтын аяк” спектаклинде Миңжашардын, Жалил Садыковдун үчилтигиндеги “Манастын уулу Семетейде” Жакып хандын ролдору ыйгарылды.

Ал эми Кадыркул Мамбетакуновдун “Омор Хаямдын сүйүнүчү” спектаклинде Омор Хаямдын образын түздүм. Ыраматылык Таттыбүбү Турсунбаева Омор Хаямдын сүйгөнүнүн ролунда эле. Таттыбүбү абдан сулуу, таланттуу актриса болчу. Эрте кетип калды. Бири кем дүнүйө деген ушул тура…

1952-жылдан тартып, улуу жолбашчы В.И.Лениндин ролун биринчилерден болуп Ашыраалы Боталиев ойноп чыккан экен. 70-жылдары Ашыкем карыдыбы, айтор: “Мен эстафетамды окуучум Сатыбалды Далбаевге беремин!”- деп салтанат менен жарыя кылды. Муну театр ишмерлери да жылуу кабыл алышты. Ошентип, 1967-жылдары М. Поповдун “Ульяновдун үй-бүлөсү” аттуу спектаклинде ойноп калдым. Аталган спектакль чоң резонанс болду. Ал кездеги биринчи секретарь Т.Усубалиев, Кулатовдор келишип, аябай ыраазы болушканы эсимде.

70-71-жылдары Кубанычбек Маликовдун “Бийик жерде” аттуу спектаклинде Лениндин картайган кезин, акыркы жылдарын ойноп калдым. Спектаклде В.И.Лениндин Кремлден Михаил Васильевич Фрунзени Түркстанга жөнөтүп жаткан эпизоду да камтылган.

Андан соң, Чаковскийдин “Эски шинелчен адам” спектаклинде да Лениндин образына кайрылдым. Кыскасы, чыгармачылыгымда жыйырма жылга жакын убактымды В.И.Лениндин ролдорун ойноого арнадым.

Жеңиш
Актёр – ар тараптуу болууга тийиш. Ал өзү күлө албаса, көрүүчүнү да күлдүрө албайт, өзү ыйлай албаса, демек, элди да жашыта албайт. Оболу, ар бир ролду жүрөгүң менен ойноп, ролдун ички да, сырткы да өзөгүн, боёгун таба билсең – бул сенин ыйык сахнадагы табылгаң, жеңишиң болмокчу.

Мираида Далбаева: Күтүлбөгөн бурулуш…
Алгач Аалы Токомбаевдин повести боюнча тартылган “Менин жаңылыштыгым” деген аталыштагы кино тасмада Гүлжандын образын түзүп, ошондон тарта искусстводогу сапарым уланып кетти. Тагдыр ушундай кызык болот экен. Өзүң ойлогондой эмес, күтүлбөстүктөн максаттарың алмашып калат тура. “Врач болсом” деген каалоом артта калып, ойдо жок жерден театр дүйнөсүнө аралашып калдым.

Бирок, “Актриса болом” деп айтпасам да, балалык кыялдар менен бул өнөргө кызыксам керек…

Жогоруда сөз болгон тасма тартылып жатканда театрдын дөө-шаалары: “Бул кызды театрга алып калалы. Жакшы тарбиялап алсак, келечекте мыкты актриса болуп чыгат” деп өздөрүнчө кеңеш курушат. Көп өтпөй ата-энемди кыйынчылык менен көндүрүп, театрга кадам таштадым. Ошол кезде Эшмамбетов деген жазуучу-драматургдун “Эгиз бала” деген спектаклин даярдап, койгону жатышыптыр. Спектаклде ойной турган кыз ооруп калат. Ошондо Муратбек Рыскулов: “Бул ролго бир жараса, Мира жарап берет. Даярдагыла” деген экен. Ролго даярданып калдым. Спектакль болгон күндү эстеп, күлүп калам. Чыным ушул, сахнага бир чыкканымды билем да, спектакль аяктаган соң, куттуктап жатышкандарын бир билем.

Ролдордо
Ар бир жараткан ролубуз биз үчүн ыйык, кымбат. Кыйналып, издеп жүрүп жараткан эмгегиң ошончолук баалуу болот эмеспи. Жашыраак кезимде жараткан ролдорумдун ичинен Ч.Айтматовдун Жамийласы эсимде калды. Жамийланын ачык-айрым, шайыр мүнөзүн, жаштык көркөмдүүлүк менен каткырып күлгөнүн издеп, бир топ кыйналгам.

Андан соң, Шатман Садыбакасовдун айтылуу “Ак боз атында” Эркайымды ойнодум. Эми бул бөтөнчө роль да. Эркайым ээн-эркин ойноп-күлүп жүргөн эрке кыз. Анан эле Шырдакбек аны токол кылып, атасынын жерин, ак боз атын тартып алат эмеспи. Ошондо Эркайым капастагы чымчыктай боштондукту эңсейт. Эркиндикти самаган эрке кыз Чарын менен качып, дагы алданат. Бул ролумда мен Эркайымдын жалаң эле эркелигин, чалчактаган мүнөзүн эмес, анын оң сапаттарын да ар түрдүүчө боёктор менен ачып берүүгө аракет жасадым. “Акылдуу аял да эркелегиси келет. Ал да таза сүйүүгө, тоолук кыргыздар сүйгөн эркиндикке жетүүгө акылуу” деген түшүнүктү алып чыгууну максат кылдым.

Кийин Каныкейдин ролун беришти. Роль өтө салмактуу болчу. Менимче, кыргыздын аты чыккан аялзатынын баарын кошуп, бириктирип, жуурулуштуруп, бир Каныкей чыгара тургандай образ эле. Эми ошол Каныкейге карама-каршы “Сейтекте” Чачыкейдин ролу тийди. Чачыкейдин образын өтө жакшы көрөмүн. Анткени, анда сууда жүргөн балыктай шартылдап, кайсыл жерден эмне айтсаң өз эркиң да. Чачыкейди ойногондо жесттенби, интоннацияданбы, сөздөнбү, кийимденби, айтор, күндө бир жаңылык таап алат элем.

Классикадан А.П.Чеховдун “Алчалуу бак” спектаклинде ак сөөк аял – Любовь Андреевна Раневскаяны ойнодум.

Андан кийин Курманжан датканын образын алып чыктым. Негизи тарыхый образдар чеберчиликти талап кылат. Каармандын мүнөзүндө, баскан-турганында окшоштук болуш керек.

Өзгөчөлүк
Мен ар бир ролумда кайталанбаган өзгөчөлүк издейт элем. Художниктер менен кеңешип, кийип чыккан кийимден өйдө жаңылык киргизүүнү жакшы көрчүмүн. Анткени, ойноп жаткан ролуңа формаң да дал келсе, көрүүчүнүн кызыгуусун эки эселеп арттыраарын байкачумун.

Ошентип, 60 жашка чыкканымда театрдан салтанаттуу коштошуу аземин өткөрдүм. Албетте, мени кетиришкен деле жок. Жөн гана убагында кетип калдым. Эмнегедир кирди-чыкты кемпирлердин ролун ойногум келбеди… Мен элдин эсинде баягы Каныкей, баягы Эркайым, баягы Раневская бойдон калгым келди…

Нурзада Осмонова, “Пресс.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.