Маданиятка күйгөндөр өкмөт үйүнө өкүрүп барышты…

esil_kayran

Кечээ күнү маданият кызматкерлери чак түштө өкмөт үйүнүн алдына (15-20 метр жерден баштап) кадимкидей аза күтүп, “эсил кайран замана, эсил кайран маданият” деп өкүрүп барышты. Бул акциянын башында Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов, КРнын эмгек сиңирген артисти Артык Сүйүндүков, кинорежиссерлор: Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шернияз сыяктуу маданияттын каймактары туруп, аларды акындар Зайырбек Ажыматов, Азамат Болгонбаев, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Мамаев, Жолдошбек Жанжигит уулу, Бакыт Мамаев, Алтынбек Каленов, Тынчтыкбек Кожобеков, Улан Турдалиев ж.б. ондогон маданият кызматкерлери колдоп чыгышты. Улуу муун өзүнчө, жаштар өзүнчө эки жактан чыгып, өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп келип, бир-эки мүнөт зоңкулдап өкүрүп турушту. Бирок өкмөт үйүнөн бир да жан чыккан жок. Кыязы, терезелерден шыкаалап тиктеп туруп, тез эле тарап кеткенден кийин бир жолу “өх” деп чоң дем алып алышты окшойт.

Чынында мындай акция буга чейин боло элек эле. Керек болсо, өкмөт үйүнө өкүрүп барат деген шумдук окуяны эч ким уга да, көрө да элек эле. Бул өкүрүктү айрымдар чыгаан дипломат, калыс аксакалыбыз Ишенбай Абдуразаковдун дүйнөдөн өткөнүнө карата өкүрүк деп түшүнбөшү керек, бул өкүрүк жөн өкүрүк эмес. Бул деген кыргыз маданиятына бийлик тараптан 20 жылдан бери такыр көңүл бурулбагандыгы, маданият тармагынын талкаланып артта калгандыгына байланыштуу, маданиятка кайдыгер карабагандардын кабырганы кайыштырган ачуу өкүрүгү. Жан дүйнөнү сыздаткан, маданиятка болгон күйүттүн өкүрүгү. Түшүнбөгөндөр – муну жаман жорукту баштап деп сын айтышы толук мүмкүн. Айткандар айтып, жагынчуларга жагына беришсин.

Мунун өзү жаңы келген өкмөткө жакшы жышаан эмес. Айрыкча, маданият кызматкерлеринин, жалпы коомчулуктун катуу сынына кабылып жаткан Маданият туризм жана маалымат министри Камила Талиева үчүн жакшы төлгө болбой калды. Каршылык мынчалык деңгээлге жетпесе болот эле, бирок, айтып оозду жыйгыча болоору болуп, кыргыз маданиятынын “өлгөнүн” жоктогон өкүрүктөр коштоп кетти. Эми ажобуз Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаевдер бул жагымсыз окуядан кийин бир чечим кабыл алып, артта калган кыргыз маданиятын кайрадан көтөрүүгө көп көңүл буурусу зарыл. Дагы бир чечим – бул элге эч эле жакпай, тескерисинче “аллергия” кылып жаткан Камила Талиеваны тезинен кызматтан алып, “жакшы бар” деп узатышы кажет. Болбосо, адамдын акылына оңой менен сыя бербеген мындай акциялар мындан ары да уланып, коомчулукта өтө чоң талкуу жана сын жаралышы толук мүмкүн.

Анткени, Раев, Жунусов, Шакиевдер тамтыгын чыгарган министрликти, эчак “өлүп”, бирок сөөгү (азырынча сөпөт боло элек дейли) муздап бараткан маданият тармагын ою да, бою да пас Талиева кантип оңдойт? Биринчи кезекте өзүнүн маданиятын, тартибин оңдоп, элге көрсөтсүн да. Андан кийинкиси такыр башка кеп. Же бул айым “өлгөн” маданиятты түп тамырынан бери жулуп ыргытып, сөөгүн сөпөт кылабы?

Бул акцияга кыргыз маданиятына күйгөн журналист катары катышып, уюштуруучуларын кыска кепке тарттык.

Садык Шернияз: ” Биздин ушундай аракеттер, мындар ары да күчөйт…”
– Биз өкмөт үйүнө бекер жерден өкүрүп келген жокпуз. Буга өтө чоң себептер бар. Эң негизгисин айтайын, бийликтин кыргыз маданиятына эгемендүүлүктү алган жылдардан бери такыр көңүл бурбай, эң акыркы маселе кылып койгону биздин күйбөгөн жерибизди күл кылып олтурат. Бүгүнкү күндө бетке кармап айта турган Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу дөө-шаа инсандарыбыз жок. Бирок алар жок болгону менен, уучубуз куру эмес. Таланттуу адамдарыбыз абдан көп, өкүнүчтүүсү бийлик, Маданият министрлиги аларды колдоого ала албай, аларды көтөрүү механизмин иштеп чыга албай койду. 20 жылдан бери маданият тууралуу мыйзам бир да жолу аткарылган жок. Мамлекеттик бюджеттен маданиятка 3 миллиард сом бөлүнүшү керек болсо, 20 жылдан бери ашып кетсе 1 миллиард сом каралып келет. Ал эмнеге жетет? Эч нерсеге жетпейт. Мына, аймактардагы клубдарды, маданият үйлөрүн карасаңыз өзүнчө эле атканага айланып, ал жерге айрымдар мал багып жатышат. Мындай темп менен маданиятты көтөрүүгө мүмкүн эмес. Ушул күнгө чейин кыргыз маданиятын эл, коомчулук жана маданий ишмерлер кыргыз маданиятын таптакыр өлтүрбөй кармап турат. Мамлекет болсо, маданият министрлиги болсо такыр иши жок. Эл жасаган иштерди айтып коюп эле олтурушат. Ошон үчүн биз кыргыздын бир кезде укмуш өнүккөн маданиятынан айрылып калдык деп коомчулуктун алдында, болгондо да өкмөт үйүнүн эшигинин алдында, ачык эле ыйлап коёлу, бийлик бир ирет ойлонуп көрсүн деген чечимге келдик.

– Садык байке, сизди айрымдар “министр боло албай калып ушундай акцияларды уюштуруп жатат” деп айтып жатышат. Бул кеп канчалык деңгээлде чындык? 
– Мен таптакыр министр болгум келбейт. Себеби, маданиятка өкмөттөн бөлүнүп жаткан аз акча менен талкаланган маданиятты көтөрүү мүмкүн эмес. Азыр ким министр болбосун, мындай болор-болбос каражат менен маданиятты оңдоп, өнүктүрө албайт. Учурда маданиятка фанат болгондор гана өз каражатын сарптап жүрүшөт.

– Бийлик бул акцияга көңүл бурбаса, мындан ары кандай аракеттерди көрөсүздөр? 
– Ансыз деле көңүл бурушпайт, эч кандай чара колдонуп, чечим кабыл алышпайт деп ойлойм. Бирок бийликтин билерман өкүлдөрү маданият кызматкерлери айтып- айтып басылат, ыйлап-ыйлап токтошот, андан башка эмне кылшмак эле деп ойлошот. Кандай ойлошпосун, биздин аракеттер мындан ары күчөй берет. Дароо эле токтото койбойбуз.

Эрнест Абдыжапаров: ” Мамлекеттин өзөгүн маданият түзөт… “
– Биз бүгүн болгону тынч акция өткөрдүк. Эч кандай тартип бузган жерибиз жок. 20 жылдан бери маданият ишмерлери бийликтен эч нерсе талап кылган жок. Кудайга шүгүр элдин курсагы ток. Бирок жан дүйнөсү ачка болуп калды. Себеби, маданиятыбыз өнүкпөсө, анда бийлик көңүл бурбаса, элдин жан дүйнөсүн тойгуза турган руханий азык кайдан табылат эле? Маданияты жок мамлекет болбойт. Белгилүү болгондой, мамлекеттин эң негизги өзөгүн, улуттук баалуулугун маданият түзөт. Бирок бийлик ошону эске албай жатпайбы. Бүгүн биз ушундай ачык акция уюштуруп, кыргыз маданияты такыр аксап калгандыгын эсине салып биз барбыз, маданиятка көңүл бургула, маданиятты биргеликте көтөрөлү, бизди эстей жүргүлө, биз да силерге чоң салым кошобуз ” -деген сөздөрдү силер аркылуу түз айтып олтурабыз.

Кыргыз маданиятын жоктоп, аза күткөн бул окуядан репортаж кылган Айбек Шамшыкеев,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.