Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү эже: “Дооронбек элине таарынып кетти”

Саясий-экономикалык кризис менен бирге адамзатка жан-дүйнө кризиси кошо келгенсийт. Азыркыдай кыйын кырдаалда адамзаты караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан адамдардын калыс пикирине суусап тургансыйт. Арабызда таягы менен чыркырап чындыкты мээлеген, оригиналдуу ой жүгүрткөн, калыс пикирин тайманбай айткан ошондой бир адамыбыз бар эле. Эл Докени эч качан унутпайт экен, унутпаганы ушул, телефон чалышып “Өлүмгө кыйчу жан эмес эле, ал жөнүндө, фильмдери, турмушу жөнүндө жазсаңар боло” дешип суранышат. Дооронбек аганын жубайы Сонунбүбү эже менен август айында баарлашкан элек. Кыскартып, кайрадан сунуштап отурабыз. Мына анын тагдыры…


Д.Садырбаев кандайча ууланган же ууландыргандар кимдер?
Эже, Дооронбек агай өзүнүн кетээрин сезген дешет. Сиз дайыма жанында болгон жакын адамы катары бул жөнүндө эмнелерди айтат элеңиз?
Эки жыл мурда 2006-жылы 4-октярбда тамакка ууланган (отравление). Ошол күнү жумуштан абдан чарчаңкы абалда келди. Аңгыча жездем өтүп кеткендиги тууралуу кабар келип, мен шашылыш кетип жатып “Эртең жакшы болуп каласың, топурак салганга бар” десем, макул болуп калган. Эртеси өлгөндө балам Зарылбек өзү эле жүрөт. Жөн келбей койбойт эле деп, дароо үйгө жөнөдүк. Келсек Доорош дем ала албай калыптыр. Ооруканага алып барсак, өпкөсүнө суук тийиптир дешти. Каны да 3 миллион эритроцитке түшүп кетиптир деп кан куюшту. Убагында эч ким билген жок, бирок, Эрнст Акрамов “ууланыптыр” деп айткандан кийин ашказанын текшертсек, 3-4 тешик пайда болуп калыптыр. Жакшылап сурасам “Таластан балдар келип, алар менен ашканага кирип тамак ичкем” деди. Болбосо көчөнүн тамагын эч качан иччү эмес.

Ошентип, ооруканада бир ай дарыланды. Чыкканда эле 20 жылга карып чыкты. Эч нерсеге алы жок. Ар кайсы жерине сыздоок чыга берди. Бул организмдин алсыздыгынан кабар берет да. Өзү да сезгендей “Байбиче, өлбөстү Кудай жаратпайт, сынбасты уста жаратпайт, мен жакында кетет окшойм, сен неберебиз Шерболот үйлөнгөнчө туруп тур, экөөбүз Кудай менен контракт түзүп алалы” деп калчу. “Ар кайсыны айтпай, андан көрө кайра ооруканага жат” десем, Шерболоттун балдар бакчасындагы кечесине катышып анан жатам деп болбой койбодубу. Тамашалап “Кемпир, мен өлгөндө менин жетилигимди өткөрүп эле жаныма келип кал” дегенинде, “Кой кыркылыгыңды өткөрүп барайын” десем, “А мейлиң” деп, “А ашыңды менчелик ким өткөрөт” десем, “Сен жөн койсо улам эле нары жылдырып жатасың да” деп каткырып калат эле. Өлүм экөөбүздү бөлүп, минтип асманым кулап жалгыз калаарымды кайдан билдим(ыйлап). Мен аны катуу сүйчү элем да. Көрсө, олуям баарын билип, сезип турчу турбайбы.

“Мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын”
Балким саясатка аралашпай, чыгармачылык жол менен жүрө бергенде мындай болбойт беле..?
Азыр мен акыл калчап ойлонуп көрсөм ал чарчаптыр. Чарчады да, андан ары жашай албай калды. Анан элине катуу таарынды. Өзгөчө Ысык-Көлдөгү жөө жүрүштөн абдан таарынып келди. “Аңкылдаган аялдар астыбыздан чыгып “Сатсак өзүбүздүн жерди сатып жатабыз, силер өз жериңерге баргыла” деп кубалашты. Шерниязовго Таласка, Текебаевге Базар-Коргонго, Бекназаровго Аксыга баргыла, булар мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын дедим. Ушундай да 100 грамм аракка жерин саткан эл болобу? Ушунун баарына короткон кайран менин энергиям. Сенин тилиңди алып эле Турцияда калып калсам, канча деген чыгарма жаратмак экенмин” деп катуу кейиди.

1989-жылы Турцияда иштеди. 1990-жылы Кыргызстанга учурашканы келди. Ата-энесине куран окуталы деп туулган айылына баратсак, жолдогу кырка кыйылган карагайларды көрүп “Бияк эмне болуп калган?” деп менден сурап жатпайбы. Балам экөөбүз бул жерде калган элек. “Азыр колхоз-совхоз тарап, чоңдор алынын жетишинче баарын талап-тоноп жатышат. Баягы клуб деген жок” деп айтып кирсем эле “Кой, менин тыякта жүргөнүм арзыбайт. Мен келишим керек” деди. Мен “Жаңы эле кетип, келем дегениң кандай. Кыйналабыз” десем, “Жылдардын бир жылдарында бир азамат чыгып, убагында кыргыздын уулдары Садырбаев менен Океев Турцияда, Айтматов Бельгияда жанын багып, кыргызга эч нерсе кылышкан эмес” десе эмне болот? Элим кандай күн көрсө, мен да ошо күндү көрөм, элиме колумдан келишинче, алымдын жетишинче жардам берем” деп көгөрүп келип алган.

Кийинки учурларда КТРдин журналисттерине да таарынып, интервью бербей жүрдү. Бир күнү Тамара Жаманбаева өзү чалып “Телевидениенин 50 жылдыгына карата интервью алалы” десе, ага да “Бербейм, мен силерден чарчадым” деп болбой койду. Ушунчалык катуу таарыныптыр, болбосо Тамара экөө карьерасын бир мезгилде чогуу баштаган, жакшы санаалаш, замандаш эле да. Каза болгондо Тамара келип “Күйөөңдүн кежирдиги ай, ошондо макул болгондо эстелик болуп калбайт беле” деп ыйлады.

“Мен Ала-Арчага коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт”
Сизге абдан кыйын болоорун билип турсам да, Дооронбек агайдын өмүр менен кош айтышкан акыркы күнүн сурагым келип турат…
Бир тууган эжемдин көзү өтүп кетти. “Мен эшикте көпкө туралбайм, сен өзүң эле барып келчи” десе тултуйган боюнча кеткем. Үйгө келсем отуруптур. Чарчап келип, бир аз кыйшая турайын деп уктап кетиптирмин. “Кемпир, мен өлөт окшойм” дегенин угуп, жүрөгүм “шуу” дей түштү. Турсам, столдун үстү кыпкызыл. Биринчи боек төгүп алган го дедим. Колу кыбырап жөн турчу эмес, отуруп алып үтүктү, узарткычтарды оңдоп, дагы майда-чүйдө бир нерселерди жасай берчү. “Мен азыр минтип оңдоп койбосом, Зарылбек сени 10 жолу айттырып анан жасайт” десе, “Антип айтпа, эмнеге Зарылбек жасайт экен, өзүң эле жасайсың” деп урушчу элем. Столду жакын келип карасам кан. Таштекти тоссом, 2-3 литрдей кан кусуп жиберди. “Мен ушундай болуп турсам, сен эжеме барбайт деп таарындың ээ” деди. “Койчу, ага таарынган жокмун, экөөбүз анын жашына жетеличи” деп эле айламды таппай калдым. Өзүнүн, менин кийимим бүт кан болду. Кошуналар келишип, жөлөп-таяп, тез жардамды чакырсак, күткүлө дешти. Аңгыча балам Зарылбек келип, анын машинасына салдык дагы Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Өзү Акрамовго алып баргыла деди. Жолду катар “Байбиче, мен сага абдан ыраазымын. 47 жыл бирге жашадык. Мас болуп сени урган жокмун. Башка аялдар менен жүрүп, сенин ичиңди күйгүзгөн жокмун. Бирок, аябай бай кылган жокмун. Сен мага ыраазысыңбы?” деп сурады, “Менин байлыгым сенсиң, оорусаң эле ушинте бергениң жаман” десем, “Ыраазымын деп айтчы, өз кулагым менен угайын” деди. “Ыраазымын, мен эркелеп жашадым” деген сөзүмдү угуп, баласына сүйлөгөнгө өттү. “Балам, апаңды капа кылба. Менин эч кимге карызым жок. Мен өлгөндөн кийин атамдын кимге карызы бар эле деп элден коркпой эле сура” деген насааттарын айтып жатты. Анан “Байбиче, экөөбүзгө Байтиктен эле жер ал. Эгер мен “Ала-Арчага” коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт. Беребиз дешсе да ишенбе, алар бүгүн айтканын эртең танып кетишет. Экөөбүз өлсөк да бир жерге жаталы. Анан театрларга алып барба” деп керээзин айтты. Ооруканада Акрамов бар экенин укканда “Анда ичээр суум бар экен” деп кайра үмүттөнүп калды. Кан куюш керек болуп, донорлорду чогултуп келдик. Канын саткандар жалаң жаштар экен. Өзү араң жатат да “Байкуштар канын сатып оокат кылып жатышкан тура, турмуштун жамандыгынан ушинтип жатышат да” деп кейип коет.

Уктабай жүрүп чарчанымды байкап, “Кемпир, эки күн чыда-аа” деп коет. 28-майда Акрамов “Операция кылабыз, анализдеринин жыйынтыгын алап кел” деп жиберди. Кайра келгенимде палатада эч ким жок. Издеп жүрсөм, Акрамов астыман чыкты. Тимеле ийиндери түшкөн, башкача болуп турду. Көрсө, мага угуза албай жатыптыр. Өзү да аябай ыйлаптыр. Ошентип, каран күн түштү да калды. Аркасында айла жок эле калдым.

“Мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр”
Айткан керээзин аткардыңыздарбы?
“Театрларга алып барбагыла” деп айткан десем, Бекназаров “Жеңе, элди да ойлосоңуз. Коштошкону бара турган эл көп. Үйгө эл, көчөгө машина батпай калды. Тил алыңыз” дегенинен макул болдум. Ала-Арчага эле көмөбүз дешкенинен, экөөбүз бир жерге жатышыбыз керек десем, “эки орун беребиз” дешти. “Ишенбе” деп айткан деп какшап жатып, акыры Бекназаровдун кепилдигин алып ага да макул болдум. Көмгөндөн эки жумада өткөндөн кийин мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр. Балам “Бул жердин чечими жок экен деп алып салышты” дейт. Анан эле Бекназаров, Текебаев, Отунбаеваларга чалып, ала албай койдум. “Ишенбе” деп айтканын укпай койгонумду карачы, эми эмне кылам деп отурсам, премьер-министр Чудиновдун маданият жана туризм боюнча жардамчысы жардам деп акча алып келиптир. Өзү да орус чалыш келин экен, ага айттым “Доорошту эли жакшы көрчү эле. Баланча чокуга алып барып көмгүлө десе деле жөө көтөрүп барышмак. “Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом” деп туугандарын да көндүргөн. “Вам наверно смешно, где им лежат старикам” деп ойлоп жатасыңар го. Биз да силердей жаш болгонбуз. Мага алып келген акчаңарды кайра алып, ошого эки жерге чечим чыгарып бергиле. Жообун эки күн күтөм. Болбосо прессаны чакыртып, интервью берем” дедим. Эки күндөн кийин балам барса жердин документин беришиптир.

Элмира МАДИЕВА, «Асман» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.