И. Абдуразаков: Япония мага эмдигиче табышмак, бул өлкөгө суктанганым суктанган

i_abdrazakov

Маегибиз Ишенбай Абдуразаков абабыздын жаркын элесине арналат

Автордон: Бул маек мындан мындан бир нече жыл мурда жасалып, республикалык газеталардын бирине кыскартылып берилген. Бүгүнкү күндө, Ишенбай Абдуразаков абабыздын арабыздан, дүйнөдөн өтүп кеткендигине ичибиз ачышып турган чакта, анын жаркын элесине арнап бул маекти толугу менен жарыялоону милдетибиз деп чечтик.

“Япония мага эмдигиче табышмак, бул өлкөгө суктанганым суктанган…”

Белгилүү коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы, тажрыйбалуу дипломат Ишенбай Абдразаковго бир нече суроолорду узаттык. Биздин маек кыргыз коомунун азыркы абалы, улуттук аң-сезим жана улуттун көйгөйлөрү, Күн Чыгыш өлкөсү жана анын баалуулуктары туурасында жүрдү.

– Ишенбай аба, азыркы кыргыз коому башынан кечирип жаткан учурга, көрүнүшкө кандай баа берер элеңиз?
-Кыргыздар байыркы эл экендигин эч ким танбайт. Эки жарым миң чамалуу тарыхында башынан эмнени гана өткөргөн жок. Ооматы келгенде мамлекет курду, көчмөн замандын каардуу кагылыштарынын кесепетинен анысынан ажырады, жазмасын унутту, көрүнгөндүн көзүн карап калган учурлар болду. Бүгүн эми буйрук менен эгемендүү өлкө болдук. Бул тарыхый зор окуя. Бирок, элибиз ээ болгон мамлекеттүүлүктүн кадырын, баасын түшүндүкпү? Бүгүн өткөөл доордобуз. Өз алдыбызча бийлик жүргүзүү тажрыйбабыз тайыз болгондуктан ары-бери жакка урунуп, чаржайыт болуп жүрүп, кемелибизге келе албай жүрөбүз. Көп мүчүлүштүктөр болду, азыр да бар. Бул тангыс чындык. Муну баштан өткөргөнүбүз оң. Көп нерсеге көзүбүз ачылат.

Элди башынан башкарып түз жол көрсөтүп жүргөн кеменгер жетекчи болсо, өз жолун таап кетет. Манас, Манас деп сюжетин айтабыз, бирок, анын ичинде бир код жатат. Кыргызга оомат кеменгер жетекчи Манастай адам келгенде, тегерегинде даанышман кеңешчилери чогулуп, элди бириктирип, уютуп, тынч заманда оокатын кылып, жоо келсе тикесинен тик туруп, өз алдынчалыгын коргой турган күчкө жеткенде келген. Жетекчиси болбой, ар кими өз билгенин жасап кеткенде, кыргыздар чилдей тараган. Ошентип жүрүп, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап, канча убак бирөөнүн көзүн карап жүрдүк… Мамлекеттин элдин алдындагы жоопкерчилиги болбогон учурда эл элдик нукура жактарын унутуп коёт… Өткөөл учурда кыйынчылык болбой койбойт, ошондон эптеп өтүп кетсе болгону…

– Көп учурда эл башындагыларды эмес, элди бузулду деп күнөөлөйбүз. Калк таянган кишилер, элита үлгү боло албай, беделин жоготкон учурду кантебиз?
-Жана мен айткан код деген ошол да. Эл – масса. Кандай болгон учурда да элди баштап турган киши керек. Эгерде адилеттүү, таза адам болсо, эл ошого карап өзүн түзөйт, башында турган киши ирип, өзүмчүл болуп, өз кызыкчылыгына кетсе, “биз андан эмнебиз кем” деп эл да ирип баштайт. Биз тилекке каршы, мындайларды башыбыздан кечирбедикпи. Биринчи президент билимдүү жакшы киши эле, бирок, напсиси бузулуп, тегерегиндегилер менен оокатка, материалдык байлыкка кызыгып, ошол жагына өтүп кеткенде арабыз ириди. Экинчиси дурусураак болобу, десек, ал андан бешбетер болуп чыкты. Ошентип эле келе жатабыз…

-Азыркыларга, анын ичинен жаңы президентке ишенимиңиз кандай?
-Эми көрөбүз. Мен дайыма “Үмүтүм бар, ишеничим анча эмес” деп айтам (күлөт). Себеби, бул деле асмандан түшүп келген жок, булардын деле мурдатан келе жаткан көнүмүштөрү бар. Ошондон кутула алабы, тазалана алабы деген суроо айланып келип турат. Жакшылыкты да көрдүк, жамандыкты да көрдүк, тажрыйбабыз болуп калды. Азыркылардын эси болсо, ушунун баарын жыйынтыктап, “кой, болбойт экен, элибиз үчүн жакшыралы, тазаланалы” деген эрк болсо… Кытайлардын “эл деген дарыя, жетекчи анын үстүндөгү кайык агым менен барса, жакшы. Эгерде жетекчи аны билбесе, ага каршы келсе, калк кайыкты көмкөрүп таштайт” деген образдуу айткан сөзү бар. Эл деле тажап бүттү, тынчтык орноп, жашоо жакшырса, эртеңки күн бүгүнкүдөн дурус болсо деген үмүтү бар.

Жетекчилер элдин маанайы, көксөгөн тилеги кандай экенин түшүнүп, аны үстүртөн эмес, элдин ичинен, өзүнөн билип, аралашып турушу зарыл. Кечээ Алмазбек Атамбаев “элге түз кайрылам” дептир, ылайым ошондой болсун…

– Бир ирет журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Улуттук аң-сезимибизди, улуттук ар намысыбызды бийигирээк тутуп, башка элдерге үлгү боло турган нукка ыктайбыз деген үмүтүм бар”,- деп айткан элеңиз?.. Бүгүн бул маселе канчалык актуалдуу?
-Башкаларга үлгү болуу – бийик арзуу-тилек. Азырынча реалдуу максат коюп, башкалардан кем болбогондой абалга жетсек деген үмүтүм өчө элек. “Үмүтсүз – шайтан”,-дейт эмеспи. Улуттук ар намыс көөнөрбөс баалуулук, бирок, ал ар адамдын жеке сапатынан келип чыгат. Башкалар жасай билгенди биз деле жасай алабыз деген ишеним, кайрат болуш керек. Япондордун “Башка бирөөнүн колунан келген ишти сен да кыла аласың. Эгерде башкалар жасай албаса, анда сен жасагын!”,-деген накыл осуяты бар. Жаратылыш ар бирибизге өз өлчөмү менен акыл, парасат берет. Ал тарбия-таалим, билим аркылуу курчуйт. Андан кийин ошол дараметин ишке ашыруу үчүн аракет кылуу иши калат. Эгерде адамда намыс болсо, койгон максатына жетүү үчүн кайрат, дух пайда болот. Айтсаң, өзүнүн ак эмгеги менен максатына жетүүдөн бийик, андан баалуу эмне бар? Адамды адам кылган эмгек экендиги чындык, бабаларыбыз, “бекерчиден безе кач”,-деген. Ушул жана жана ушуга туташ сапаттарга жетсек, элибиз тез арада эле өргө чапкан турат.

– Демократия принциптерине таянып, бирок, элдин түптүүлүгүн, насилин сактап калган сапаттарыбызды пайдаланып өнүгүүнүн башка бир моделин жараткан мамлекет болгонго жөнүбүз бар эле…
-Ушул эки баалуулуктун синтезине жетишибиз керек. Ата-бабадан калган мурас көп. Өз доорунда калыптанып калган айрым салт кайра келбейт, бирок, көөнөрбөс касиеттер бар, ошолорду заманга ылайыктап сактап, мындан ары өнүктүрүү парз.

-Өлкөдө мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы акыркы жылдары түшүп кетти, анын престижин көтөрүш үчүн эмне зарыл?
-Бул кашкайган чындык. Анын негизги себеби – мамлекетти башкаруу системасындагы туруктуулуктун жоктугу. Учурда оңдоону, өзгөртүүнү талап кылып турган чак. “Чымчыкты да касапчы сойсун” дешет эмеспи. Кийинки жылдарда кадр саясаты өксүк жолго бурулду, мамлекеттик кызматка өз ишин мыкты билген адистер тартылбай, ар кандай өзүмчүлдүк эсеп менен келгендер арбыды. Өз көмөчүнө күл тартып, жакын-жаатын алып келүү көбөйгөндөн көбөйүп келет… Алар иштин маанисин түшүнбөйт, көзү жетпейт, данегин чага албайт. Экинчиден, милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылбайт, иштин үзүрүнө кайдыгер. Калк менен эсептешпей, өз кызыкчылыгы менен алек. Андай кызматкердин эл алдында аброю болбойт, эл сыйлабайт да…

-Жаңы Конституциянын алкагында азыр талаш болууда… Мамлекеттин коопсуздугу жана имиджине шек кетпеш үчүн тышкы саясатты деги, ким алып барыш керек? Өткөөл деп аталган мезгилде президентибиз деле, парламент төрагасы деле, премьер-министрибиз деле ушул багытта алектенгендей болду. Деги тышкы саясат кандай ыраатта болуусу абзел?
– Тышкы саясат – өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын туу тута турган багыт, көрүнгөн эле жасай турган саясат эмес. Ал – ички саясатка көп жагынан байлануу, анын уландысы. Ошондой болсо да, бул кызматта ириде профессионалдар болушу негизги шарт. Экинчиден, тышкы саясаттын башында же президент же премьер-министр өзү турушу керек. Азыркы Конституцияда бул маселе такталбай, чийки болуп, шашылыш иштелип, шашылыш кабыл алынды. Демократия деген демократия. Сөз жок, парламент да көз кырын салып турганы оң. Бирок, көрүнгөн эле депутат “билерман” болгонсуп пикирин таңуулай бергени чекилик. Же билбейт өздөрү.

– Чет өлкөлөрдөгү биздин элчилер көп учурда Кыргызстанын жүзү боло албай жатканын моюнга алуу керек…Бул кадрдык боштукпу же тууганчылык, кыргызчылыктын кесепетиби?
-Дипломатия – өзүнчө жооптуу, татаал кесип. Тышкы саясатты ишке ашыруу үчүн профессионалдык билим керек. Экинчиден, бул өзүнчө искусство. Бул милдетти аркалаш үчүн даярдык керек, тил билүү зарыл, өкүл болуш үчүн турмуштук тажрыйба да чоң роль ойнойт. Тилекке каршы, биздин бийликтин башында тургандар бул кесипчиликке тайкы мамиле кылып, ылайыгына карабай туруп эле сурангандарды же туугандарын жибере турган учур көп кездешет. Элчилердин алдына коюлган талап да мокок, негизи аларды тандоого чоң көңүл бурулушу зарыл. Минтип отурса тышкы саясат болбой калат. Элчинин иши зыңкыйып кийинип алып эле кабыл алууларга барып, келип жүрүш деп эсептешет окшойт. Чындыгында булардын жасай турган иши көп. Алар ар бир өлкөдө болуп жаткан жакшы нерселерди карап, инвестиция тартуу боюнча иштеп, өкмөткө тынбай сунуш киргизип турушу керек. Антпесе ал өкүлдүктүн эмне кереги бар?

…. Эми, ырааттуу кадр саясаты башталар деген үмүт бар.

-Ушундай көрүнүштөрдөн улам, сиздин иштеп жүргөн тармактагы жагдайларды көрүп жүрөгүңүз ооруса керек?
-Ооба, ооруганда да абдан ооруйт. Башка тармактарда, министрликтерде деле эмне болуп жатат? Мамлекеттик кызмат деген урмат эмес, жоопкерчилик да. Маселен, президенттик шайлоого катышам дегендердин өмүр баянына көз жүгүртсөң, коллективди башкарып көрбөгөндөр жүрөт…

– Эми сөз багытын бир аз башка өңүткө бурсак. Япон эли март айында болгон жаратылыш кырсыгынан кийин бүт дүйнөгө ички дүйнөсүнүн күчтүүлүгүн, сулуулугун дагы бир ирет көрсөттү. Токтоолугу, акылмандуулугу менен дагы бир ирет таңгалдырды. Бул өлкөдө көп жыл иштеп келген адам катары айтсаңыз, бизге, кыргыздарга кандай сапаттар жетишпейт же ашыкча?
-Тагдырдын буйругу экен, бул өлкөдө 16 жыл иштеп калдым. Эл деген эл, эл арасында ар кандай адамдар болот. Ошентсе да жалпылап айтканда бул элдин көп сапаттарына суктанганым суктанган. Анын себептери да көп… Бул элде бийик дух бар. “Дүйнөдө биздин ордубуз алдыңкы катарда болушу керек” деген ишеним күчтүү. “Жоктон бар кылып, азды көбөйтүп, жеңилип калсаң анын себептерин түшүнүп, кемчилигиңди түздөп жеңишке айландыр” дешет. Аракет, эмгек, илим, билим, техника деген булар үчүн культ. Эстетикалык табити бийик. Бир нерсе жасасаң, башкалар суктангандай жаса, себеби, адам – өзү жасаган иштин күзгүсү, жакшыдан сапаттуу нерсе жаралат, өксүк адамдын иши да чала. Ошондуктан болсо керек, япондордун колунан чыккан нерсе ар дайым мыкты сапатта болот. Менин чоң атам “Кудай таала адамды (пендесин, кулдарын) эмгек үчүн жараткан. Эмгектүү кулда чарчоо жок” деп айтчу экен. Баарынан кызыгы, эмгекчил япондор дүйнөдө эң узак жашаган эл. Ошондонбу, айтор, эркектердин орточо жашы – 80, аялдардыкы – 86.

Бул элдин адеп-ахлак туюму күч, сыпайы. Жалкоо адамды жек көрүшөт. Ууру-кески, талоончулук пас адамдын иши деп эсептешет. Табият кырсыктарына көнгөн эл. Ошондой учурда тартип, биримдик, жоопкерчилик эң жогору бааланат. Атаганат, биз ушулардан үлгү алсак кана…

Эмгектин үзүрү болот да. Ошон үчүн өнүгүп, өсүп жатат. Сен суктанам дегендей мааниде айтып жатпайсыңбы, а мен эмгиче табышмагын таба албай, эмдигиче суктанганым суктанган. Кайсыл жагын алба, бардык жагы мыкты.

Бизде деле илгери болгондур. Биз ошол илгеркилердин жакшы сапаттарын жоготуп, майдаланып бара жатабыз. Адеп-ахлак жагы абдан ирип баратат, мисалы, уурулук кылыш – кадыресе нерсе, ал эми коррупциячылар өзүнчө эле баатырга айланууда. Илгери дегеним, эми кийинчерээк эле бизде мугалимдер, окумуштуулар, дарыгерлер элдин абдан ардактаган адамдары эле. Азыр таптакыр башка кишилер тон берип жатат…

-Бизде Кыргызстанда, Япония сыяктуу парламенттик башкаруу формасы кабылданып, иштеп кете алабы?
– Кеп формада эмес. Идеалдуу бир Конституция түзүп алыш керек. Парламентти ошондой жолго салыш үчүн эл өзү, ой-туюму, саясий маданияты, укуктук аң сезими өзгөрмөйүнчө, алар өзүнөн-өзү иштеп кетпейт, ал үчүн убакыт керек. Азыркы парламентте, Жогорку Кеңеште 5 фракция, ошолордун баарысы биригип келип 35 пайыз добуш алды. Кимдер отурат көрүп жатасың… Улам эле шайлоо кыла бербей… Эгер өздөрү акылына келбесе, бир жылдан кийин буларды таратыш керек. Ошондо деле сапаты оңолуп кетеби жокпу, бул да шектүү…

Кийинки муундар кичине тыңыраак чыгып, булардай эмес, билим терең, жоопкерчиликтүү, элин ойлогон кишилер келсе анан акырындап оңоло баштайт.

Япониянын парламенти албетте, жакшы иштеп жатат, бул өлкөдө деле парламентке өтөөрү менен ушундай болуп калган жок да, бирок, аларда улуттук бир сапаты бар.

-Улуулук курагы, парасаты, адилеттүүлүгү менен элдин басымдуу бөлүгүнүн урматтоосуна татып, элди муюта турган даанышман адамдарга азыркы кыргыз коому муктаж… Неге алар аз, же жокко эсе? Аларды “дүжүр” кылган бийлик күнөөлүүбү, же “эл каймагы” өзү күнөөлүбү?
-Бул татаал маселе, эки жак тең күнөөлүү. Чөгүп баратканыбыз ошол. Бийликтин феномени деген болот. Мактап турган кишилерди жакшы көрөт. Айга, Күнгө теңегенде алгач ишенбей, бирок, баары өтө эле мактап жиберсе ишенип калат. Эгерде бирөөлөр каршы сүйлөп койсо жактырбоочулук пайда болот Өзүнүн билгенин жасайт. Ал эми эл кошоматчы болуп көнүп алган. Биздеги эң жаман нерсенин бири отурганда сындап, “мындай, тигиндей”,-дейт. А эгерде президент келип калса, чуркап барып кол берет, ал тургай кечээ айткандарын унутуп коёт. Бул ишенимдин, принциптин жоктугу.

-Кээде улуулардын элдин ыркын кетирген жагдайларга, саясий интригаларга аксакалдык парасаты менен аралашып жатканына ич күйөт…
-Ич күйөт. Бул турмушка терең, салабаттуу караш керек. Ич күйө турган нерселер көп. Кээде, ушулар үчүн күйүп эмне кылам деп ойлойсуң, бирок, түтпөйсүң. Эл биздики да. Мунун айтып жаткан себебим, чет өлкөдө көп жүрдүм. Сен өзүң кандай инсан болбогун, башка мамлекеттин өкүлдөрү сен аркылуу элиң жөнүндө пикир түзөт же тескерисинче, ошол элиң жөнүндө калыптанып калган пикири аркылуу сага баа берет. Каалайсынбы, каалабайсынбы, сен ошол улуттун өкүлүсүң да. Элиң жакшы болсо деп тилейсиң, ойлойсуң. Ошондон улам болсо керек, элибиздин, мекенибиздин тагдыры жан дүйнөңө оролуп алып, жүрөгүңдү да, башыңды да айланып жүрө берет экен. Бул адамга мүнөздүү табигый нерсе турбайбы…

А жанагыдай жагдайларды көрүп, ыза болосуң. Бирок, айла жок. Биз ар бирибиз бул дүйнөгө өз эркибиз менен келбейбиз да. Ата-энебиздин табийгат буюрган жаратындысыбыз. Ошолордун уландысы катары туулган жерибизге, элибизге, мындайча айтканда, киндиктеш болуп калгандай сезебиз. Турмуш деген агып бара жаткандай дарыядай. Ал бара-бара тунат. Ал илимге, билимге жараша болот. Бул үчүн муун өзгөрүш керек.

– Ишенбай аба, эмнегедир сиз туурасында кеп кеткенде “Күн Чыгыш жана күбүлбөгөн насил” деген сөз тил учуна келе берет. Бул сиздин коомдон алган ордуңуздан улам, менде эле эмес, башкаларда да пайда болгон баалоодур. Неге сизди мамлекеттик кызматтан көрбөйбүз? Маселен, тышкы саясатта, мамлекеттик иште тажрыйбалуу жана салмактуу адамдар керек болуп турган учур эмеспи?
– Муундардын шайкеши деген болушу лаазым, улуулардын тажрыйбасын алып, жаштардын энергиясын бириктириш зарыл. А бизде андай болбой жатпайбы… Жаштарга эстафетаны берип, бирок, аларды жакшылап ийлеп, ишке аралаштырып, иштин ыгын көрсөтүп, көндүрүп, жеткенде “рычагды бердик,алып кет”,- деш керек.

Ар нерсенин өлчөмү, шарты, мезгили болот эмеспи. Өз убагында колдон келгенче жан аябай иштеп жүргөн убакыт да болгон. Оокат деп анын артынан түшпөдүк, инсандык парзыбызды эмгектен көрүп, өзүнчө бир романтикалык кыялдын кемесинде жүргөнсүп, көкөлөп жүрдүк. Бүгүн кийинки муундардын кезеги келди. Илгери үмүт менен ошолордун кызматын көрөлү. Тарыган пейилден сактасын!

2011-жыл, январь
Нургүл Максутова, «Кабар ордо», 25.04.14.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.