Абдылдажан Акматалиев: Кыргыз тили илимдин тили боло албайт дегендер жаңылышат

a_akmataliev

“Кыргыз тили эмне үчүн илимдин тили боло албайт экен? Эң эле сонун болот. Мисалы, 60-жылдары Усубакунов деген агайыбыз кыргыз тилинде техника багытында өзүнүн иштерин жазган”. Мындай пикирин Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев “Кабар Ордо” редакциясында кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө арналган талкууда билдирди.

Ал ошондой эле кийинки кездери башка тармактардагы кандитаттык, доктордук диссертациялар кыргыз тилинде көп жактала баштаганын айтып, ал эми кыргыз тилинин меселелирине байланышкан диссертациялар орус тилинде көбөйүп кеткенин кошумчалады.

Филология илимдеринин доктору Замира Дербишева Улуттук илимдер академиясында гуманитардык тармактан башкасынын бири да кыргыз тилин колдонбой, алар орус тилин, англис тилин колдонорун айтат.

Ал ошондой эле Кыргызстанда системалык түрдө кыргыз тили үйрөтүлбөй жатканын белгиледи. “Мына айылдан келген кыргыз балдар окуу жайлардын сабактарды орус тилинде кыргыз мугалимден алып жатат. Эмнеге андай болуп атат? Анткени биз кыргыз тилиндеги булактарды топтоп окутуучуларга шарт түзө алган жокпуз. Биз теориялык булаткарды толтуруп салсак мугалимдер да кыйналмак эмес”,-дейт ал.

Расул Усеналиев, «КАБАР ОРДО», 31.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.