Фейсбуктун ыр куржунунан

ЖАШЫЛ ЖАЙЛОО – ЖАШЫЛ КЕЗ

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Эрбеңдеген кечки туман, кечки жай.
Кеткен бойдон кой кайтарган кыр менен,
Келбей койгон убаданын бектиги ай.

Таң эртеңде, жайлоо бетте шүүдүрүм,
Кепшеген кой маңырайып бурулган.
Жылкы менен кошо келчү желеге,
Мен айдаган жайлоодогу буурул таң.

Жылкы саамдай тез- тез өткөн мезгилдин,
Жакасында торпок эмген энесин.
Жашыл жайлоо, жашыл жаштык, жашыл кез,
…Күн куйкалап салды бирок денесин.

Кызык элек… Менден улуу тууганым,
Биргелешип май чучукту уурдадык.
Жедик аны таш бооруна жашынып,
Кетти бизден ал жылдар да уурдалып.

Мен кырларда далай жолу ырдадым,
Кырлар, тоолор, аңыз- түстөр угушчу.
Мен аларга бийлеп берчүм шамалдай,
А шамалдар баарын тыйпыл кылышты.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны,
Жайлоодогу кол чырактай илинген.
Жай кечинде кой издеген атамдай,
Батты жылдар капкараңгы иңирге.

Ээн жолдогу бала күндүн карааны!

Жазгүл Жамангулова

 

УЙКУГА КАЙРЫЛУУ!

Түтөттүм үмүтүмдү чычалага,
Түйшүктөр бош койгула! Тушап алба.
Оюмду бүгүн ырга айлантайын,
Оо, уйку, кирпигимди ушалаба.

Ой терем- бышкан өндүү өрүк күбүп,
Олтурам калем менен көбүк сүрүп.
Уктабай санаа тарткан кыргызыма,
Уйкуму берейинчи бөлүштүрүп.

Бук болот жетим сымал ырсыз жаным,
Баратат желе басып турмуш таңын.
Удургуп чарчадынбы пикеттерден,
Уйкумду алчы менин Кыргызстаным.

Басканча мүрзөлөрдүн тепкичтерин,
Түйлгөн түйүнчөктү чечишермин.
Тирүүлүк барда эмгек жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин…

Тирүүлүк барда ЫРЛАР жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин…

Мелис Маматжанов

 

* * *

…мага окшоп жүдөөсүң ээ, мекеним?,
түйшүк тарткан жүздөрүбүз жүдөңкү,
үзүк-созук жамак салган этегиң..,
жардамым жок, күнөөлүмүн, төгүнбү?!

кийгизбедик уул-кыздарың кур дымак,
көйнөк алып, көөлбүтүп көркүңдү,
же санааңды тынч койбодук чуркурап,
уялабыз кийимиңден жупуну.

көптү көргөн ойлуу жүзүң чарчаңкы,
көз чаптырып олтурабыз талаага,
күткөнүбүз багып алар бир уулуң..,
ойлорубуз батып түркүн санаага

ээрчип жүрөм баштыгыңды көтөрүп,
эрмек болуп унчукпаган карааным,
эртеңкиден үмүт артып, нур көрүп,
эр көкүрөк уул-кыздардын бараанын..,
эр көкүрөк уул-кыздардын кадамын.

Рахат Аманова, 20.04.2014.

 

САГЫНЫЧКА САРГАЙСЫН ЖЫЛДАРЫБЫЗ

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе жаным,
Андан көрөк арбалып мен барайын.
Ыр үстүндө ымыркай жаратууга,
Өмүр бою өзүңө камданайын.

Дүйнөсүнөн Күтүүнүн келбе жаным,
Сагынычы чоң бакыт мендеги анын.
Андан көрөк талытып канатымды,
Ырга айланып сен жакка мен барайын.

Турмушумда кезикпе, келбе жаным,
Жоготпогун өзүңдө,менде барын.
Тажашкандан көрөкчө- күткөн жакшы,
Сагынычка саргайсын жылдары анын.

Бийигинен сүйүүнүн түшпө, мага…
Жете албайын, жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылыңдан жолугам түштө гана…

Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе, жаным.
Сагынычка саргайсын.жылдары анын.

Жыпар Исабаева

 

Жыпар Исабаевадан жарыя:

Кымбаттуу китеп ышкыбоздору, поэзия сүйүүчүлөр! Москвалык окурмандардын, Жамила эжебиздин демилгеси менен Сиздерге арнаган жаңы ыр жыйнагым даярдалууда. Алуучулар алдын ала заказ кылыңыздар. Китеп саналуу (заказ кылуучулар үчүн) гана чыгат. Китеп баасы 300 сом.
Сом учун: 1370420201103039
Рубль учун: 1370420201103040
АКШ доллары учун: 370420201103041
Бай тушум банкы,
тел.: 0770399249, 0771338808

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.